Тараптардын укуктары жана милдеттери 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Тараптардын укуктары жана милдеттери



2.1. АТКАРУУЧУ төмөнкүлөргө милдеттүү:

• 2 (эки) ай, 48саат өлчөмүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөтүү

• келишимде көрсөтүлгөн иш милдеттерин өз убагында жана талаптагыдай сапатта,

тиешелүү көлөмдө аткарууга;

• иш милдеттерин аткарууга илимий жана чыгармачылык мамиле жасоого;

• аткарган иштери тууралуу жазуу түрүндө маалымат берүүгө;

• келишимди бузуу ниети тууралуу 2 жумадан кечиктирбей жазуу жүзүндө ТАПШЫРУУЧУГА кабарлоого;

• окуу аяктаганда курстун угуучуларына сынактын жыйынтыгынын негизинде

тастыктама (сертификат) тапшыруу;

 

2.2.АТКАРУУЧУ өз ишин аткарууда ТАПШЫРУУЧУНУН иш сапатын жогорулатуу

максатындагы көрсөтмө-сунуштарын эске алып, аткарылган иштер тууралуу

ТАПШЫРУУЧУГА зарылчылыкка жараша маалымат берип турат.

2.3.ТАПШЫРУУЧУ төмөнкүлөргө милдеттүү:

• АТКАРУУЧУНУН окуу процессин аткаруусу жана жакшыртуусу үчүн зарыл

болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүүгө;

• кызматкердин сабакка өз убагында катышуусун камсыздоого;

• келишимге ылайык АТКАРУУЧУНУН кызмат көрсөтүү акысын ТАПШЫРУУЧУ

ар кызматкердин 1 (бир) айлык окуу курсу үчүн 650 (алты жүз элүү) сом эсебинде

төлөп берүүгө.

3. Эмгек акы төлөө

3.1. Иш кагаздарын мамлекеттик тиде жүргүзүү курсунун жалпы саны ________ угуучу;

3.2. Келишимдин 2.1. жана 2.3. пункттарында көрсөтүлгөндөй ар бир угуучуга ай үчүн 650 (алты жүз элүүү) сом.

3.3. АТКАРУУЧУ көрсөтүлгөн мөөнөттө жана өлчөмдө, көрсөткөн кызматы үчүн

ушул келишимдин 2.3. пунктуна ылайык ТАПШЫРУУЧУ кызмат акыны

келишим күчүнө кирип, окуу процесси башталган мөөнөттөн 5 (беш) банктык күндөн кийин төлөп берет.

3.4.Жеке себептери менен окуу курсуна катышпай калган кызматкерлердин төлөм

акысы кайтарылып берилбейт.

4. Келишимди бузуу, өзгөртүү, узартуу

4.1. Төмөнкү учурларда Келишим бузулат жана эмгек мамилелери толукталат:

• тараптардын макулдашуусу боюнча;

• келишимдин мөөнөтү бүткөн учурда;

• келишимде көрсөтүлгөн милдет, талаптар так аткарылбаган учурда;

4.2. Келишимдин шарттары тараптар үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ жана

тараптардын өз ара макулдугу боюнча гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

Башка шарттар

5.1. Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып жана тараптар өз милдеттерин

толук аткарганга чейин юридикалык күчкө ээ.

5.2. Келишим 2 нускада түзүлөт жана экөө тең бирдей юридикалык күчкө ээ.

5.3. Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш мыйзамда белгиленген тартипте

чечилет.

5.4. Бул келишим колдонулган учурда АТКАРУУЧУ башка ишканалар, уюмдар

менен ушундай келишим түзүүгө жана эки ишти айкалыштырууга укуктуу.

 

6. Тараптардын даректери жана колдору:

ТАПШЫРУУЧУнун дареги: АТКАРУУЧУнун дареги:
Бишкек шаары, Бишкек шаары,
Чүй чоң көчөсү, 205 Киев көчөсү, 96 Б
Биринчи май РОК №2 Эсеп-кысап 12905223810048 БИК 129052 ОКПО 22148140 ИНН: 01806199610125 Окуу-маалымат борбору “РСК Банкы” ачык акционердик коому Эсеп-кысап: 1290521900022970
 
БИК 129052 ОКПО 24280607
ИНН 00809200610308
   
   
   

 

ТАПШЫРУУЧУнун колу: АТКАРУУЧУнун колу:
  Окуу-маалымат борборунун
КРнын ЖКнын Аппарат жетекчиси__________Р. Б. Ешмамбетов директору _________А.Т. Исманкулова

 

КЕПИЛДЕМЕ

(Рекомендация)

Кепилдеме тигил же бул адамды кызматка көтөрүүгө ылайыктуу, татыктуу жана тапшырылган ишти аткарууга жөндөмдүү экендигин билдирүүчү документ болуп эсептелет.

