Уюштуруу-тескеме иш кагаздары 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Уюштуруу-тескеме иш кагаздары



Уюштуруу-тескеме иш кагаздарында көбүрөөк колдонулган иш кагаздары:

 

1.Жобо (положение) – мекеменин, түзүмдүк бөлүмдүн ишине тиешелүү укуктарды, милдеттерди жана алардын ишинин уюштурулушун белгилеген укуктук акт.

 

2. Устав (устав) – ишкана, уюм, мекеменин түзүмүн, иш милдетин, укугун белгилеген укуктук акт.

 

3. Токтом (постановление) – жогорку жана кээ бир коллегиялуу жол менен башкарылуучу борбордук органдар тарабынан өздөрүнүн алдында турган маанилүү жана негиздүү маселелерди чечүү, туруктуу нормалар менен жүрүм-турум эрежелерин бекитүү үчүн кабыл алынуучу укуктук акт.

 

4. Чечим (решение) – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан коллегиялуу тартипте өздөрүнүн иш билгилигиндеги маанилүү маселелерди чечүү үчүн кабыл алынуучу укуктук акт.

Бир тектүү эмес бир нече органдар (коллегиялуу жана бир киши башчылык кылуунун негизинде иш алып барган; мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар д.у.с.) тарабынан биргелешип чыгарылган актылар да чечим деп аталат.

 

5. Тескеме (распоряжение) – негизинен мамлекеттик башкаруунун коллегиялуу органын башкарган жетекчинин атынан күтпөгөн (ыкчам) маселелерди чечүү үчүн чыгарылган укуктук акт. Эреже катары ал чектелүү мезгилине чейин иштейт жана айрым уюмдарга, жарандарга, кызмат адамдарына тиешелүү болот.

 

6. Буйрук (приказ) – мамлекеттик башкаруунун органын башкарган жетекчи тарабынан ошол органдын алдында турган (түзүмдүк бөлүмдүн) негизги жана күтпөгөн маселелерди чечүү үчүн чыгарылган укуктук акт. Айрым учурларда, баш ийгенине карабастан, уюмдар менен кызмат адамдарындын кеңири чөйрөсүнө тишелүү болот.

 

7. Нускама (инструкция) – мамлекеттик башкаруу органы тарабынан мекеме, уюм, ишканалардын (алардын бөлүмдөрү менен кызматтары) өндүрүшүнө, кызмат адамдарынын жана жарандардын жүргүзгөн иштерине тиешелүү уюштурулуп, илимий-техникалык, технологиялык, каржылык дагы башка жактарын жөнгө сала турган эрежелерди киргизүү максатында чыгарылган укуктук акт (практикада кеңири колдонулган “Эреже”, “Сунуштама”, “Методикалык сунуштама”, “Методикалык көрсөтмө” сыяктуу бирдей юридикалык мааниси бар иш кагаздары да нускамалык мааниге ээ. Укуктук актылар тутумун бир түрдүү жана бирдей табиятка ээ ар түрдүү актыларды кыскартуу максатында, жогоруда саналган актылардын баарын “нускамага” бириктирүү максатка ылайык).

 

8. Көрсөтмө (указание) - мамлекеттик башкаруу органы тарбынан көбүнчө маалыматчыл-методикалык мүнөздөгү, ошондой эле ошол органдын жана жогору турган башкаруу органдарынын буйруктарын, нускамаларын жана башка актыларын аткаруу ишине байланыштуу маселелер боюнча чыгарылган укуктук акт.

 

9. Протокол (протокол) – коллегиялуу органдардын кеңешме, жыйналыш, конференция, отурумдарында маселелерди талкулоонун жүрүшүн, ал маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерди кагаз бетине түшүргөн документ.

 

10. Отурум, жыйналыш, конференция тууралуу кабар (извещение) – алдыда боло турган иш-чараларды маалымдап, аларга катышууну сунуштайт.

 

11. Акт (акт) – бир нече адамдар тарабынан түзүлгөн жана белгиленген далилдер менен окуяларды ырастаган документ.

 

12. Корутунду (заключение) – мекеменин, комиссиянын, адистин кайсы бир маселе же иш кагазы боюнча пикирин, чыгарган жыйынтыктарын камтыган документ.

 

13. Баяндама кат (докладная записка) – тиешелүү же жогору турган мекеме жетекчисине даректелген, түзүүчүнүн сунуштары менен корутундуларын камтыган кайсы бир маселенин кырдаалын кенен баяндаган документ.

 

14. Сереп (обзор) – тигил же бул тармактагы иштер жөнүндө же кайсы бир мезгил ичиндеги бир нече мекеменин иши тууралуу ведомстволук мекемелерге жана башка уюмдарга маалымат берүү максатын көздөп түзүлгөн документ.

