Кошумча эмгек акысын алуу арызы. 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Кошумча эмгек акысын алуу арызы.



Доо арызын айрым жеке адамдар да жазат. Ал көбүнчө эл сотторуна берилет. Жеке кишилердин арызы үй-жай, мал-мүлкүн бөлүү, баласын кайра алуу, алимент, кошумча эмгек акысын өндүрүү, турак-жайдан чыгаруу, карызын талап кылуу ж.б. жөнүндөгү арыздын үлгүсү:

 

9. Эсептешүү арызы

Бул арыз аткарылган иштерге тиешелүү же оозеки макулдашуунун негизинде бүткөрүлгөн жумушка эмгек акы төлөп берүү жөнүндө жазылат:

Бүткөрүлгөн ишти мекемеде түзүлгөн комиссия карап чыгып, иштин бүткөрүлүшү жана сапаты жөнүндө көрсөтмө берет. Ал эми эсеп-кысап бөлүмү (бухгалтерия) комиссиянын актысында көрсөтүлгөн эмгек акысын төлөп бериши керек.

Эсептешүү арызы эркин жазылат, ошентсе да анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек.

1. Арыз жөнөтүлгөн мекеменин аты, жетекчинин кызматы, аты, жөнү;

2. Арыз жазуучунун маалыматы (дареги, паспорт номуру, ким тарабынан жана качан берилгени, ысымы, атасынын аты жана фамилиясы, туулган жылы);

3. Иш кагаздын аталышы (Эсептешүү арызы);

4. Арыздын тексти;

5. Арыз берилген убагы, колу, арыз ээсинин аты, жөнү

Эсептешүү арызы төмөнкүдөй аткарылат:

Кыргыз мамлекеттик улуттук илимдер АкадемиясынынТил илими институтунун директору, академик А.А.Акматалиевге Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ИИБи тарабынан 2003-жылдын 10-октябрында берилген А678943 номерлүү паспорт ээси, “Принт Модель” чакан ишканасынын директору Адамаалы кызы Гүлмирадан АРЫЗ 2011-жылдын 6-сентябрында Сиз менен түзүлгөн келишимге ылайык Тил илими институтуна 50 басма табак китеп чыгарып берүү милдеттенмесин алуу менен келишим түзүлгөн. Китептер чыгарылды жана институтка жеткирилди. Келишимде көрсөтүлгөн кызматка ылайык 110 000 (бир жүз он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп беришиңизди өтүнөм.   15.12.2011. (колу) Адамаалы кызы Гүлмира  

 

ЖАРЫЯ

Жакынкы мезгилде болуучу ар түрдүү маданий (кинофильм, спектакль көрсөтүү, концерт берүү, оюн-зоок) же коомдук (жарманке, көргөзмөнүн ачылышы ж.б.) иш чараларды уюштурууну элге кабардар кылуу максатында колдонулган иш кагазы-жарыя.

Оозеки формадагы жарыя телекөрсөтүүдөн, радиодон берилет.

Жарыянын маалым даректери:

1-маалымдаректе иш кагазынын аты белгиленет (ЖАРЫЯ)

2-маалымдаректе тексттин мазмуну. Ал кыска, так болуп сүйлөмдөрдүн маанилери логикалык ырааттуулук менен берилет;

3-маалымдарек- иш чаранын өткөрүлүүчү убактысы;

4-маалымдарек-иш чаранын өткөрүлүүчү жайы;

5-маалымдарек- иш чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу кошумча маалыматтар;

6-маалымдарек- иш чараны уюштурган мекеме же коомдук топ;

Жарыя менен кулактандыруунун малым даректери, негизинен, окшош болот, бирок иш кагазында жарыянын аты айрым учурда белгиленсе, кээде аталбай эле, өткөрүлүүчү иш чара баяндалат.

Жарыя! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги   Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү- 2012-жылдын 15-майына чейин. Конкурска тийиштүү иш кагаздары толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин.   Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59 1-кабат, жалпы бөлүм.    