Кепилдеме мекеме же уюм тарабынан да, жеке киши тарабынан да берилет.

Ар кандай кепилдеменин текстинде кепилдеме берилип жаткан кишинин ишмердүүлүгү, жүрүм-турумуна объективдүү баа берилет.

Кепилдеме мазмуну жагынан көп учурда мүнөздөмөгө жакын болот. Ошондуктан жеке кишиге берилген мүнөздөмөдө көрсөтүлгөн объективдүү чындык кепилдеме деп айтылат. Кепилдеме берилип жаткан кишинин активдүү ишмердүүлүгү, адамгерчилиги жана жогорку маданияттуулугу, ар бир кишиге жасаган объективдүү мамилеси, тереӊ билимдүүлүгү менен ага бериле турган жооптуу кызматты ийгиликтүү аткара ала тургандыгына ишеним көрсөтүп, ага кепилдеме берилгендиги билдирилет.

Кепилдеме менен мүнөздөмөнүн айырмасы мүнөздөмөдө мүнөздөлүп жаткан адамдын оӊ жана терс сапаттары көрсөтүлсө, кепилдемеде жалаӊ оӊ сапаттары баяндалып, кепилдеме алып жаткан адамдын ошол белгиленген милдеттерди аткарып кете аларына ишенич билдирилет жана ошол кызматта иштөөгө же уюмга мүчө болууга ж.б. сунуш кылынат, мүнөздөмө мекеме жетекчилиги тарабынан берилет жана ага экиден кем эмес тарап колун коёт. Кепилдемени жеке адам да, жетекчилик да жана эмгекчилер жамааты да бере алат.

Түрдүү сыйлыктарды, мисалы, медаль, орден, автомашина ж.б. алууда да тиешелүү адамдарга кепилдеме берилет.

Кепилдеме бир нускада жазма түрүндө же компьютерде даярдалат. Ага мөөрдүн коюлушу милдеттүү эмес.

 

Кепилдеменин маалым даректери:

1.Иш кагаздын аты (КЕПИЛДЕМЕ);

2.Текст;

а) кепилдеме берген адамдын аты-жөнү же мекеменин аталышы;

б) кепилдеме берилип жаткан адамдын аты-жөнү, кайсы мезгилден бери аталган

уюмда иштеп жатканы;

в) кепилдеме берилип жаткан адамдын өз кызматына жасаган мамилеси, коомдук иштерге катышуусу;

г) кепилдеме алып жаткан адамдын коомго, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы ой

өрүшү;

д) кепилдеме алып жаткан адамдын үй- бүлөсү жөнүндө кыскача маалымат;

3. Кепилдеме алып жаткан адамдын кызматындагы, өнөр тармагындагы же

илимдеги ийгиликтери;

4.Кепилдеме берүүчүнүн кызматы, аты-жөнү жана кепилдеме алып жаткан

адамдын сөз болуп жаткан кызматта иштеп кете ала тургандыгы жөнүндө

билдирген ишеничи;

5. Кепилдеме жазуучунун кызматы;

6. Кепилдеме берүүчүнүн колу;

7. Кепилдеме берүүчүнүн аты-жөнү;

8. Кепилдеме жазылган күнү, айы, жылы;

 

Кепилдеменин үлгүсү:

Кепилдеме Кепилдеме Кубанычбек уулу Кабылбекке берилет. Кубанычбек уулу Кабылбек 2009-жылдын 16-июнунда №67 буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жетектөөчү адис – юрист кызматына кабыл алынган. Жумушка кабыл алынган күндөн тартып Кубанычбек уулу Кабылбек өзүн дасыккан адис катары көрсөтө алды. Ал Мамлекеттик тил комиссиясына тиешелүү иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жана юридикалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга активдүү катышкан. Бардык ишке жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле жасайт. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга толугу менен жооп берет. Кубанычбек уулу Кабылбек токтоо жүрүш-турушу, сылыктыгы, коммуникабелдүүлүгү менен айырмаланып турат. Ал өзүнө карата айтылган сын пикирлерди туура кабыл алат. Мекеменин коомдук иштерине такай катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды. Yй бүлөлүү. Эки баланын атасы. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кубанычбек уулу Кабылбекти жоопкерчиликтүү жана жөндөмдүү адис катары сунуштайт. Кепилдеме талап кылынган жерге берилсин. Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетекчиси (колу) Г. Бирназарова   23.03.2012-ж.  