 

15. Маалым кат (справка) – тигил же бул далил менен окуяларды ырастаган жана алардын сыпатталышын камтыган документ.

 

16. Жалпылама маалымат (сводка) – бир маселе боюнча жалпыланган маалыматтардан турган документ (сунуш, эскертүү, талап жана башкалардын жалпылама маалыматы).

 

17. Кат (письмо) – тексти өзгөчө ыкма менен берилүүчү (почта аркылуу) ар кыл мазмундагы документтердин жалпы аталышы.

 

18. Телеграмма (телеграмма) - тексти өзгөчө ыкма менен берилүүчү (телеграф аркылуу) ар кыл мазмундагы документтердин жалпы аталышы.

 

19. Телефонограмма (телефонограмма) - тексти өзгөчө ыкма менен берилүүчү (телефон аркылуу айтылып, багытталган тарап жазып ала турган) ар кыл мазмундагы документтердин жалпы аталышы.

 

20. Өздүк карточка (личная карточка) – кадрлар курамын талдоо жана кыймылын эсепке алуу үчүн кызмат кылган документ.

 

21. Көбөйтүүгө буйрутма (заказ на размножение) – документтердин көчүрмөсүн жасоо же көбөйтүп берүү жөнүндөгү өтүнүч.

 

22. Келишим (договор) – кандайдыр бир мамилелерди бекитүү жана ошол мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү тараптардын макулдашуусун ырастаган документ.

 

23. Стенограмма (стенограмма) – коллегиялуу органдардын чогулуш, кеңешме, отурумдарында жасалган баяндамаларды, чыгып сүйлөгөн сөздөрдү стенография ыкмасы менен ишке ашырылган сөзмө сөз жазмасы.

 

24. Баяндама (доклад) – белгилүү бир маселелер, корутундулар, сунуштар камтылган жана оозеки окууга дайындалган документ.

 

25. Сунуш (предложение) – белгилүү бир маселе боюнча айкын сунуштардын тизмегин камтыган баяндама каттардын ар түрдүүлүгү.

 

26. Түшүндүрмө кат (объяснительная записка) – негизги документтин (пландын, отчеттун, долбоордун) айрым жоболорунун мазмунун түшүндүргөн документ.

 

27. Сын-пикир (отзыв) – кароого жиберилген кайсы бир иш боюнча мекеменин же адистин оюн камтыган документ.

 

28. План (план) – аткарылууга дайындалган иштердин же иш-чаралардын так тизмегин, алардын ыраатын, көлөмүн (тигил же бул калыпта), жетекчилер менен айкын аткаруучулардын убактылуу координаттарын бекитүүчү документ.

 

29. Отчет (отчет) – жогоруда турган мекемеге же кызмат адамына берилүүчү пландын, тапшырманын жана иш-чарага даярдык көрүү менен иш-чаралардын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документ.

 

30. Тизме (список) – маалымат берүү же каттоо максатында түзүлгөн, адамдардын же буюдардын тизмегин белгилүү тартипте камтыган документ.

 

31. Тизмек (перечень) – белгилүү ченемдерди же талаптарды таратуу максатында түзүлгөн документтердин же башка буюмдардын, объектилердин же иштердин бир калыпка салынган санагы.

 

Айнуранын материалдары кетет.

 

 

Кыргыз алфавити

 

Тамгалардын жазылышы Тамгалардын айтылышы Тамгалардын жазылышы Тамгалардын айтылышы
Аа Бб Вв Гг Дд Ее Ёё Жж Зз Ии Йй Кк Лл Мм Нн Ңң Оо Өө а бэ вэ гэ дэ е (йе,э) йо жэ зэ и ий ка эл эм эн ың о ө Пп Рр Сс Тт Уу Үү Фф Хх Цц Чч Шш Щщ Ъъ   Ыы Ьь   Ээ Юю Яя пэ эр эс тэ у ү эф ха цэ чэ ша ща ажыратуу белгиси ы ичкертүү белгиси э йу йа

 

