Заглавная страница Избранные статьи Случайная статья Познавательные статьи Новые добавления Обратная связь КАТЕГОРИИ: АрхеологияБиология Генетика География Информатика История Логика Маркетинг Математика Менеджмент Механика Педагогика Религия Социология Технологии Физика Философия Финансы Химия Экология ТОП 10 на сайте Приготовление дезинфицирующих растворов различной концентрацииТехника нижней прямой подачи мяча. Франко-прусская война (причины и последствия) Организация работы процедурного кабинета Смысловое и механическое запоминание, их место и роль в усвоении знаний Коммуникативные барьеры и пути их преодоления Обработка изделий медицинского назначения многократного применения Образцы текста публицистического стиля Четыре типа изменения баланса Задачи с ответами для Всероссийской олимпиады по праву Мы поможем в написании ваших работ! ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?
Влияние общества на человека
Приготовление дезинфицирующих растворов различной концентрации Практические работы по географии для 6 класса Организация работы процедурного кабинета Изменения в неживой природе осенью Уборка процедурного кабинета Сольфеджио. Все правила по сольфеджио Балочные системы. Определение реакций опор и моментов защемления |
Кызматкерлерди сыйлоо буйругу
4.Буйруктун көчүрмөсү Мекемелердин же жарандардын талабы боюнча буйруктун көчүрмөсү берилет. Көчүрмө компьютерде кайра даярдалып, аны талап кылган тарап үчүн зарыл болгон маалымдаректер толук киргизилиши керек. Буйруктун тексти жөнөкөй болсо, анда түп нуска толугу менен көчүрүлүп, ага жетекчи кол койбой эле, кеӊсе кызматкерлеринин “Көчүрмө анык ” же “Анык” дегенвизасы менен ырасталат. Көчүрмөнү даярдоочу колун коюп, кеӊсенин төгөрөк мөөрүн басат.
Жөнөкөй буйруктун көчүрмөсүнүн үлгүсү:
КӨРСӨТМӨ (Распоряжение) Мекемелерде кабарлоо-усулдук түрдөгү маселелер, ошол сыяктуу буйруктар, нускамалар ж.б. көрсөтмө документтерди аткаруу жарнама уюштуруу маселесине байланыштуу чыгарылган укуктук документ- көрсөтмө. Көрсөтмөгө биринчи жетекчи, баш кыбачы, орун басар кол коюуга укуктуу. Көрсөтмө иш кагазы басылат. Бул дагы буйрук түрүндө, адатта, тема коюлуп жазылат. Көрсөтмө киришүү жана буйрук бөлүктөрдөн турат. Кириш бөлүмдө “мындай максатта”, “мындай буйрукту аткаруу үчүн” деген сыяктуу сөз айкаштары колдонулат жана “ЖҮКТӨЙМҮН”, “СУНУШ КЫЛАМЫН” сөздөрү менен аяктайт. Тийиштүү кызматкерге анын кызматына тике тиешелүү болбогон иштер тапшырылса, анда “СУНУШ КЫЛАМЫН” сөзү колдонулат. Көрсөтмөнүн тилинин стили жана аткарылуу формасы буйрукка окшош.
Көрсөтмөнүн үлгүсү:
ЖАРЛЫК (Указ) Жарлыкты мамлекет башчысы чыгарат. Жарлык менен мамлекеттик орден жана медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар жана согуштук абалдар киргизилет, кимдир бирөөгө өлкөнүн жарандык укугу берилет же жарандык укук алынат. Кыскасы, мамлекеттеги саясий жана экономикалык мааниге ээ болгон бардык иш-чаралар жарлык аркылуу жайылтылат жана аткарууга алынат. Кыргыз Республикасында жарлыкты өлкөнүн Президенти гана чыгара алат. Жарлык түзүлүшү жана мазмуну боюнча жөнөкөй жарлык жана татаал жарлык болуп бөлүнөт. Жөнөкөй жарлык конкреттүү кимдир бирөөгө же адамдардын тобуна арналып чыгарылып, анда сыйлоо, наамдарды ыйгаруу, кызматтарга дайындоо ж.б. ишке ашырылат.