 

КЫЗМАТ КАТТАРЫ

(Служебные письма)

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ-кызмат каттары. Кат аркылуу аткарыла турган маселелердин көлөмү өтө кеӊ. Анткени мындай каттар аркылуу көп түрдүү көрсөтмөлөр, суроолор, жооптор, түшүндүрүүлөр, өтүнүчтөр кабарлар, сунуштар, кепилдиктер ж.б. берилет. Мазмуну жагынан өтө ар түрдүү болгон мындай документтер жалпысынан кызмат каттары деп аталат. Кызмат каттары мекемелер, уюмдар арасында иш жүргүзүүнүн, байланыштын басымдуу бөлүгүн ишке ашыруучу документ болуп саналат. Кызмат каттары өзгөчөлүктөрү боюнча экиге бөлүнөт:

1. Жооп берүүнү талап кылуучу каттар (доо каттар, суроо каттары, өтүнүч каттар);

2. Жооп берүүнү талап кылбай турган каттар (кошумча кат, аныктоочу кат, эскертүү каты, маалымдама кат, кепилдик кат ж.б.)

Мындай каттар белгилүү бир максатта жазылат, маселен, кепилдик каттарда кепил болуу көрсөтүлсө, тиркеме каттарда тиркеме кылына турган каттар жөнүндө кабарлайт. Айрым учурда бир эле катта кепилдик да, сунуш да, эскертүү мазмуну да жазылган учурлар орун алышы мүмкүн.

Кызмат каттары, адатта, каттар үчүн атайын даярдалган иш кагаздарына –мекеменин бланкына жазылат. Атайын бланк болбогон учурда кызмат каттары кадимки эле жазуу кагазына жазылат. Мындай учурда анын сол жаккы жогорку бурчуна кат жөнөтүп жаткан мекеменин штампы коюлат.

Кызмат каттары атайын басма кагазга (уюмдун, мекеменин фирмалык бланкына) жазылат. Мындай кагаздарда сол жагына тигинен кыргыз тилинде, оӊ жагында расмий тилинде маалым даректери толтурулган атайын кагаз колдонулат.

Кызмат каттары эки негизги бөлүктөн –биринчи уюм жөнүндө басмаканалык ыкма менен басылган ар кандай маалыматтардан (уюмдун аталышы, дареги ж.б.), экинчиси-уюм тарабынан даярдалып, компьютерде жазылган тексттин темасы, текст, жетекчи жөнүндөгү маалыматтардан турат.

Кызмат каттарынын маалым даректери төмөнкүдөй:

1-бөлүк.

1.Кыргыз Республикасынын герби же уюмдун эмблемасы;

2. Уюм баш ийген министрликтин, комитеттин же республикалык маанидеги

башкарманын аталышы;

3. Уюмдун алган мамлекеттик сыйлыктары (ордендери);

4. Уюмдун аты;

5. Бөлүмдүн аты;

6. Уюмдун коду;

7. Иш кагазынын коду;

8. Уюмдун почта индекси, толук дареги, телефон, телетайп номуру, телефакс коду, мамбанктагы эсеп-кысап номуру;

9. Жыл, күн, ай, жиберилген каттоо белгилери (шарттуу номери, келген күнү, айы, жылы);

10. Келген иш кагазынын катталуу белгилери (шарттуу номуру, келген күнү, айы, жылы);

11. Резолюциялык белги;

12. Тескөө жөнүндө белги;

13. Иш кагаз жөнөтүлгөн дарек (уюмдун аты, эгерде анык болсо, жетекчинин кызматы, аты-жөнү).

2-бөлүк

14. Тексттин темасы;

15. Текст;

16. Тиркемелер жөнүндө белги;

17. Жетекчинин кызматы, колу, аты-жөнү;

18. Макулдук белгиси;

19. Макулдашуу жөнүндө белги;

20. Аткаруучу жөнүндө белги жана анын дареги же телефон номуру;

21. Аткарылгандыгы жөнүндө белги;

 

Кызмат каттарын даярдоодо жана жиберүүдө төмөнкүлөргө көӊүл буруу керек:

1. Кызмат каттарынын мазмунунун көп түрдүүлүгү жогоруда айтылды, бирок анын кайсы түрүнө кире тургандыгы мазмундан гана билинет;

2. Кызмат каттарынын экинчи бөлүгү компьютерде басылат;

3. Кызмат каттары эки нускада даярдалат. Анын биринчи нускасы атайын басма (фирмалык) кагазга басылат. Биринчи нуска башка уюмга жиберилет.

Ал эми экинчи нуска жөнөкөй кагазга басылат жана уюмда сакталат;

4.Кызмат каттарына уюмдун жетекчиси же жетекчинин биринчи орун басары кол коёт.