Иш кагаздары боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү

Абонемент – абонемент

Абонент - абонент

Аванс – аванс

Авансовый отчет – аванстык эсеп-кысап

Авансовый платеж – аванстык төлөм

Автобиография – өмүр баян

Автор – автор

Авторский договор – автордук келишим

Авторское право – автордук укук

Авторское свидетельство – автордук күбөлүк

Автограф – кол тамга

Агент страховой- камсыздандыруучу агент

Агентство –агенттик

Аграрная структура – агрардык түзүм

Аграрная отношения – агрардык мамилелер

Агросервисная служба – агротейлөө кызматы

Административное регулирование- административдик жөнгө салуу

Административные методы – административдик ыкмалар

Адрес – дарек

Адресат – алуучу

Адресант - жиберүүчү

Аккредитивание – аккредиттөө

Акт - акт

Акт приема-сдачи дел – ишти кабылдоо-өткөрүү акты

Акт ревизия – текшерүү акты

Активный – аракеттүү, жигердүү, активдүү

Актуальный – орчундуу

Акция – акция

Анкета - анкета

Аппарат – аппарат

Архив – архив

Архивная опись – архивдик тизме

Архивная справка – архивдик маалым кат

Аттестат - аттестат

Аттестация - аттестация

Афиша – жарыя такта

 

Б

База – негиз, база

База данных – маалымат базасы

Баланс – теңдем, баланс

Банк – банк

Безопасность – коопсуздук

Благо – убай, байкерлик, жыргал

Бланк – бланк

Бумажные деньги – кагаз акча

Бухгалтер – бухгалтер

Бюджет – бюджет

Бюллетень - бюллетень

 

В

Вакансия – бош орун

Вакантная должность – бош кызмат орун

Валюта - валюта

Вариант – түр, вариант

Введение – киришүү

Ведомость - тизме, ведомость

Ведомоство – мекеме, ведомство

Верно – туура, анык

Взыскание – жаза, чара

Вклад – 1.салым, 2.аманат

Власть – бийлик

Входящий (письма) – кирген (каттар)

Вывеска-көрнөк

Выговор - сөгүш

Выписка – көчүрмө

Выплата – төлөп берүү

Выслуга лет – иштеген жылдары

Высокооплачиваемый труд – акысы жогору эмгек

Выходное пособие – жүйөлүү жөлөк пул

Вычет – эсептен чыгаруу

Вычеркнутый – чийилген

Вышестояший орган – жогорку орган

 

Г

Гарантийное письмо – кепил кат

Гарантия – кепилдик

Гелевая ручка – гел калемсап

Генеральное соглашение – башкы макулдашуу

Герб – герб

Глава – 1.бап, 2.башчы

Главное управление – башкы башкармалык

ГОСТ(Государственный стандарт) – МАМСТ(Мамлекеттик стандарт)

Государственная служба – мамлекеттик кызмат

Государственный статус – Мамлекеттик мартаба, макам

Государство – мамлекет

Граждан – жаран

Гражданское право – жарандык укук

Гражданство - жарандык

Графа – тик тилке

График –иш ыраат, график

Гриф – гриф, белги

Группа – тайпа, топ

Группировка – жаат

 

Д

Дата – күнү, дата (күнү, айы, жылы)

Дата выработки – иштеп чыгуу күнү

Дебаты- жаатташуу, айтышуу

Двойная линия – кош сызык

Дежурный – кезметчи

Дежурство – кезметчилик

Декларация - жарыялоо, айкындама

Дело – 1.иш, 2.көктөмө

Делопроизводство – иш кагаздарын жүргүзүү

Денежные единица – акча бирдиги

Директива – буйрукчул көрсөтмө

Директивный документ – буйрук документ

Директивный орган – буйрукчу орган

Дискуссия- талкуу

Дисциплина - 1.сабак, 2.тартип

Доверенность – ишеним кат

Доверенность нотариальная – нотариалдык ишеним кат

Договор – келишим

Должности служащих – кызматчылардын кызмат орундары

Должностная инструкция – кызмат нускамасы

Должностное лицо – кызмат адамы

Должностной оклад – кызмат акы

Должность – кызмат

Доклад – баяндама

Докладная записка – баяндама кат

Документ - 1. документ, 2. иш кагаз

Документ личный - өздүк документ

Документооборот – иш кагаздарын жүгүртүү

Дубликат – жуп нуска, экинчи нуска

Доход – киреше

 

Е

Единица – бирдик

Единые государственные цены – мамлекеттик жалпы баа

 

Ж

Жалоба – даттануу

Жалованье – маяна, айлык

Жильё – турак жай

Журнал – журнал

 