Акыркы мезгилде жарыянын калыптанган формасы өзгөртүлүп, өзгөчө формадагы жарыялар басма сөз беттеринде жарык көрө баштады.

 

 

  Жарыя! Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекеме жана акционердик коомдордун (менчигинин түрүнө карабастан) кызматкерлерине жеке ишкерлерге иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө, жалпы эле мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн төмөндөгүдөй багыттар боюнча топтук жана жеке курстарын жүргүзөт:  
Курстардын аталышы Максаты Мөөнөтү Жыйынтыгы  
Баштоочу топ Башка улуттардын өкүлдөрүн мамлекеттик тилде сүйлөөгө, жаза билүүгө үйрөтүү 72 саат 3 (үч) ай Каалоочуларга 144 саат Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат  
Улантуучу топ Мамлекеттик тилде сабаттуужаза билүүгө, эркин сүйлөөгө үйрөтүү 72 саат 3 (үч) ай Каалоочуларга 144 саат   Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат  
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү Иш кагаздарынын баардык түрлөрүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү 48 саат 2 (эки) ай   Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат  
           

 

Курска жазылуу жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаӊыздар болот.

Биздин дарек: Киев көчөсү, 96 Б, 3-кабат, 319-бөлмө

Тел.: (0312) 90 01 84

(0559) 600 676

Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук

комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат

борбору

 

Жарнамалык жарыялар түрдүү форматта жана формада даярдалат. Графикалык стилистиканын элементтери – түрдүү шрифттер, боёктор менен жазуу, ар кандай фигураларды, сүрөттөрдү, фотолорду пайдалануу, жарнамалык тексттин жазылуу формалары ж.б. жарнамада өтө кеӊири пайдаланылат.

 

 

Кызматка конкурстук негизде кабыл алуунун шарттары да жарыяларда берилет:

  Жарыя! «Фабула» коомдук-саясий гезити Корректорлук кызматынын бошоп калган ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү 2012-жылдын 16-мартына чейин. Конкурска тийиштүү документтер толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр көчөсү №4 Б, 3-кабат кадрлар бөлүмү.   «Фабула» коомдук-саясий гезити.  

Билдирүү да жарыянын бир түрү катарына эсептелип, анын жалпы окшоштуктары бар.

Жаш төкмө акындардын эсине! «Айтыш» коомунун алдындагы «Төкмөлүк өнөр» ийриминин кезектеги сабагы 16-март күнү саат 14.00 дө башкы имаратта өткөрүлөт.  

Жарыя бардык учурда эле расмий түскө ээ болбостон, кээде азил-тамаша түрүндө да түзүлүшү мүмкүн. Мындай жарыялар окурмандын кызыгуусун пайда кылат.

Көӊүл бургула! Көӊүл бургула! «Бишкек Сити» оюн зоок клубу 2011-жылдын 17-ноябрында саат 18.00дө «Студенттердин күнүн» белгилөө кечесине чакырабыз. Кечеде жаштарга арналган шоу, ар түрдүү бийлер көрсөтүлөт. Конкурстар уюштурулат. Жеӊүүчүлөрдү кызыктуу байгелер күтөт. Кофе-брейк уюштурулат. Биздин дарек: Чүй чоӊ көчөсү 167 Тел. (0312) 68 80 98   Уюштуруу комитети  

Концерт, кинофильм жана спектаклдер жөнүндөгү жарыялар, адатта афиша деп аталат.

Урматтуу бишкектиктер жана меймандар! «Кыргыз киносу» студиясы Сиздерди 2012-жылдын 17-мартында «Мезгил жана Алыкул» аттуу кино тасманы көрүүгө чакырат.   Кино тасма күндүзү 14.00 дө, кечкисин 18.00дө көрсөтүлөт.   Сурап-билүү телефондору: «Кыргыз кино» студиясы  

Афишалар, адатта, көркөм кооздолуп, анда спектакль, жана кинофильмдин аталышынан тышкары пьесанын, кинофильмдин айрым бир каармандары же алардагы кээ бир окуялардын көрүнүштөрүнүн элеси чагылдырылат. Кооздолгон мындай афиша көрүүчүлөрдүн көӊүлүн өзүнө буруп, алардын кызыкчылыгын арттырууда жардам берет

КУЛАКТАНДЫРУУ

(Объявление)

Белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн алдыда боло турган иш-чараларга–чогулуш, жолугушуу ж.б. менен кабардар кылуу үчүн колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү билдирүү – кулактандыруу.