Катта баяндалган маселелер боюнча жоопкерчилик бир нече адамдарга жүктөлсө, коюлган колдордун саны эки же андан ашык болот;

5.Кызмат каты эки же андан көп уюмга жиберилсе, кат жөнөтүлүп жаткан негизи уюм же анын жетекчисинин аты-жөнү биринчи жазылат;

6. Бир эле кызмат катын алуучулардын саны төрт адамдан ашпаганы ылайык;

7. кызмат каттарынын текстинин темалары кыска, так жана мазмунун толук камтый алгандыгы мааниге ээ. Теманын төмөнкүдөй аталыштары сунуш кылынат.: Жиберилген товарлардын кем чыкаандыгы жөнүндө”, “Мектепе ремонту үчүн кошумча каражат бөлүштүрүү тууралуу”, “Азык-түлүк салыктарын кыскартуу жөнүндө” ж.б. у.с.;

8. Кызмат каты атайын басма кагазга эмес жөнөкөй жазуу кагазына жазылса, каттын жогорку сол жак бурчуна уюмдун штампы басылат. Кол коюучу жооптуу адамдын кызматы менен кошо уюмдун аталышы көрсөтүлөт 9мисалы: “Ош машина куруу заводунун” башкы инженери ж.б.);

9. Жетекчинин ордуна анын орун басарынын кол коюшу иш кагаздарын колдонууда кеӊири практикаланып келе жатат. Бирок иш кагазына кол койгон адамдын кызматы так көрсөтүлүшү керек.

10. Кызмат каттары биринчи жактын жекелик же көптүк түрлөрүнүн сылык формасы менен баяндалат. Тексттин мазмунунун сыйымдуулугу талап кылынат.

11. Кызмат каттарынын текстти каттын калган бөлүктөрү менен кошо бир беттен ашпаганы максатка ылайыктуу.

Өтө так, анык жана тереӊ баяндоону талап кылган маселелерге 3 бетке чейин орун берилет;

12. Кызмакт каттарынын текстин түзүүдө анын түзүлүшүн билүү мааниге ээ. Ар кандай каттын тексти өз ара логикалык байланышты түзгөн үч бөлүктөн турушу зарыл. Биринчи-киришүү-бөлүктө кат аркылуу тиешелүүуюмга кайрылуунун негизги себеби, экинчи бөлүктө катта коюлуп жаткан маселени чечүү зарылдыгы далилдердин негизинде баяндалат жана үчүнчү (тыянак) бөлүктө кат жазуудагы негизги максат көрсөтүлөт.

Айрым кызмат каттарынын мазмунун тексти 1 же 2 бөлүктөн турушу да ыктымал.

Катта баяндалган маселелер жоопкерчиликти өзүнө ала турган бир нече кишиге тапшырыла турган болсо, кол коючулардын саны эки же андан көп болушу мүмкүн. Мисалы, төлөөнү кепилге алуу жөнүндө, финансы ж.б.у.с. документтерде катка жетекчи менен бирдикте башкы бухгалтер, экономист кол коюшу мүмкүн.

Катта кол коюу белгилүү тартиптин негизинде, тагыраак айтканда, аткарган кызматына ылайыктуу жайгаштырылат. Кол коюдан соӊ кол койгон кишинин фамилиясы кашаага алынбай, ысымынын баш тамгалары фамилиядан мурун жазылат:

 

Директор (колу) А. Супатаева

Баш бухгалтер (колу) Р. Солтобаева

 

Чакыруу кат

(Приглашение)

Чакыруу каты чогулушка, салтанаттуу жыйынга белгилүү адамдарды чакыруу үчүн жиберилет.

Тексттин мазмунунда өткөрүлүп жаткан жыйын качан, кайсы жерде боло тургандыгы, адамды чакыруудагы негизги максат эмне экендиги так көрсөтүлөт.

Чакыруу катынын тилинде расмийлүүлүк (ал “жолдош”, “мырза”, “айым” деген сөздүн бири менен башталат) жана салтанаттуулук (ал көбүнчө “Урматтуу”, “Улуу урматтуу”, “Азиз”, “Кадырлуу” деген сыяктуу сөздөр менен башталат) даана байкалып турушу зарыл.

Чакыруу катынын текстиндеги каратма сөз беттин (барактын) ортосуна жазылат да, текст жаӊы абзацтан жана баш тамга менен башталат.

Чакыруу катынын текстиндеги салтанаттуулукту сактоо жана күчөтүү максатында текст аяктагандан кийин, “Урматтоо менен” деген клишени пайдаланууга болот.