З

Заверенная копия – күбөлөндүрүлгөн көчүрмө

Заверительная подпись – күбөлөндүрмө кол

Заголовок – 1. аталма, 2.башы

Заголовок дела – иштин башы

Заголовок текста – тексттин аталмасы

Задание - тапшырма

Задача – милдет, маселе

Задаток – шерт пул

Заказ – буйрутма

Заказчик – буйрутмачы

Заключение - бүтүм

Закон –мыйзам

Законодательство – мыйзам чыгаруу

Закономерность – мыйзам ченемдүүлүк

Заменить – алмаштыруу

Заместитель – орун басар

Замечание – эскертүү

Запас – кор, көрөңгө

Записка – 1.жазма, 2.кат

Записная книжка – жан дептер

Запрос – суроо салуу, суроо

Заработная плата – эмгек акы

Зарегистрирован - катталган

Зарегистрировать – каттоо

Заседание – отурум

Заслуженный отдых – ардактуу эс алуу

Застрахованный –камсыздандырылган

Затрата труда – эмгектин сарпталышы

Зачёт – зачёт, эсепке алуу, эсептен өтүү

Защита – коргоо, жактоо

Заявка – табыштама, өтүнмө

Заявление – 1.билдирүү 2.арыз

Знак - белги

Значок – төш белги

 

И

Извещение – кабар берүү, кабарлоо

Издание – басылма

Инвентаризация – мүлк каттоо

Инвентарь – мүлк-шайман

Инвестиция - инвестиция

Индекс – индекс

Индивидуальный – жеке

Инициалы – аты-жөнү

Иностранный банк – чет өлкөлүк банк

Инспектор – текшерүүчү, тескөөчү

Инструктор – нускоочу

Инструкция – нускама

Интеллект – интеллект

Интеллигент – окумал, интеллигент

Интервал – ара (арасы)

Интересы – кызыкчылык, талам

Информация - маалымат

Иск –доо

Исковое заявление – доо арыз

Исполнитель – аткаруучу

Использование – колдонуу, пайдалануу

Истец – доочу, дооматчы

Исходящий (письма) – чыккан (каттар)

Итог - жыйынтык

 

К

Кадр – кадр

Карточка – карточка, тилке кагазы

Кандидат – талапкер

Канцелярия –кеңсе

Категория – категория

Категория документов – иш кагаздардын категориясы

Квалификация – дасык

Квалифицированный – дасыккан

Квартал – чейрек

Квартира – батир

Квитанция - дүмүрчөк

Квитанция налоговая – салык дүмүрчөгү

Киоск - күркө

Клавиша –басмак

Код – код (сыр белги)

Кодекс - кодекс

Коллектив – жамаат

Командировка – иш сапар

Командировочное удостоверение – иш сапар күбөлүгү

Комиссия – комиссия

Комитет - комитет

Компетенция – иш билгилик, татыктуулук

Комплекс – топтом, комплекс

Комплект – себил

Комплектование – себилдөө

Конкуренция - атаандаштык

Конкурс – конкурс, сынак

Консультация – кеңеш берүү

Консультант – кеңеш берүүчү

Контакт – карым-катнаш, байланыш

Контракт – келишим, контракт

Контроль – көзөмөл

Контрольный лист - көзөмөл барагы

Концепция – концепция

Копия - көчүрмө

Копия документа – документтин көчүрмөсү

Корректировка – түзөтүү, оңдоо

Коэффициент – коэффициент

Кредит – насыя

Критерий – критерий, чен өлчөм

Курсив – жантык тамга

Курьер - чабарман

 

Л

Лауреат – сый ээси

Легитимизация – мыйзамдаштыруу, легитимдештирүү

Легитимный – мыйзамдуу

Лекция – дарс, лекция

Летопись – жылбаян, жылнама

Ликвидация – жоюу

Линия – сызык

Лист – барак

Лист-заверитель дела – көктөмөнү күбөлөндүрүүчү барак

Лист-заверитель описи – тизмени күбөлөндүрүүчү барак

Лицевой счет – өздүк эсеп

Лицензия – лицензия, уруксаттама

Лицо – жак, бет, тарап

Личность – инсан, адам

Личное деле - өздүк иш

Личные документы – өздүк документтер

Личный листок – өздүк баракча

Личный состав – өздүк курам

Ложный документ – жалган документ

Льготы – жеңилдиктер

 

М

Максимум – жогорку чек, максимум

Малоимущий - жарды

Малый бизнес – чакан бизнес

Марка – белги

Маршрут – каттам, маршрут

Маршрутный лист – каттам барагы

Масштаб – өлчөм, чен

Мастер - чебер

Материал – 1.текзат, 2.материал

Международный – эл аралык

Межотраслевый баланс – тармак аралык баланс

Меморандум – меморандум

Мероприятие – иш-чара

Местное самоуправление – жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Местный бюджет – жергиликтүү бюджет

Метод – ыкма

Механизм –ык, жол, механизм

Минимальная – төмөнкү чек, минимум

Министерство – министрлик

Министр – министр

Мировая экономика – дүйнөлүк экономика

Мировоззрение – дүйнө тааным

Модель – үлгү, модель

Модуль – модуль

Момент - учур

 