Жөнөкөй жарлыктын маалым даректери: 1. Документтин аты; 2. Текст; 3. Кызмат орун; 4. Колу; 5. Аты-жөнү; 6. Каттоо номуру; 7. Жарлык даярдалган жай; 8. Күнү, мөөнөтү;
“Документтин аты” маалым дареги эки сапка жазылат: биринчи сапта “Кыргыз Республикасынын Президентинин” бөлүгү, экинчи сапта “Жарлыгы” бөлүгү жайгаштырылат. Иш кагаздын аталышын жалаӊ баш тамга менен да жазууга болот. “Текст” маалым дарегинде жарлыктын мазмуну кыска жана сыйымдуу формада туюнтулат. Андагы фамилия баш тамга менен биринчи болуп, аты жана атасынын аты жалпы негизде фамилиядан кийин жазылат. Тексттин эӊ акыркы сөзү баш тамгалар менен 3-жактын буйрук этиш формасында белгиленет. “Кызмат орун” маалым дарегинин чечмелениши- Кыргыз Республикасынын Президенти. “Колу” маалым дарегинде адатта Президенттин факсимилеси коюлат. “Аты-жөнү” маалымдарегинде Президенттин атынын гана баш тамгасы берилет жана фамилиясы андан кийин келип, ал баш тамгалар менен жазылат. “Каттоо номуру” маалым дареги массалык-маалымат каражаттарында жарыяланбайт. Ал түп нускада гана белгиленет. “Борбор шаар, өкмөт үйү” маалым дарегинин белгилениши – Бишкек шаары, Өкмөт үйү. “Мөөнөтү” маалым дареги толук жазылууга тийиш. Жөнөкөй жарлыктын үлгүсү:
Татаал жарлыктын маалым даректеринин жайгашуу тартиби төмөнкүдөй: Маалым даректер төмөнкүдөй чечмеленет:
1. Жарлыктын текстинин темасы; 2. Иш кагазынын аталышы; 3-А. Тексттин киришүү бөлүгү; 3-Б.Тексттин негизги бөлүгү; 4. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөөгө жооптуу; 5. Жарлыктын расмий күчүнө кирүү мөөнөтү; 6. Кызмат орун; 7. Колу; 8. Аты-жөнү; 9. Жарлык даярдалган жай; 10. Күнү, мөөнөтү; 11. Каттоо номуру. “Жарлыктын текстинин темасы” маалым дарегинде жарлыктын текстинин мазмуну чагылдырылат. Тема тексттин мазмунун так, кыска түрүндө туюнтулушу талап кылынат. "Иш кагазынын аталышы” маалым дареги эки сапка бөлүнүп жазылат: биринчи сапта “Кыргыз Республикасынын Президентинин” бөлүгү, экинчи сапта “Жарлыгы” бөлүгү жалаӊ баш тамгалар менен да жазылышы мүмкүн. Жогорудагы эки маалым дарек өз ара “жөнүндө” кызматчы сөзү менен байланышып бир бүтүндүктү түзүп турушу талап кылынат. “Жөнүндө” кызматчы сөзү “Жарлыктын текстинин темасы” маалым дарегинин аягына келтирилет.