Чакыруу каты эки нускада –биринчи нуска мекеменин бланкына. Экинчи нуска А4 жазуу кагазына даярдалат. Экинчи нуска мекемеде калтырылат. Чакыруу катынын эки нускасы теӊ каттоодон өткөрүлүп, зарыл маалыматтар менен жабдылып, тиешелүү тарапка жиберилет.

Чакыруу катынын негизги маалым даректери:

1. Катты алуучунун иштеген мекемеси, кызматы жана аты-жөнү;

2. Каратма сөздүү сүйлөм;

3. Текст;

4. Катты жиберген мекеме жетекчисинин кызматы, колу жана аты, жөнү;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын укук кызматкери Ж.Мүсүралиевге Урматтуу Жумабек Керимович! Ушул жылдын 2-апрелинде саат 10.00дө Кыргыз Мамлекеттик тарых музейининде журналист Мирлан Алымбаевдин “7-апрель” аттуу китебинин бет ачаарына Сизди чакырабыз.   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Ч. Түмөнбаева  

ДОО КАТ

Доо кат белгилүү бир уюмдун башка бир уюмга карата талабын жана нааразылыгын билдирүүдө колдонулат. Бул каттын жазылышына негизги себеп-түзүлгөн келишимдин бир тараптуу аткарылбай калышы.Ушундай шартта доо кат жазган тарап өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого аракеттенет.

Доо кат үч нускада даярдалат. Биринчи нуска келишимди бузган тарапка берилет. Экинчи нуска зыян тарткан тарапта калтырылат. Доо катта көрсөтүлгөн мөөнөттө болгон чыгым төлөнүп берилбесе, анын үчүнчү нускасы сотко же арбитраждык сотко өткөрүлөт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, доо катары, негизинен, транспорт ишканаларына, темир жол жана аба жолдор башкармалыгына даректеле тургандыгы байкалат. Анткени алар жүк ташуу боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерди жүк ташуу процессинде бузуунун натыйжасында товардын кемип калышы, жүктүн бузулушу ж.б.у.с. жагымсыз натыйжалар келип чыгат.

Доо каттарында доогердин талабын негиздеген жана тастыктаган далилдер, көрсөтмөлөр менен соода күбөлүгү (коммерциялык акт) тиркелип, алардын канча беттен (барактан) экендиги белгилениши керек.

Доо каттарында төмөнкүлөр тиркелет:

1.Товар-транспорт коштомо кагазы (темир жолдогу, аэрофлоттогу, автотранспорттогу жүк);

2. Соода күбөлүгү (жүктүн бөлүгү жоголсо же жүк бузулса);

3. Жүктү ташуу үчүн алгандыгы жөнүндө дүмүрчөк (жүк бүтүндөй жоголгон учурда);

4. Жөнөтүлгөн жүктүн, товардын саны көрсөтүлгөн документ (эсеп-фактура, төлөм эсеби, наряддар, продукция жөнөтүү үчүн берилген документ;

5. Дооланган сумма (бул сумма доо катынын текстинде көрсөтүлбөгөн учурда жазылат);

6. Доогердин пикири боюнча доонун тууралыгын тастыктай турган документтер;

Доо катынын экинчи бөлүгүнүн негизги маалым даректери төмөнкүлөр:

1. Кат жиберилүүчү уюмдун аталышы жана дареги;

2. Доонун баасы (тексттин темасы катары берилет);

3. Текст;

4. Тиркемелердин тизмеси (ар бир иш кагазынын канча беттен турары көрсөтүлөт);

5. Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жөнү

6. Доо каттын үлгүсү төмөнкүдөй:

“Эдельвейс” соода борбору Бишкек шаары, Турдубеков көчөсү 121   Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын кайра артка кайтаруу жана компенсация төлөтүү жөнүндө ДОО КАТ   2012-жылдын 12-майында Тараз шаарындагы “Татым” азык-түлүк борборунан Бишкек шаарындагы “Эдельвейс” соода борборуна 5 тонна тамак-аш азыктары (анын ичинде балык, сүт жана кондитер азыктары бар) ташылып келинген. Бул азыктарды сатып алган адамдар ууланганына байланыштуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу уюмга кайрылышкан. Тамак-аш азыктары экспертизадан өткөрүлүп, жыйынтыгында алардын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү аныкталды. Натыйжада жеке жарандар: 1. Асанов К 2. Муратова Н 3. Сариев Р 4. Нуралиев У 5. Шишкин Е 6. Власова К 7. Мураталиева Х ден соолугунан жабыркап, соода борбор 75 000 (жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө зыянга учурады. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу уюмдун өкүлдөрү, Бишкек шаардык экспертизанын эскперттери, Санэпидемстанциянын өкүлдөрү жана башка тиешелүү органдардын катышуусу менен тамак-аш азыктарынын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү жөнүндө документ түзүлүп, 20-майда жазылган акт аркылуу бекемделди.   Бул жөнүндө Тараз шаарындагы “Татым” азык-түлүк борборуна жана тиешелүү органдарга билдирүү жиберилди. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын жана соода борбордун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп, 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча төлөп берүүңөрдү жана тамак-аш азыктарын кайра кайтарып алууңарды талап кылабыз.   Тиркеме: 1. Тамак-аш азыктарынын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү жөнүндө акт (2 бет, 1 нуска). 2. “Эдельвейс” соода борборунун өкүлүнүн актысы (1 бет, 1 нуска) 3. Жарандардын арыздары (7 бет, 7 нуска)   Директор (колу) А.Давлетов  