Н

Навыки – көнүгүү, көнүккөндүк

Нагрузка – иш милдет, жүктөм,

Надбавка – үстөк

Назначение – дайындоо

Наём – жалдоо

Наименование – аталышы

Наименование документа – документтин аталышы

Наказ – сунуш-талап

Наказание – жаза

Накладная – коштомо кагаз

Налог –салык

Напоминание – эскертүү

Направление – жолдомо кат, багыт

Нарушение – бузуу

Наряд – нөөмөт, тапшырма, наряд

Наследство – мурас

Нацональный - улуттук

Начальник канцелярии – кеңсе башчы

Начальник – башчы

Необходимость – муктаждык, зарылдык

Неполная – толук эмес

Номер – номер, ирет саны

Номер документа – документтин номери

Номенклатура – номенклатура

Номинал – өз баасы, номинал

Норма – ченем

Норматив - ченем

Нормативный – ченемдик

Нормативный акт – ченемдик акт

Нотариальное удостоверение – нотариалдык күбөлүк

Нотариус – нотариус

 

О

Обеспечение – камсыздоо

Обновить – жаңылоо

Обозреватель – баяндамачы, серепчи

Оборудование – жабдуу

Обоснование – негиздеме

Обращение – 1.кайрылуу, 2.жүгүртүү

Образец – үлгү

Образец подписи – колдун үлгүсү

Обслуживание – тейлөө

Обстановка - кырдаал

Обходной лист – бошонуу барагы

Общая оценка – жалпы баа

Общенациональная – жалпы улуттук

Общественное – коомдук

Объект – объект

Объем – көлөм

Объявление – кулактандыруу

Объявление розыска - издөө салуу

Объяснительная записка – түшүнүк кат

Обязанность - милдет

Обязательство - милдеттенме

Оклад – маяна, айлык өлчөм

Омбудсен – акыйкатчы

Описание – сүрөттөө, баяндоо, сыпаттоо

Опись – тизме

Оплата – акы төлөө

Организация – уюм

Оригинал – түп нуска

Основа – негиз

Основной – негизги

Основные средства – негизги каражаттар

Особые отметки – өзгөчө эскертүүлөр

Остановить - токтотуу

Ответственность – жоопкерчилик

Ответ – жооп

Отечественный – Ата мекендик

Отзыв – сын-пикир

Отказ – баш тартуу

Отмена – бузуу, жокко чыгаруу

Отпечаток – так, из

Отправить – жөнөтүү

Отпуск – өргүү

Отработка – иштеп берүү

Отсрочка – калтыруу мөөнөтү

Оттиск – так, тамгатак

Отчет – отчет, иш баян

Отчисление – чегерүү (экон.), чыгаруу

Официальный - расмий

Охрана – сактоо, коргоо, кайтаруу

Ошибка - ката

 

П

Пакет – баштык, ором, пакет

Памятка – эстеткич

Параграф – параграф

Паспорт – паспорт

Патент – патент

Пеня – туум

Перевод - которуу

Переписка – кат алышуу

Переплетчик – мукабачы

Переработка – кайра иштетүү

Перечень - тизмек

Печать – мөөр

Письменное указание – жазма көрсөтмө

Письмо руководству – жетекчиликке кат

Письмо-приложение – тиркеме кат

Письмо заказное – буйрутма кат

Письмо-запрос – суроо кат

Планерка – иш жыйын

План – мерчем, план

Платеж - төлөм

Повестка – 1.чакыртма, 2.күн тартиби

Подведомственность – ведомствого караштуулук

Подтверждение – тастыктоо, ырастоо

Подверждение (письмо) – тастык кат

Подданый – букара

Подданство – букаралык

Подзаконный акт – мыйзамдуу акт

Подлинник документов – иш кагаздын түп нускасы

Подпись – колу

Подпункт - тарамча

Политика – саясат

Положение – 1.жобо, 2.абал

Полученный доход – алынган киреше

Помилование – мунапыс, ырайым кылуу

Поощрение – сыйлоо, кызыктыруу

Поручение – тапшырма

Поручительство – кепилдик

Посещение – катышуу, баруу

Последованность – ырааттуулук

Пособие – жөлөк пул

Посол - элчи

Постановление – токтом

Посылка – жөнөтмө

Пошлина - алым

Правило – эреже

Правительство - өкмөт

Правление - башкарма, башкармалык

Право – укук

Право владения – ээлик кылуу, ээлик укугу

Правосудие – сот акыйкаты

Предложение – 1.сунуш, 2.сүйлөм

Предмет – 1.нерсе, буюм, 2.сабак, предмет

Предписание – жазма буйрук, эскертүү

Предположение – божомол, ой жоруу

Предприятие – ишкана

Представление – сунуш, сунуштама

Презентация – бет ачар, тушоо кесүү

Преимущество – артыкчылык

Прейскурант – нарк белги

Прекращение - токтотуу

Премия – сый акы, сыйлоо, сыйлык

Премьер-министр – премьер-министр

Прервать – үзүү, токтотуу

Претензия - доомат

При (при правительстве) – караштуу (өкмөткө караштуу)

