Аалы Молдоканович Молдоканов 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Аалы Молдоканович Молдоканов



Буйруктун айрым пункттарындагы аткрылуучу иш чаралардын мөөнөтү так көрсөтүлүшү керек. Мөөнөтү «…жазга чейин…», «…күздүк себилгенге чейин…» деп белгилөө бул иш кагазынын тилине да, аткарылуу өзгөчөлүгүнө да туура келбейт.

Айрым учурда конкреттүү буйруктун негизинде мурунку кайсы буйруктар жана башка иш кагаздар же алардын айрым пункттары өздөрүнүн расмий күчүн жоготкондугу да көрсөтүлөт.

Тексттин маанилери окшош буйруктардын акыркысы расмий күчкө ээ болот.

Буйрук эки нускада –биринчи нуска мекеменин бланкына, экинчи нуска А4 жазуу кагазына даярдалат. Жарыялоо үчүн экинчи нуска пайдаланылат жана аны кеӊсенин тиешелүү кызматкери «Анык» деп визалап, мөөр басып, кол коёт.

Ар кандай буйрук жетекчи кол койгондон кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Буйруктар атайын китепке катталат жана көктөмөдө сакталат.

 

Жалпы ишмердик боюнча буйруктардын үлгүлөрү

Салтанаттарды жана майрамдарды өткөрүү буйруктары:

Кыргыз Республикасы Чүй облусу Чүй райондук мамлекеттик администрациясы БУЙРУК 2012-жылдын 18-февралы №5 Токмок шаары   «Нооруз-2012» майрамын майрамдоо учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жнүндө   21-мартта массалык майрамдоо жана соода өткөрүү учурунда шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча БУЙРУК КЫЛАМЫН: 1. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (Абакиров Б.) 21-мартта тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын. 2. МАИ башчысы (Жоошбеков С.) 21-март күнү автоунаалардын кыймылын саат 8 ден саат 16 га чейин Ленин көчөсүү боюнча Пионер жана М.Горький көчөлөрүнүн аралыгында токтотсун. 3. Буйрукту аткаруу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.К. Каиповго мидеттендирилсин.   Мамлекеттик администрация башчысы (колу) А.Кенжетаев  

 

Эскертүү: Мекеменин бланкынын маалыматтары мындай кийинки үлгүлөрдө да көрсөтүлбөйт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ     БУЙРУК№19 2012-жылдын 18-февралы Бишкек шаары   Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Т.Касымбековдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө   Үстүбүздөгү жылдын 15-январь айында республикабыздагы белгилүү инсан, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры Т. Касымбеков көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу залкар жазуучунун мааракесине арналган адабий конференцияны белгилөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Адабий конференция 19-апрелде саат 14.00дө министрликтин коллегия залында өткөрүлсүн. 2. Иш чараны алып баруу милдети А. Иманжановага жүктөлсүн. 3. Иш чараны уюштуруу милдети Төлөбек уулу Талантка жүктөлсүн.   Министр (колу) И. Жунусов

1. Өздүк курам боюнча буйрук

Өздүк курам боюнча буйрук ишке кабыл алууда же иштен бошотууда, мекеменин бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө которууда, кызматкерди сыйлаганда, өргүүгө чыкканда ж.б. учурларда даярдалат. Мындай буйруктар уюмдун бөлүм жетекчилеринин сунуштары жана жарандардын өздүк арыздарынын негизинде аткарылат.

Көпчүлүк мекемелерде кадрлардын өздүк курамы боюнча буйруктар атайын басма кагаздарында трафарет түрүндө даярдалат. Өздүк курамы боюнча буйруктар А4 жазуу кагазына да, айрым учурда мекеменин бланкына да жазылып жарыяланат.

Буйруктун бул түрлөрүн даярдоодо анын темасынын үстүнө «Кардарлардын өздүк курамы боюнча» деп белгиленет. Ал эми буйруктун текстинин темалары «Жумушка кабыл алуу жөнүндө», «Башка кызматка которуу жөнүндө», «Эмгек өргүүсүн берүү жөнүндө», «Жумуштан бошотуу жөнүндө», «Эскертүү берүү жөнүндө» деген сыяктуу аталышта болушу мүмкүн.

Кадрлардын өздүк курамы боюнча буйруктун киришүү бөлүмү (жалпы ишмердик боюнча буйруктун 7-А маалымдареги) болбойт. Буйрук берүүчү бөлүгү экиден көп темадан турса, алар параграфтар менен бөлүнүп жазылат. Мисалы, мекемеге бир учурда эки адам жумушка алынса, буйрук эки параграф менен даярдалат. Биринчисинде М. Туркебаевдин кайсы датадан, кандай кызматка, канча өлчөмдөгү маяна менен алынгандыгы, буйрукка кандай документ негиз болгону көрсөтүлсө, экинчи параграфта жогоркудай эле маалыматтар менен А. Эшимбековдун кызматка алынганы көрсөтүлөт.