Кулактандыруунун маалым даректери:

1– иш кагазынын аты (КУЛАКТАНДЫРУУ)

2– кулактандыруунун тексти;

3– өткөрүлүү убактысы;

4– өткөрүү жайы;

5– кошумча түрдүү маалыматтар;

6 – иш чараны уюштуруучу (мекеменин аталышы ж.б.)

Бул маалым даректердин ичинен 3,4,5-маалым даректердин орду туруксуз болот. Алар кээде 1–маалым даректен кийин, айрым учурда текст менен аралаш берилиши ыктымал.

Кулактандыруу!   «Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12-ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясынын чоӊ жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт. Каттоо саат 9.00дө башталат.   Уюштуруучулар:Курманжан датка фондунун жетекчилиги    

 

Кулактандыруу!   Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улутттук комиссиянын алдындагы «Терминком» мүчөлөрүнүн эсине! «Терминком» мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны 2012-жылдын 21-февралында саат 13.00 дө Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кичи жыйын жайында өткөрүлөт.   Уюштуруу тобу

Мындай мазмундагы кулактандырууларда, адатта, 6-маалымдарек аткарылбайт, бирок иш- чаранын демилгечиси же уюштуруучусу тексттин мазмунунан билинип турат. Экинчиден, бул кулактандыруу билдирүү катары массалык-маалымат каражаттарында берилгени менен мында кулактандыруунун мааниси басымдуулук кылары подтексттен даана байкалат. Башкача айтканда, жаӊы шайланган депутаттардын бул сессияга катышуусу аларга милдеттендирилип турат.Айрым кулактандырууларда «КУЛАКТАНДЫРУУ» деген сөздүн ордуна «Көӊүл бургула», «Студенттердин эсине», «Кызматкерлердин эсние» деген сыяктуу чакырыктар да колдонулат:

 

Кызматкерлердин эсине! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадрлар кызматы Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы агенттигинин кызматкерлерин 2012-жылы 16-майда саат 9.00 дө тестирлөөдөн өткөрөт.   Жалпы бөлүм кызматы

Кулактандыруу иш чаралар аткарылуудан кеминде бир жума мурда жарыяланышы керек.

ТИЛ КАТ

(Расписка)

Мекеме менен уюмдан же бирөөдөн буюм-тайым, карыз акча, ошондой эле эгин-тегин, мал, кездеме ж.б. алганда тил кат берилет. Тил кат -алган нерсесин тастыктоочу документ болуп эсептелет.

Тил каттын негизги маалым даректери төмөнкүлөр:

1. Документтин аталышы (Тил кат)

2. Текст:

а) тил кат берүүчү кишинин кызматы, фамилиясы, аты жана атасынын аты;

б) акча, документ, буюм-тайым же башка бир нерсени берген кишинин кызматы, фамилиясы, аты. Атасынын аты (зарыл болгон учурда мекеменин аты);

в) акча, документ, буюм-тайым же башка бир нерселердин аталышы жана алардын саны (зарылдыгына байланыштуу баасы, акчанын суммасы) көрсөтүлөт;

г)алынып жаткан буюмдун техникалак абалы (эгер ал машина, ар трдүү аппараттар ж.б. болсо)

3. Тил каттын берилген убагы;

4.Тил кат берген кишинин колу;

5.Тил кат берген кишинин аты-жөнү;

Алына турган акчанын суммасы же буюм-тайымдын баасы жана алардын саны тил катта толук көрсөтүлүп, кашаанын ичинде жазуу менен берилиши шарт.