Приватизаця – менчиктештирүү

Привилегия – артыкчылык

Приглашения - чакыруу

Приговор – өкүм

Приемная - кабылдама

Приказ – буйрук

Приказываю – буйрук кылам

Приложение – тиркеме

Применить – колдонуу

Примечание – эскертүү

Приоритет – артыкчылык

Приостановление – токтото туруу

Пробел - боштук

Прогул – ишке келбегендик

Проект – долбоор

Проект постановление – токтом долбоору

Продукт - өнүм

Программа – программа

Прогноз – болжол, божомол

Прописка – катталгы, катталуу

Пропуск – өткөрмө

Протокол - протокол

Профессор – мударис, профессор

Профиль – 1.каптал, 2.профиль, 3.тармак

Процедура – 1.жол-жобо, 2.тартип, процедура

Процент - пайыз

Процесс – жараян, процесс

Пункт – 1.пункт, 2.тарам, 3.конуш

Пункт пропуска – өткөрмө пункту

Путевка - жолдомо

Путевой лист – жол барагы

 

Р

Работник – жумушчу, кызматкер

Рабочий – кара жумушчу, жумушчу

Равенство – теңчилик (бирдейлик)

Равно – тете, барабар

Равновесие – теңдештик, тең салмактык

Равновесная цена – тең салмактуу баа

Размер - өлчөм

Размер шрифта – арип өлчөмү

Размеры изображения - сүрөттүн өлчөмү

Разметка – белги, белгилөө

Разнообразие форм собственности – менчиктин ар түрдүүлүгү

Разработать – иштеп чыгуу

Разработка – иштелме

Разрушение документа – документтин бузулушу

Ранг – даража

Рапорт – билдирме (аскер), билдирүү

Раритет – сейрек

Распечатка - басып чыгаруу, чыгаруу

Расписание – ырааттама, жүгүртмө, расписание

Расписка – тил кат

Расписка в приеме документов – документтерди кабылдоо тил каты

Распорядитель - тескөөчү

Распорядительные документы - тескеме документтер (иш кагаздары)

Распорядок дня – күн тартиби

Распоряжение – тескеме

Распоряжение товарами – товарларды тескөө

Распределение – бөлүштүрүү

Распродажа акций – акциялардын сатып түгөтүлүшү

Рассрочка – созуу, узартуу

Рассылка - жөнөтмө

Расторжение договора – келишимди бузуу

Расточительность – ысырапкорчулук

Расход – 1. чыгаша, чыгым; 2. сарптоо

Расходный ордер – чыгыштоо ордери

Расходы государственные – мамлекеттик чыгашалар

Расценка – баалоо, баа коюу

Расчет – эсеп-кысап

Расчетная палата - эсептөө палатасы

Расчетные документы – эсептешүү документтери

Расчетные цены – эсептешүү баалары

Расчетный баланс – эсеп-кысап теңдеми (балансы)

Расшифровка – чечмелөө

Ратификация – бекитүү

Реализация – 1.ишке ашыруу, 2.сатуу, соодалоо

Реальность – чындык, аныктык, ишке

Ревизия – текшерүү

Регион – аймак, чөлкөм

Регистрация - каттоо

Регистрационная карточка – каттоо баракчасы

Регистрационный штамп – каттоо бурч мөөрү

Регистрация документов – иш кагаздарын каттоо

Регламент – күн тартиби, регламент

Реестр – тизме, реестр

Реестр владельцев ценных бумаг – баалуу кагаз ээлеринин тизмеси

режим – 1.шарттам, 2.тартип

Режим работы – иш шарттамы

Режим хранения документов – документтерди сактоо тартиби

Режим экономии - үнөм тартиби

Резерв – такоол (аскер) сактама, резерв, булак, кам

Резолюция – резолюция, бүтүм

Результат – жыйынтык, натыйжалар

Резюме – таржымал

Рейс – каттам

Рейтинг – рейтинг

Реквизит – маалым дарек

Реквизит документа – документтин маалым дареги

Реквизиция – тартып алуу, реквизиция

Рекомендация – сунуштама, сунуш

Рекомендуется – сунушталат

Реорганизация – кайра түзүү, өзгөртүп куруу, өзгөртүп уюштуруу

Репутация – бедел, зоболо, аброй

Реставрация документов – документтерди калыбына келтирүү (жаңылоо)