“Жарлыктын текстинин темасы” жана “Иш кагаздарынын аталышы” маалым даректери графикалык каражаттардын жардамы (мисалы: шрифтерди карартып же кыйшайтып жазуу ж.б.) менен өз ара айырмаланып турушу керек: “Тексттин киришүү бөлүгү” маалым дарегинде сөз болуп жаткан жарлыкты даярдоонун негизги себептери көрсөтүлүп, “...токтом кылам” деген этиш сөз менен аяктайт. “Тексттин негизги бөлүгү” маалым дарегинде жарлыктын мазмуну пункттар же беренелер боюнча конкреттештирилет. Тексттин мазмунуна ылайык пункттар “...милдеттендирилсин”, “...уюштурулсун”, “турмушка ашырсын” деген сыяктуу 3-жактагы буйрук этиш сөздөр менен аякташы мүмкүн. “Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөөгө жооптуу” маалым дарегинде көзөмөлдүк кылуучу органдын же бөлүмдүн аталышы көрсөтүлөт. “Жарлыктын расмий күчүнө мөөнөтү” маалым дарегине конкреттүү (мисалы:... жарыяланган күндөн тартып...,...2000-жылдын 1-сентябрынан... деген сыяктуу) мөөнөт коюлат. 6,7,8,9,11-маалым даректер жөнөкөй жарлыктын окшош аталыштагы маалым даректеринин аткарылышына окшош болот. Татаал жарлыктын үлгүсү: Ага чейин жарлык тиешелүү эл чарба тармагында укуктук күчкө ээ болот жана аны тиешелүү мекемелер, тараптар жана жеке адамдар сөзсүз аткарууга милдеттүү. ЖОБО (Положение) Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары, токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо. Жобо-ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде жүргүзөт. Жобо төмөнкүдөй маалымдаректерден түзүлөт: 1. Жобону бекитүү белгиси; 2. Жобонун расмий аталышы; 3. Жалпы маселелер; 4. Түзүм; 5. Негизги милдеттер; 6. Ишти уюштуруу; 7. Мекеменин укуктары жана милдеттери; 8. Мекемени өзгөртүп түзүү жана жоюу;
Зарыл болсо, жобонун маалым даректери дагы башка белгилер менен толукталышы мүмкүн. “Жобону бекитүү белгисинде” ар бир мекеменин жетекчилиги өз жобосун качан бекиткендиги жөнүндө белги коёт. Ал белги барактын оӊ жак жогорку бөлүгүнө белгиленет.
“Жобонун расмий аталышы (ЖОБО)” белгиси жобонун аталышы болуп саналат да, ал аталыш жалпы негизде жазылат.
“Жалпы маселелер” маалым дарегинде аталган жобо эмне үчүн же кайсы буйруктун (жарлыктын, токтомдун) негизинде түзүлгөндүгү, жобонун ээси болгон мекеме өз ишмердигинде кайсы мыйзамдарга, өкмөттүк токтомдорго таянары, мекеменин жетектөөчү органы жана анын мүчөлөрүнүн саны, жетекчилиги жана анын кимге баш иери, мекеменин мөөрү, расмий бланктарынын бар экендиги тууралуу сөз болот. “Түзүм” маалым дарегинде жобонун ээси болгон мекеменин түзүмдүк өзгөчөлүгү, ал эми түзүмдү өзгөртө албоо укугу, жетекчилердин кызмат милдеттери чагылдырылат. “Негизги милдеттер” маалым дарегинде жобонун ээси болгон мекеменин өндүрүштүк жана коомдук милдеттери, аткаруу жана тескөө укуктары, мекеменин каржы каражаттарын пайдалануу укуктары, ишмердикти уюштуруу өзгөчөлүктөрү белгиленет. “Ишти уюштуруу” маалым дарегинде мекеменин жогорку органы, анын кандай тартипте бир жылда канча ирет өткөрүлөрү, чечимди кабыл алуунун шарты, иш кагаздарынын аткарылышы жана сакталышы, мекеменин жалпы ишмердигине жооптуу тараптын кызматтык иш милдеттери чагылдырылат. “Мекеменин укуктары жана милдеттери” маалым дарегинде мекеменин бюджетинин аныкталышы, мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биримдикте иштөө тартиби жана алардын үстүнөн болгон көзөмөл иш-милдеттери, мекемеде кызмат орундарынын штатын аныктоо, коомдук жана мамлекеттик башка уюм жана мекемелер менен болгон карым-катнашы, жетекчинин укук жана милдеттери, мекеменин жана ага баш ийген түзүмдөрдүн сметаларынын бекитилиши ж.б. сыпатталат. “Өзгөртүп түзүү жана жоюу” маалым дарегинде мекеменин өзгөртүлүп түзүү жана жоюу шарттары жана алар менен байланышкан иш-аракеттер жөнүндө сөз болот. Жобонун аракеттеги мыйзамдарга карама-каршы келбестиги жөнүндө мекеменин укук боюнча кеӊешчиси кепилдик бергенден кийин, ал жетекчи тарабынан же мекеменин жамаатынын чогулушунда бекитилет. Жобо А4 форматындагы кагазга даярдалат. Ал китепче түрүнө келтирилет, мекеменин түзүмдөрүнө, жетекчилигине, ар бир кызматкерге жеткирилиши мүмкүн. Жобого оӊдоолор же толуктоолор киргизилгенде ал кайрадан талкууга коюлуп, жетекчилик же чогулуш тарабынан бекитилет.