Тил каттын жалпы маалым даректери:

1– иш кагаздын аты;

2 –текст;

3 –тил кат жазылган дата;

4 – тил кат берүүчүнүн колу;

5 – тил кат берүүчүнүн аты – жөнү;

6 – «күбөлөр»;

7 -8 – күбөлөрдүн аты, жөнү;

6,7,8,9,10-маалым даректердин тил катта болушу милдеттүү эмес. Тил кат аркылуу түзүлгөн мамиле күбөлөрдүн болушун талап кылса гана, акыркы беш маалым дарек колдонулат.

Чоӊ суммадагы акча-буюмду, мүлктү убактылуу ээлөөдөгү юридикалык күчкө ээ расмий иш кагаз болгондуктан, анын жазылышына өзгөчө көӊүл буруу зарыл. Тактап айтканда, текст менен коюлган колдун арасында бош калган жерлер сызылып ташталат. Тил каттын текстиндеги жазууларды өчүрүүгө, оӊдоого тыюу салынат. Эгерде андай оӊдоолор же өчүрүүлөр болсо, тил кат расмий күчүн жоготкон деп эсептелет.

Тил каттын үлгүлөрү төмөнкүдөй болот:

 

ТИЛ КАТ Мен, Бекташов Талантбек Изатиллаевич (Бишкек шаарынын “Тунгуч-2” кичи районунун №68 үйүнүн №70 батиринин тургуну, Паспорт №258 07, берилген күнү 20.06.2009, берген орган ИИМ 50-37) Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет. 2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма миӊ сом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын 20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем. Ушул тил кат өз колум менен жазылды. Бекташов Т.И. 2011-ж.,20-май.  

Түшүнүк кат

(Объяснительная записка)

Кызмат тармагында, кызматка байланыштуу маселени, анын айрым жактарын түшүндүрүү үчүн жетекчиге же жогорку органдарга жиберилүүчү расмий документ– түшүнүк кат.

Түшүнүк кат–формасы жагынан баяндама катка жана билдирмеге окшош болот. Алардын айырмачылыктары төмөнкүдөй: баяндама кат менен билдирмеде жумуштагы жетишкендиктер жана жетишпегендиктер баяндалып, кемчиликти четтетүү жогорку инстанциялардан суралат. Чарбалык, финансылык, экономикалык маселелер билдирмеде чагылдырылат. Ал эми түшүнүк катта аны жазган адам мекемеде кызматтык тартипти эмне себептен сактабай калганы көрсөтүлөт.

Түшүнүк кат–жетекчинин талабы боюнча жазылат жана түшүнүк кат жазган адамды жазалоого негиз болот.

Түшүнүк каттар–арналышы боюнча ички түшүнүк кат жана тышкы түшүнүк кат болуп бөлүнөт.

1. Ички түшүнүк катты- негизинен кызматкер (жумушчу, илимпоз, студент, кызматчы ж.б.) же бөлүм башчысы мекеме жетекчисинин атына жазат. Анда эмгек тартибин бузган кызматкер же студент кетирген айрым кемчиликтер (маселен, ишке же окууга кечигип келүү, буйруктун же айрым тапшырманын өз убагында аткарылбай калышы, белгиленген тартипти бузуу, ага баш ийбегендик ж.б.) жана анын келип чыгышынын себептери далилденип көрсөтүлөт. Тике тиешелүү киши кол койгон мындай түшүнүк кат кадимки эле кагазга жазылат.

 

Ички түшүнүк каттын үлгүлөрү төмөнкүдөй болот:

Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин унаа базасынын мүдүрү Н.С. Сооронкуловго Жол коопсуздугу боюнча башкы кыбачы Эмил Төлөбекович Исманкуловдон Түшүнүк кат 2012-жылдын 1-мартында саат 9.00.дө Административдик жыйынга келбей калганымдын себеби, ошол убакта Бишкек шаарындагы Чүй, Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота Хайс» тез жардам авто унаасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү жеӊил авто унаасы жол кыймылынын эрежесин сактабагандыктан кагылышууга учурап, МАИ кызматкерлери менен бирдикте ишти аныктоого катыштым.   01.03.2012. (колу) Э. Исманкулов

 

2.Тышкы түшүнүк кат мекеменин бланкына жазылат. Ал ушул өзгөчөлүгү менен ички түшүнүк каттан айырмаланат.