Реструктуризация – түзүмүн өзгөртүү, реструктуризация

Реструктуризация долгов – карыздардын түзүмүн өзгөртүү

Ресурс – ресурс

Реферат – реферат

Рефинансирование – кайро каржылоо

Рефинансирование государственного долга – мамлекеттик карызды кайра каржылоо

Решение – чечим

Риск – тобокел, тобокелдик, коркунуч

Рискованный – кооптуу, тобокелдүү

Розничная цена – чекене баа

Розыск - издөө

Россыпь документов – чачкын документтер

Ротация – кызмат которуу

Руководство – колдонмо, жетекчилик

Руководствуясь – жетекчилик алып

Руководящий орган - жетектөөчү орган

Рукописный документ – кол жазма документи

Рукописный отдел – кол жазма бөлүмү

Рукопись сборника документов – документтер жыйнагынын кол жазмасы

Ручательство – кепилдик, милдетин алуу

Ручка – калемсап

Рынок – базар

Рынок валютный – валюта базары

Рынок информации – маалымат базары

Рынок международный – эл аралык базар

Ряд - катар

 

С

С начала текста – тексттин башынан

Сальдо – калдык, сальдо

Самоконтроль - өзүн-өзү көзөмөлдөө

Самообеспечение - өзүн-өзү камсыздоо

Саморегулирование - өзүн-өзү жөнгө салуу

Самоуправления - өз алдынча башкаруу

Самоуправство - өзүм билемдик

Самофинансирование - өзүн-өзү каржылоо

Сберегательная компания – сактык компаниясы

Сборник документов – документтер жыйнагы

Сборно-разборный – куралып-ажыроочу

Сборный – курама

Сведения – маалымат

Сверхстоимость – үcтөк нарк

Свидетельство - күбөлүк

Свобода предпринимательства – ишкерчилик эркиндиги

Свобода торговли – соода эркиндиги

Свободная таможенная зона – эркин бажы зонасы

Свободная торговля – эркин соода

Свободная цена – эркин баа

Свободное обращение – эркин жүгүртүү

Свойства документа – документтин касиеттери

Сделка – бүтүм, келишим

Себестоимость - өздүк нарк

Секретариат – катчылык

Секретарь – катчы

Секретарь-референт – катчы- референт

Сертификат – тастык, сертификат

Сертифицированный – тастыкталган

Сеть государственных архивов – мамлекеттик архивдер тармагы

Система документации – документтердин тутуму

Система коммерческих банков – коммерциялык банктар тутуму (системасы)

Систематизация документов – документтерди тутумдаштыруу

Ситуация - жагдай

Сканирование - сканерлөө

Скидки – жеңилдетүү, арзандатуу, баа түшүрүү

Следователь - тергөөчү

Служащий - кызматчы

Служба занятости – ишке орноштуруу кызматы

Служебная записка – кызмат каты

Служебная обязанность – кызмат милдети

Собственность – менчик

Совет - кеңеш

Совмещение профессий – кесипти айкалыштыруу

Совокупное предложение – жыйынды сунуш, жалпы сунуш

Соглашение – макулдашуу

Соединение - бирикме

Создать – түзүү

Сообщество – 1. коомдоштук;2.топ, түркүм (биол.)