 

Сураныч кат

Сураныч кат- уюмдардын ортосунда жазылат. Бул кат аркылуу кандайдыр бир ишти аткарууу же аягына чыгуу экинчи уюмдан суралат.

Сураныч каттын маалымдаректери төмөнкүлөр:

1.Катты алуучу уюм жана жетекчинин аты-жөнү;

2. Текст;

3. Тиркеме (эгерде зарылчылык болсо);

4.Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жөнү;

Сураныч каттын үлгүсү:

Фирмалык бланк Коомдук телерадио берүү кооперациясынын башкы мүдүрү К.Т.Оторбаевге Cураныч кат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, прозачы жана адабий сынчы, коомдук ишмер, “Даңк” медалынын ээси К. Бобуловдун 75 жылдык мааракесине карата Мамлекеттик тарых музейинде өтүлүүчү иш чарага 14.05.2011-ж.саат 11-00 дө (ПТС) жалпыга маалымдоо каражатынын тийиштүү кызматкерлерин жиберүүңүздү өтүнөбүз.   Урматтоо менен Төрага Р. Момбеков

 

Ишенич кат

Ишенич кат -кандайдыр бир шарт же убаданы тастыктоо иретинде түзүлгөн расмий иш кагазы болуп саналат. Каттын бул түрү аткарылуучу иш үчүн акы төлөө, иштин аткарылуу мөөнөтү, кимдир бирөө жумушка кабыл алууда, турак-жай менен камсыз кылууда, аткарылуучу иштин сапаты үчүн ишенич билдиргенде даярдалып, уюм же жеке адамдарга жиберилет.

Каттын текстинде “...ишенич билдиребиз”, “...ишендиребиз”, “...өз милдетибизге алабыз” деген туюнтмалар болот.

Каржылоо маселеси менен байланыштуу ишенич катка уюмдун жетекчиси менен бирдикте башкы эсепчи кол коёт.

Ишенич каттын маалымдаректери:

1. Кат жөнөтүлгөн уюмдун аты, жетекчинин кызматы, аты-жөнү же кат арналган адамдын аты-жөнү;

2. Текст;

3. Уюмдун жеткчисинин кызматы, колу жана аты-жөнү;

Ишенич каттын үлгүсү:

“Манас” кино театрынын директору К.А. Алымовго 2012-жылдын 21-мартында саат 12.30 да коюулуучу “Мезгил жана Алыкул” киносуна Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үчүн 100 (жүз) билет бөлүштүрүүӊүздү суранабыз. Билет акысын Сиздердин эсебиӊиздерге 30-апрелге чейин которууга сөз беребиз.   Декан (колу) С. Байсабаев

Суроо кат

Башка уюмдан зарыл болгон иш кагаздар, маалыматтар же башка керектүү нерсе суроо кат аркылуу суралат жана катка жооп талап кылынат.

Бир суроо катта бир гана маселе жөнүндө сөз болушу (бир гана суроо болушу) максатка ылайыктуу.

Суроо каты, адатта, эки негизги бөлүмдөн: киришүүдөн жана таржымалдан (негизги маселенин жыйынтыгынан) түзүлөт. Киришүү бөлүмүндө суроону жиберүүнүн себеби көрсөтүлөт, ал эми экинчи бөлүмүндө кат жиберилген уюмдан жооп талап кыла турган маселелер баяндалат.