Тышкы түшүнүк кат мекемелер ортосундагы ар кандай мамилелерди тейлейт. Тактап айтканда, бул иш кагаз мекеме тарабынан жогорку инстанцияларга жазылат.

Тышкы түшүнүк катта аны кайсы мекеме жазганы көрсөтүлбөйт, себеби ал бланкта көрсөтүлгөн.

Тышкы түшүнүк каттын маалым даректери:

1-маалым дарек–мекеменин бланкынын маалыматтары (министрликтин, анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн аталышы, герб же эмблема ж.б. маалымдаректер);

2-маалым дарек–түшүнүк кат жиберилген мекеме, анын жетекчисинин кызматынын аталышы жана аты-жөнү;

3-маалым дарек- түшүнүк каттын тексти;

4-маалым дарек – тиркеме (эгерде ал зарыл болсо);

5-маалым дарек түшүнүк кат жазуучунун кызматы;

6-маалым дарек – колу;

7-маалым дарек – аты, жөнү.

Мындай түшүнүк каттын жазылышында төмөнкү учурлар эске алынышы зарыл:

а) түшүнүк кат ээсинин иштеген мекемесинин аталышы көрсөтүлбөйт;

б) түшүнүк кат жазылган дата белгиленбейт.

Жогорудагы маалыматтар мекеменин бланкына басмаканалык ыкма менен мурда эле басылган болот. Ал маалыматтарды кайталоону түшүнүк каттын тили талап кылбайт.

Тышкы түшүнүк кат мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пландаштырылган иш-чаралары аткарылбаганда айрым бир өндүрүштөгү кырсыктарда, кокустуктарда жазылат.

 

Тышкы түшүнүк каттын үлгүсү төмөнкүдөй болот:

Кыргыз-Түрк «Манас» Kyrgiz-Turk «Manas» университети university Е-mail: manasuniver@ mail.ru 12.12.2012. №7 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаевге   Сиздердин сунуштамаӊыздар боюнча Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Эл аралык Симпозиумга каржылоо маселесине байланыштуу окутуучуларыбыздын делегациясынын катышуу мүмүкүнчүлүгү болбой тургандыгын билдиребиз.    

 

Тышкы түшүнүк кат басылма түрүндө (компьютерде) даярдалат. Ал эми ички түшүнүк каттар шартка ылайык кол жазма менен да жазылат.

 

ӨМҮР БАЯН

(Автобиография)

Киши өзүнүн өмүр жолун баяндап жазышы – өмүр баян. Өмүр баян бир түрдүү жазылбайт, ошондуктан ар бир киши өзү жөнүндө маалыматты ар түрдүү жазышы мүмкүн. Ал автор тарабынан эркин жазыла турган документ болуп эсептелет жана анда төмөнкү маалымдаректердин болушу зарыл:

1. Документтин аталышы (ӨМҮР БАЯН)

2.Текст

а) өмүр баян жазган кишинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты;

б) туулган күнү, айы, жылы жана туулган жери;

в) ата-энеси, ага-туугандары жөнүндө кыскача маалымат;

(фамилиясы, ысымы жана атасынын аты, иштеген жери);

г) билими жана адистиги;

д) иштеген иштери;

е) акыркы иштеген жери жана аткарган кызматы;

ё) сыйлыктары;

ж) коомдук иштерге катышуусу;

з) үй-блөлүк абалы жана үй-бүлөсү;

и) үйүнүн дареги;

3. өмүр баян жазган күн;

4. колу;

5. аты-жөнү;

 

Өмүр баян атайын даярдалган баракка же жөнөкөй эле кагазга ишке жаӊы киргенде, окууга өткөндө өз колу менен жазылат. Өмүр баяндын тексттин баяндаганда жогоруда көрсөтүлгөн негизги маалыматтар биринчи жак аркылуу баяндалат.