Жобонун үлгүсү:
Жобонун биринчи бетинде номур коюлбайт. Кийинки беттери номурланат.
Жобонун барактарынан жип өткөрүлүп, акыркы беттин артына байланып, чие байланган түйүндүн уч жактары кагаз менен бастырылып желимденет жана анын үстүнө мекеменин гербдүү мөөрү басылат. Зарыл болсо, жобо канча беттен турары жазылып коюлат. Жобо бекитилгенден кийин расмий күчүнө кирет.
ИШЕНИМ КАТ (Доверенность) Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин атынан иш жүргүзүү үчүн экинчи бир кишиге ишеним билдирилген жана анын өкүлдүгүн аныктап жазылуучу иш кагазы – ишеним кат. Ал мазмуну жагынан ар түрдүү келип, бирөөнүн мал, мүлкүн башкаруу, акча жана материалдык байлыктарын алуу, сот процессинде тигил же бул ишти алып баруу жана башка иштерди турмушка ашырууга укуктуу экендигин күбөлөндүрөт. Иш-аракетти жүзөгө ашырууга өкүлдүк укук ишкана, мекеме, бирикме же жеке адам тарабынан берилгендигине байланыштуу ишеним кат кызматтык ишеним кат жана жеке ишеним кат болуп эки түргө бөлүнөт. Кызматтык ишеним кат мамлекеттик мекемелер, акционердик коомдор, агрофирмалар, банктар, кесиптик бирикмелер, партиялар, ар түрдүү кооперативдер, чакан ишканалар, коммерциялык мекемелер ж.б. кызматкерге мекеменин атынан иш жүргүзүүгө укук берилгендигин расмийлештирүү максатында берилет. Мындай ишеним катка мекеме жетекчиси колун коюп, мөөр басып, күблөндүрөт. Айрым учурда, мисалы, жеӊил машинаны айдоого, кооперативдик же коомдук мүлктү башкарууга берилген ишеним кат мыйзамдын талабына ылайык нотариат мекемеси тарабынан тастыкталышы зарыл. Ишеним каттар жарактуулук мөөнөтүнө карата жөнөкөй ишеним каттар жана өзгөчө ишеним каттар болуп бөлүнөт. Жөнөкөй ишеним кат бир гана ишти ишке ашыруу милдетин аткарыш үчүн, мисалы, бир жолу акча же баалуу буюмду алуу үчүн берилет. Ал эми өзгөчө ишеним каттар узак убакка (мезгилге) созулуучу бир түрдөгү милдетти аткаруу үчүн берилет. Өзгөчө ишеним каттар документ жүргүзүүдө расмий ишеним каттар деп да аталат. Биз ушул терминди колдонобуз. Ишкананын, мекеменин атынан өкүл катарында иш жүргүзүү үчүн берилген ишеним кат ушундай ишеним каттын түрүнө кирет. Расмий ишеним каттардын укуктук күчүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт. Андай ишеним каттар бир нече күндөн үч жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Эгерде расмий ишеним каттын мөөнөтү көрсөтүлбөсө, андай учурда ал берилген күндөн баштап, бир жыл бою өз күчүн сактайт. Расмий ишеним каттар, адатта, Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитети бекиткен даяр үлгүдө аткарылат. Мындай басма иш кагаздарында ишеним каттын тийиштүү бөлүмдөрүн туура жана анык толтуруу үчүн атайын орун жана көрсөтмөлөр болот. Аткаруучу аны толтурат. Басылган бланк болбогон учурда ишеним кат кадимки кагазга жазылып, анын жогорку сол четине ишеним кат берген мекеменин, ишкананын, бирикменин же уюмдун штампы басылат. Материалдык буюм байлыктарына байланыштуу расмий ишеним катты пайдаланууда атайын жоболор белгиленген. Мындай атайын формадагы ишеним каттар мекеме башчысынын жана башкы эсепчинин колу менен бекитилип, ушул мекеменин кызматкерине гана берилет.