Суроо каттын маалым даректери:

1.Кат арналган уюм, жетекчинин кызматы, аты-жөнү;

2. Текст;

а)киришүү бөлүгү;

б)тыянак бөлүгү;

3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жөнү;

 

 

Мамлекеттик тарых музейинин директору Ж.Ч. Чынаевге Урматтуу Жеӊиш Чынаевич! КРнын Мамлекеттик ИИМ кызматы салттуу билимдер боюнча дискти даярдоодо. Диск коопсуздук кызматын коргоо жана изилдөөлөрдү пайдалануу чөйрөсүнө арналат. Тарых музейдин салттуу билимдерге байланыштуу экспонаттарды сүрөткө тартып алууга уруксаат берүүӊүздү суранабыз. Сизди урматтап, Директор А.Калмаматов

Тастык кат

Тастык кат уюмдун башка бир уюмга суроо катын алгандыгы жана ал суроого болгон мамилесин туюндургандыгын баяндоочу расмий иш кагазы болуп саналат.

Тастык каттын текстинде кайсы суроо катка жооп берилип жаткандыгы мүмкүн болушунча так көрсөтүлүшү керек. Бул каттын текстиндеги негизги сөз -“тастыктайбыз”.

Тастык кат кээде жооп кат деп да аталат жана ал төмөнкүдөй маалым даректерден турат:

1.Жооп жазылып жаткан уюмдун аты, жетекчисинин кызматы жана аты-жөнү;

2. Текст:

а)каттын номуру, качан жана эмне сурап жазылгандыгы;

б)суроого, өтүнүчкө карата уюмдун оӊ же терс жообу;

3. Жетекчинин кызматы, колу жана аты-жөнү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Сиздердин 2011-жылдын 15-майында №5 чыгыш өтүнүч катыӊыздарга КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы төмөнкүдөй шарттарды коюу менен макулдук берет. 1. Аймактык семинар өткөрүү үчүн 200 кишиге чакан имарат менен камсыз кылууӊуздарды сиздер тараптан өтүнөбүз. 2. Семинарга келген катышуучуларды мейманканага жайгаштыруу жана алардын тамак-аш менекамсыз кылуу чыгымдарын 50 % төлөп берүүнү сиздер тараптан суранабыз.   2011-ж. 2-майы (колу) А. А. Калмаматов

 

Буйрук кат

Буйрук кат- бир тармакка тиешелүү болгон уюмдарга бирдей мазмундагы иш чараны аткаруу үчүн жогорку уюмдан берилген ар кандай буйруктарды баяндоочу иш кагазы.

Буйрук каттын нускасы жиберилүүчү уюмдардын санына жараша даярдалат. Анын биринчи нускасы катты жиберген уюмда сакталат да. Калган нускалары тизме боюнча уюмдун курамына кирген төмөнкү инстанциядагы уюмдарга жиберилет.

Буйрук каттын маалымдаректери:

1. Каттын кайсы уюмдардын кандай жетекчилерине жөнөтүлгөндүгү;

2. Текст;

3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жөнү;

Буйрук каттын үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын бардык министрликтерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде 2012-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин кызматкерлери Мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин аныктоо боюнча сынактан өткөрүлөт. Ушул сынакка байланыштуу бардык кызматкерлер даярданууга жана маалымат менен таанышууга милдеттүү жана бул жоопкерчилик министрлерге жүктөлөт. Сынактан өтүү графиги кошумча түрдө билдирилет.   Кыргыз Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Н. Момуналиев

8. Эскертүү кат

Эскертүү кат жиберилген суроо каттарга карата тастык кат алынбаганда, түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүткөндө, шарты өзгөргөндө же анын аткарылышына көӊүл бурулбай калганда тиешелүү уюмга жазылат.

Эскертүү каты көлөм жагынан анча чоӊ болбойт. Кайсы мезгилде, канчанчы номур менен жиберилген кат экендиги текстте эскертилип, суроо катынын мазмуну кыскача баяндалат.

Кызмат каттарынын бул түрү телеграмма формасында да жиберилет. Анда эскертүү катын жиберген уюмдун аты толук көрсөтүлөт.

Эскертүү катынын маалым даректери:

1. Кат жиберилген уюмдун аты;

2. Текст;

3. Катты даярдоочу (референт же катчы), колу жана аты-жөнү;

 

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Азыкбаевге Эскертүү кат 2011-жылдын 4-мартында жиберилген №78-005 номурлуу 5-май КРнын Конституция күнүнө карата иш чара өткөрүү боюнча катыбызга жооп ала албадык. .   Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Алыбаев  

 

Маалым кат

(Справка)

Ар кандай абалдарды, болгон окуяны ж.б. маалыматтарды билдирүү же кабарлоо максатында жазылган расмий иш кагазы-маалым кат. Ал уюм тарабынан жеке адамдарга, жеке адамдар тарабынан уюмга карата жазылат.