Өмүр баянда келтирилген бардык маалыматтар мезгилдик ыраатта (хронологиялык тартипте) берилиши керек. Өмүр баянды окуган, аны менен таанышкан киши ал адамдын басып өткөн өмүр жолу, иштеген иштери, көз карашы, ата-энеси, үй-бүлөсү жөнүндө толук түшүнүк алгандай жазылышы зарыл.

Өмүр баяндын тилинде диалектизмдер, орой жана эскирген сөздөр болбошу керек. Автор бул документте өзүн мактабайт.

Өмүр баян расмий иш кагазы болгондуктан, автордун өмүрүндөгү айрым терс (мисалы:соттолгону, согуш туткуну болгону ж.б.) далилдер жашырылып коюлбайт.

Мамлекеттик сырлар өмүр баянда берилбейт.

Өмүр баяндын жогоруда белгиленген маалым даректеринин баарынын текстте чагылдырылышы милдеттүү эмес. Алардын зарыл эместери жөнүндө маалымат берилбейт, айрымдарынын орду алмаштырылат.

Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндарда автордун тилдик бөтөнчүлүгү чагылдырылат жана ал стилде сүйлөшүү стилинин белгилери басымдуулук кылат, бирок расмийлүүлүк сакталат.

Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндын үлгүсү:

 

Өмүр баян Менин, Токобаев Болот Темирбекович1975-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында туулганмын. Атам- Усупбаев Темирбек, апам –Токсобаева Бактыгүл. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №6 орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине өттүм. 1996-жылы университетти аяктап, 1996-жылдан баштап 1997-жылга чейин Францияда окудум. 1997-жылы Өнөр–жай жана соода министрлигине жетектөөчү адис болуп ишке кирдим. 1999-жылы АКБ «Кыргызстан» банкына ишке кирдим. 2005-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратында Уюштуруу бөлүмүндө инспектор кызматын аркаладым. Ушул эле жылы КР Премьер –министринин жардамчысы болуп иштеп келдим. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Экономика өнүктүрүү министрлигинде иштедим. 2010-жылдан бери КР Президентинин Аппаратында эмгектенүүдөмүн. Yй бүлөлүк абалым: жубайым –Гүлзат Саламаттыкты сактоо министрлигинде юрист болуп иштейт. Эки балалуумун. Бир уул, бир кыз.   16-июнь, 2011-жыл (колу)

Жогорудагы өмүр баян кыска, так жазылган. Анда айрым маалым даректер башкача тартипте берилген. Бирок автор өз өмүр жолун кеӊири, так жана ырааттуу баяндаган.

ЧАКЫРУУ

(Приглашение)

Өткөрүлүүчү маараке–тойлорго, түрдүү жыйындарга, илимий жана практикалык конференцияларга, симпозиумдарга чакыруу үчүн жазылган кабарлоо – чакыруу.

Чакыруунун малымдаректери:

1. Иш кагазынын аталышы (Чакыруу);

2.Чакырылуучунун аты-жөнү;

3.Текст;

а) жыйын, илимий конференциянын кимге, эмнеге арналышы, илимдин кайсы тармагы боюнча боло тургандыгы (айталык, талкуу кайсы темада болору) көрсөтүлөт;

б) жыйындын, конференциянын аталышы;

в) жыйынды, конференцияны өткөрүүчү мекеме, уюмдун аттары;

4. Жыйындын, конференциянын өткөрүлүүчү убагы, айы, күнү, сааты;

5. Өтүүчү жайы;

6. Өткөрүүчү мекеменин, уюмдун аталышы.

Эгерде жыйынды бир нече мекеме, уюм биригип өткөрсө анда алардын аттары биринен кийин бири алфавит тартибинде толук көрсөтүлөт.