Буйруктун темасы ар бир параграфтын мааниси менен дал келиши керек. Мисалы, биринчи параграф кызматка алуу, экинчи параграф сыйлоо жөнүндө болсо, буйрукка тема коюлбайт. Же ар бир иш чара өз алдынча буйрук катары даярдалат.

Өздүк курам боюнча бир гана тексттен турса, бирок буйрук берүүчү бөлүгү бир канча бөлүктөн болсо, анда буйрук берүүчү бөлүк жалпы ишмердик боюнча буйруктун формасында жазылат.

Буйрук бөлүк «…КАБЫЛ АЛЫСЫН», «…БОШОТУЛСУН», «…ДАЙЫНДАЛСЫН», «…СЫЙЛАНСЫН» деген сыяктуу этиш сөздөрдү баш тамга менен жазуу аркылуу белгиленет.

Буйруктун текстиндеги фамилиялар баш тамга менен, толук жазылган аты жана атасынын аты жалпы негизде жазылат: М. Т. Казыбеков же Марат Токтогулович Казыбеков.

Өздүк курам боюнча буйруктун негиздери- жарандын арызы, медициналык ж.б. маалым каттар, текшерүүнүн жыйынтыгы, текшерүү актылары, эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча оорулуулук баракчасы ж.б. иш кагаздар.

Өздүк курам боюнча буйрук эки нускада даярдалат. Анын экинчи нускасы кеӊсе кызматкеринин визасы жана кол тамгасы коюлгандан кийин жарыяланат.

Буйруктун бул түрү да жетекчи кол койгондон кийин, расмий күчүнө кирет.

Өздүк курам боюнча буйрук мекеменин атайын көрсөтмөсүндө сакталат жана каттоо китебине катталат.

Жумушка кабыл алуу буйругу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору №______ 2011- “_____” _____ Буйрук Жийдебаева Анара Жумакожоевна жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайык буйрук кылам: 1. 2011-жылдын 11-июлунан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы эсепчилик кызматына дайындалсын. 2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. Төрага Р. Момбеков  

Башка ишке которуу буйругу

Буйруктун бул түрү кызматкер (же жумушчу) мекеменин бир түзүмүнөн экинчи түзүмүнө которулганда же кызмат орду ошол мекемеде жогорулаганда даярдалат.

Башка ишке которуунун демилгечиси мекеме жетекчилиги, эмгекчилер жамааты, жогорку органдын көрсөтмөсү болушу мүмкүн. Бирок буйруктун негизи болуп башка ишке которулган кызматкердин арызы кала берет.

Башка ишке которуу буйругунун үлгүсү:

«БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ БУЙРУК №53 21.02 11. Бишкек шаары Кадрлардын өздүк курамы боюнча Башка жумушка которуу жөнүндө   Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан 15500 (он беш миӊ беш жүз) сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН. Негиз:Р. Т. Насырованын арызы.   Башкы директор (колу) З. И. Осмоналиев

 

2.3.Эмгек өргүүсүн берүү буйругу

Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери же жумушчусу кезектиги эмгек өргүүсүнө чыкканда даярдалат.

Календарлык же окуу жылынын башында түзүлгөн мекеменин же анын түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өргүү графиги бул буйрукка негиз болот. Айрым учурда эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн арыз да жазылат.

Эмгек эс алуусу бүткөндөн кийин, кызматкер өргүүсүнүн бүткөндүгү жана кайсы күндөн өз кызматына киришкендиги жөнүндө билдирме жазышы талап кылынат.

Эмгек өргүүсүн берүү буйругу:

“Эл аралык “Манас”ачык акционердик коому БУЙРУК 01.12. 2011-ж. №467 Бишкек шаары   Кадрлардын өздүк курамы боюнча Эмгек өргүүсүн берүү жөнүндө Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Шаменова Айнура Шаменовнага 2011-жылдын 1-июнунан 36 иш күнгө эмгек өргүүсү БЕРИЛСИН. Негиз: 1. Эмгек өргүүсүнүн иш тартиби 2. А. Шаменованын арызы.   Башкы директор (колу) М. Туркебаев

 

Кызматтан бошотуу арызы

Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери (жумушчусу) кызматтан бошогондо жазылат.

Кызматтан бошотуу буйругунун негизи – иштен бошонуучу жарандын арызы. Арызда анын ээси бошонуу себеби буйрукта белгиленет.

 

Кызматтан бошотуу буйругу:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты №______ 2011- “_____” _____ Буйрук №87 Назира Таджибаева жөнүндө: Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайык буйрук кылам: 1. 2011-жылдын 11-июлунан Укуктук бөлүмүнүн башкы адиси өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулсун. Негизи:Таджибаева Назира Кубанычовнанын арызы. 2. Акыркы эсептешүүсү берилсин. 3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Э.Каптагаев  

 



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 627; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 18.216.121.55 (0.009 с.)