Маалым кат кол жазма түрүндө, же компьютерде даярдалат. Басмакана ыкмасы менен даярдалган маалым каттын бланкы толтурулат. Маалым катка уюмдун жетекчиси (айрым учурда башкы эсепчи, кадрлар бөлүмүнүн башчысы ж.б.), маалым катты жазган жооптуу адам кол коёт. Уюмдун штампы, мөөрү жана коюлган колдор менен тастыкталат.

Маалым кат арналышына жана мазмунуна карата кызмат маалым каты жана өздүк маалым кат болуп бөлүнөт.

Кызмат маалым каты уюмдун ишмердигине ылайык ар кандай окуяларды расмий түрдө баяндайт жана тастыктайт. Маалым каттын бул түрү жогорку инстанцияларга же жетекчиге жазылат. Маалым каттын текстинин мазмуну эмгек тартибинин абалы, материалдык товар байлыктарынын сакталышы, өндүрүштөгү экологиялык абалдын өзгөчөлүгү, уюмдун каржылык ишмердиги, пландаштырылган милдеттенмелердин аткарылышы ж. б. маселелерди камтышы мүмкүн.

Кызмат маалым каты ички кызмат маалым каты жана тышкы кызмат маалым каты болуп бөлүнөт.

Ички кызмат маалымкаты

Ички кызмат маалым каты уюмдун ички иштери, чарбалык ишмердиги, айрым кызматкерлери жөнүндө даярдалат жана ошол уюмдун жетекчисине жиберилет. Мындай маалым каттарды уюмдагы кадрлар бөлүмүнүн башчысы, иш жүргүзүүчү ж.б. түзөт жана кол коёт.

Ички кызмат маалым каты жөнөкөй кагазга кол жазма түрүндө да жазылат.

Ички кызмат маалым катынын маалым даректери:

1. Маалым кат жөнөтүлүүчү уюм, жетекчиси, анын аты-жөнү;

2. Иш кагаздын аты (МААЛЫМ КАТ);

3. Тексттин темасы;

4. Текст;

5. Маалым катты түзүүчүнүн кызматы;

6. Маалым кат түзүүчүнүн колу;

7. Маалым кат түзүүчүнүн аты-жөнү;

8. Маалым кат даярдалган күн, ай, жылы;

Ички кызмат маалым каттын үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч. Момбековго   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору тууралуу Маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин АШ №1263, каттоо номери II-777 лицензиясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 56023-3301-У-е каттоо номериндеги күбөлүк менен өз ишмердигин жүргүзүп келет. 1.Окуу-маалымат борбору өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы билим, илим жөнүндөгү бардык укуктардан пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына жана өзүнүн жобосуна таянып иш алып барат. Борбор өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат. 2. Окуу-маалымат борбору юридикалык жак болуп эсептелет, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары жазылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар. 3.Борбор өз ишинде мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдүү жарандар менен өз алдынча төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзөт: -мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, кыргыз тилин начар билгендер үчүн кыргыз тили боюнча тездетилген курстарды уюштуруу; -мамлекеттик жана башка менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү; -мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана аны жайылтуунун илимий-усулдук иштерди уюштуруу; 4. Окуу-маалымат борбору тарабынан жылына 500-600 кызматкерлерге, жана тил үйрөнүүчүлөргө курстар уюшулуп, тастыктама (сертификат) тапшырылат. 2010-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын аппараты, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интеллектуалдык менчик кызматы, Эл аралык “Манас” аэропорту, Бишкек шаардык троллейбус департаментинин ж. б. кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча курстардан өтүштү. Ошондой эле Окуу-маалымат борборуна тил үйрөнүүчүлөр тарабынан араб, түрк тилдери боюнча да курстарды уюштурууга суроо-талаптар түшүүдө.   Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова

Тышкы кызмат маалым каты

Тышкы кызмат маалым каты уюмдун атынан жогорку инстанцияларга же жогорку жетекчиликке алардын көрсөтмөсүнө жана талабына ылайык даярдалат. Маалымкаттын бул түрү компьютерде даярдалып, ага жетекчи кол коёт. Тышкы кызмат маалымкаты атайын кагазга (фирмалык бланкка) да даярдалат. Бул иш кагазынын маалымдаректери ички кызмат маалымкатынын маалымдаректерине туура келет. Айырмасы –тышкы кызмат маалымкат жазылган атайын бланкта басмаканада даярдалган кошумча маалыматтар (маалымкат жиберилген уюмдун дареги, байланыш бөлүмүнүн индекси ж.б.) болот.

3.Өздүк маалым кат



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 1155; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.133.156.156 (0.136 с.)