Чакырууда жыйындын, конференциянын күн тартиби да көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгерде чакыруу илимий-практикалык конференцияга түзүлсө, анда кандай баяндамалар боло тургандыгы (ар бир баяндаманын аталышы, баяндаманы ким жасай тургандыгы, баяндамачынын аткарган кызматы же илимий даражасы менен наамы) көрсөтүлөт.

Чакыруу компьютерде басылат же басмаканада көп нускада даярдалат. Чакырылуучунун ысмы жана фамилиясы, же мекеме менен уюмдун аты чакырууга ылайыктуу коюлат. Расмий чакырылчу адамдын ысымы менен атасынын аты (Бек Шералиевич) же фамилиясы (урматтуу К.К. Кудайбергенов), чакырылган адам өтө жакыны болсо Алымбек ага! Сайрагүл эже! Айымкан апа! Асан апа! деген сыяктуу бир түрдүө, же алардын илимий наамдары кошулуп (академик Акуновго, профессор Абдиевге) жазылышы мүмкүн.

Чакыруунун тексти үчүнчү жакта «…келүүгө чакырат», «…катышууӊузду өтүнөт» түрүндө жазылат. Эгерде чакыруу белгилүү бир мекеме же жеке адамдар тарабынан берилсе, анда ал биринчи жакта жазылып, акырында чакыруу жиберген мекеме же адам көрсөтүлөт.

Чакыруунун ар бир маалым дареги дайыма эле аткарыла бербейт. «ЧАКЫРУУ» деген аталышты жазбай койсо деле, тексттен иш кагазынын мазмуну чакыруу экендиги даана байкалат.

2-маалым даректин ордун барактын ортосуна, кээде оӊ жак бөлүгүнө жылдырып аткарууга болот.

Чакырууда өткөрүлүүчү иш-чаранын аткарылуу орду жана мөөнөтү текстте так баяндалганы туура болот.

Чакыруунун төмөнкүдөй үлгүлөрүн сунуш кылабыз:

 

  Чакыруу Урматтуу Камил Төлөбекович! Сизди үй-бүлөөӊүз менен балабыз Ринатты сүннөткө отургузууга байланыштуу тоюбузга келип, бата берип кетишинизди өтүнөбүз. Той 2012 –жылдын 24-майында саат 14:00 дө «Дасмия» ресторанынын той өткөрүү жайында болот. Сизди урматоо менен, Нурсейиттин үй-бүлөөсү.  

Расмий иш чараларга даярдалган чакыруунун текстинин түзүлүшү бир топ татаал болот. Мындай чакыруулар мамлекеттик жана коомдук мекемелерде даярдалат.

Чакыруу! Урматтуу Элмирбек Камилович! Сизди Кыргыз Республикасынын мыйзамдык долбоорун толуктоо боюнча «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» аттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги чакырат. Жыйын 2012-жылдын 1-февралында саат 9. 30 да Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жыйын жайында (Жаш Гвардия көчөсү, 59-үй, 1-кабат, «Манас ордосу» жайында) башталат.   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги  

 

Мындай чакырууда адабий тилдин нормага ылайык сөздөр китеп сөздөрү жана сөз тизмектери активдүү пайдаланылат.

Чакыруунун дагы бир түрү – чакыруу каты. Мындай каттар белгилүү адамдарга же андай адамдардын тобуна жиберилет. Чакыруу катында өткөрүлүүчү иш–чаранын максаты же көтөргөн түйүндүү маселеси так көрсөтүлүп, ага чакыруунун максаты ачык жазылат. Башкача айтканда, чакырылган адам ал жыйында ошол маселе боюнча сөз сүйлөшү же өз пикирин билдириши биринчи планга коюлат. Чакыруу каты мекеменин бланкына жазылат.

Чакыруу катынын маалым даректери:

1 -бланкта белгиленген мекеме жөнүндөгү маалыматтар;

2-чакыруу катын алуучу адамдын иштеген жери жана аты-жөнү;

3-чакырылуучуга карата кайрылган каратма сөз;

4-чакыруу катынын тексти;

5-чакыруу катын жиберген мекеменин жетекчиси же жооптуу кызматкеринин аткарган кызматы;

6- колу;

7-чакыруу катын жиберүүчүнүн аты-жөнү;

Чакыруу каты жиберилген дата жана башка маалыматтар мекеменин бланкында көрсөтүлөт.