Сообщить - маалымдоо, билдирүү, кабарлоо

Соответствие – дал келүү

Сопоставимые цены – салыштырма баалар

Сопроводительное письмо – коштомо кат

Состав – курам

Состав комиссии – комиссиянын курамы

Сотрудник - кызматкер

Сохранить форму – таризин сактоо, калыбын сактоо

Сохранность документа – документтин сакталышы

Социальный слой – социалдык катмар

Сочинение – дил баян

Специальные средства – атайын каражаттар

Списание – эсептен чыгаруу

Список – тизме

Спонсор - демөөрчү

Справка – маалым кат

Справка-обоснование – негиздеме маалым кат

Справочник – маалыматнаама, маалымдама

Справочно-информационное издание – маалымдама-маалыматчыл басылма

Спрос - сурам

Средства массовой информации – жалпыга маалымдоо каражаттары

Сроки хранения документов – документтерди сактоо мөөнөтү

Срочное сообщение – шашылыш кабар

Срочный – шашылыш, тез

Ссылка – 1. шилтеме; 2. сүргүн

Ставка – чен (экон.), коюм

Стаж – иштеген жылдары, стаж

Стажировка – такшалма, такшалуу

Стандарт – стандарт, үлгү, чен, ченем

Стандартизация – стандарттоо, стандартташтыруу

Статистика – статистика

Статистическая документация – статистикалык документтештирүү

Статус – макам, мартаба

Стенограмма – стенограмма

Стоимость – нарк

Стоимость денег – акча наркы

Стоимость жизни – тирлик наркы

Стоимость обучения – окуу наркы

Страница – бет

Страхование – камсыздандыруу

Страховая компания – камсыздандыруу компаниясы

Страховой полис – камсыздандыруу полиси

Страховой фонд – камсыздандыруу фонду

Структура - түзүм

Структурное подразделение – түзүмдүк бөлүмчөлөр

Суверенное равенство – эгемен теңдик

Суверенность – эгемендик

Сфера - чөйрө

Сфера обслуживания - тейлөө чөйрөсү

Счет – эсеп, счет

Счет-заявление – эсеп-билдирүү

Счет-фактура – эсеп-фактура (товарлардын тизмеси жана алардын наркы көрсөтүлгөн документ)

Сырье – чийки зат

Сырьевая база – чийки зат базасы

 

Т

Табель – табель

Таблица – 1. жадыбал; 2. тизмек, таблица, 3. эсеп

Таможенное дело – бажы иши

Таможня – бажы

Текст – текст

Текущий счет – күнүмкү эсеп

Телеграмма – телеграмма

Телеграфный стиль – телеграф стили

Тело – тулку, дене, нерсе

Тема – тема, нукта

Термин – атоо, термин

Тест – тест, жазма сынак

Тип – тип, түр

Типовой договор – типтүү келишим

Типовой документ – типтүү документ

Типовой проект – типтүү долбоор

Только для чтения – окуш үчүн гана

Только текст – жалаң текст

Торговый банк – соода банкы

Торговый договор – соода келишими

Точка – 1. чекит; 2. түйүн

Традиционность – салттуулук

Традиционный – салттуу

Традиция – салт, каада-салт

Требование – талап

Трудовая книжка – эмгек китепчеси

Трудовой отпуск – эмгек өргүүсү

Трудовой договор – эмгек келишими

 

 

У

Уведомление – 1. кабарлоо, 2. кабар берүү

Удостоверение - күбөлүк

Удостоверение подлинности – документтин аныктыгын күбөлөндүрүү (аутентификация)

Удостоверительный – күбөлөндүрүлгөн

Указ – жарлык

Указание – көрсөтмө

Уклонение – баш тартуу, качуу

Управление – 1. башкаруу; 2. башкармалык

Урегулирование - жөнгө салуу

Услуга - тейлөө кызматы

Устав – устав

Устав внутренней службы – ички кызмат уставы

Установка – орнотмо

Устройство – түзмөк, түзүлүш

Утверждение – бекитүү

Учредитель – уюмдаштыруучу, уюштуруучу

Учреждение – мекеме

Ущерб – залал, зыян

Ущерб материальный – материалдык зыян

 

 

Ф

Факт – далил, мисал,факт

Фактическая (бухгалтерская) прибыль – накта (бухгалтердик) пайда

Фактура – фактура

Фальсификация – бурмалоо

Фальсификация документов – документтерди бурмалоо

Фамилия (имя, отчество) – аты-жөнү

Финансовый фонд государства – мамлекеттин каржы кору

Финансы – каржы

Фонд – кор, фонд

Форма – тариз, форма, калып

Форма стоимости – нарктын формасы

Формальность – кайдыгерлик, формалдык

Формат - өлчөм, формат

Формирование – калыптануу

Форум - форум

Функция – иш-милдет, функция

Функция бюджета – бюджеттин иш-милдети

 

Х

Халатность – кош көңүлдүк, кайдыгерлик

Характер – мүнөз

Характеристика – мүнөздөмө

Характеристика производственная – өндүрүштүк мүнөздөмө

Хищение – уурдоо

Хобби – ышкы

Ходатайство – өтүнүч кат

Хозотдел – чарба бөлүм

Хозрасчёт – чарбалык эсеп

Хозяйство – чарба, чарбачылык

Хозяйствование – чарба жүргүзүү

Хранение – сактоо

 

Ц

Цвет текста – текст түсү

Целостность – бүтүндүк

Целостность документа – документтин (кагаздын) бүтүндүгү

Цена - баа

Ценная бумага – баалуу кагаз

Ценность – баалуулук (байлык, казына)

Центр – борбор

Центр управления – башкаруу борбору

Цикл – кайталанма мерчем, цикл

Цифровой - санарип

Ч

Частично – жарым-жартылай

Частная собственность – жеке менчик

Частник – жеке ишкер

Частное лицо – жеке киши

Частное объявление – жеке жарыя, жеке кулактандыруу



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 1499; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.145.206.169 (0.611 с.)