Чакыруу каты кызмат каттарына да окшоп кетет. Бирок чакыруу катынын мазмунуна чакырылуучунун макулдугу талап кылынбайт. Ал ушул белгиси менен расмий чакыруу катынан айырмаланат.

Чакырууда жана чакыруу катында «сиз» ат атоочу гана колдонулат.

РАСМИЙ ИШ КАГАЗДАР

Иш кагаздарынын ичинен рамий иш кагаздар саны, аткарылуучу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча өздүк иш кагаздардан кескин айырмаланат. Расмий иш кагаздар деген терминдин өзү да шарттуу болуп саналат. Бул топтогу иш кагаздарынын аткарылышында жетекчиликтин негизги фигура катары аракетте болушу, аларда өздүк иш кагаздарына салыштырмалуу бир канча расмийлүүлүк мүнөздүү.

Расмий иш кагаздарынын ар бир түрү да, түрчөлөрү да даярдалуу процесси боюнча бири-биринен айырмаланат. Мисалы, акт өзүнчө иш кагазы катары бир канча түрчөлөргө бөлүнөт, бирок ал түрчөлөрүн даярдоодо жана аткарууда алардын башкы белгилерине көӊүл буруу зарыл.

Расмий иш кагаздарына акт, буйрук, протокол ж.б.у.с. иш кагаздар кирет. Булардын ар бирине айрым-айрым токтолобуз.

АКТ

Ар кандай уюмда, мекемеде тигил же бул иштин аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы, бир мекемеден экинчи мекеменин кайсы бир буюм-тайымдарды өткөрүп алышы, келишимде көрсөтүлгөн шарт аяктаса, көрсөтүлгөн сумма үчүн документтерди кабыл алышы ж.б. күбөлөндүрүү максатында акт жазылат. Аны жазуунун негизги максаты буюм-тайымдарды же эки кишинин ортосундагы болгон чыр-чатакты, биринен экинчисине өткөрүлгөн нерселерди тастыктоо болуп эсептелет. Акт түзүү бир канча көрүнүштөрдү өз ичине камтыйт.

1. Кампанын эсеп-кысабы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда буюм-тайымдардын канчасы чыгыш-канчасы кириш болгондугун текшерүү учурунда эмнелер бар экендигин айгинелеген акт (атайын түзүлгөн комиссия, же кампаны өткөрүүгө байланыштуу) түзүлөт.

 

Yлгү: Материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү жөнүндө акт

АКТ 1-июнь, 2011-жыл Бишкек шаары   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы М.Ааматов адистери З.Исакова, С. Кубатова, З.Козубаева болуп төмөндөгү актыны түздүк. Мурда З.Исакованын жеке жоопкерчилигиндеги персоналдык компьютерди (1 даана) өндүрүштүк кызыкчылыкка байланыштуу, бөлүмдүн ишин өркүндөтүү максатында З. Козубаеванын жоопкерчилигине өткөрүп бергендигин күбөлөндүрөбүз.   Комиссиянын төрагасы М.Ааматов Мүчөлөрү: З.Исакова С. Кубатова З. Козубаева Тиркеме: Спецификациялоо актысы

 

2. Акт колдо болгон буюм-тайымды аныктоо, алардын наркын, санын көрсөтүү (айрым учурда тигил же бул табигый кырсыкка байланыштуу буюм-тайымдын жок же жараксыз болушун чарбалык имараттын колдонууга жараксыздыгын ж.б. белгилөө) максатында да түзүлөт.

3. Акт соода-сатык мекемелеринде, уюмдарда буюм-тайымдар жетпей калган учурларда алардын себептерин аныктоо максатында жазылат.

 

Бекитемин

Кыргыз Республикасынын



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 1209; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 18.224.214.215 (0.112 с.)