Расмий ишеним каттын маалым даректери: 1. Иш кагазынын аталышы (ИШЕНИМ КАТ); 2. Мекеменин штмпы; 3. Текст; 4. Ишеним каттын жарамдуулук мөөнөтү; 5. Ишеним кат берилген адамдын колунун үлгүсү; 6. Ишеним кат берилген адамдын паспортунун (же башка документинин) маалыматтары; 7. Мекеме жетекчисинин кызматынын аты;
8. Жетекчинин колу;
9. Жетекчинин аты-жөнү;
10. Башкы эсепчи же эсепчи;
11. Башкы эсепчи же эсепчинин колу;
12. Башкы эсепчи же эсепчинин аты-жөнү;
“Мекеменин штампы 2-маалым дарегинде ишеним кат берилген күн жана ишеним каттын номуру так көрсөтүлүшү зарыл. Адатта, ишеним каттарды каттоо журналын жүргүзүү максатка ылайыктуу. “Текст” маалым дарегинде ишеним кат берилген уюмдун расмий аталышы, ишеним көрсөтүлгөн адамдын аты-жөнү, кайсы мекемеден эмнени канча алары, алуу мөөнөтү так көрсөтүлүшү керек. Тексттен ишеним кат берилген адамдын ыйгарым укугу даана көрсөтүлүшү талап кылынат. “Ишеним каттын жарамдуулук мөөнөтү” маалым дарегинде күнү, мөөнөтү так көрсөтүлөт. Ал кээде тексттен мурда да берилиши мүмкүн. “Ишеним кат берилген адамдын колунун үлгүсү” маалымдарегинде ишеним кат берилген адамдын колунун үлгүсү көрсөтүлөт. Бул колдун үлгүсү башка мекемеден буюм же акча алууда коюлган колу менен дал келиши керек. Ансыз колдун экөөнүн бирөө жасалма деп эсептелинип, ишеним кат күчүнөн ажырайт. Колдун үлгүсү мүмкүнчүлүк болсо, кара сыя (паста же туш) менен коюлса болот. “Ишеним кат берилген адамдын паспортунун (же башка документинин) маалыматтары” маалым дарегинде ишеним кат берилген адамдын паспортунун сериясы жана катар номуру, ал качан, кайсы мекеме тарабынан берилгени көрсөтүлөт. Күч жана фискалдык органдардын кызматкерлеринин күбөлүктөрү паспортту алмаштырат. Ишеним каттын 8,9,10–маалым даректери зарыл учурларда гана көрсөтүлөт. Расмий ишеним каттардын тексти эркин аткарылат жана ал компьютерде даярдалат.
Жогорудагы ишеним кат бир гана жолу, кызматкер кыска мөөнөттө бир гана ишти бүткөрүүгө, тагыраак айтканда келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө мүнөздөгү ишеним каттын үлгүсү:
Расмий ишеним каттын зарыл бөлүктөрү бузулбай жана оӊдолбой анык, так жазылышы керек. Негизделген маселесиз материалдык-буюм байлыктарын кимдир бирөөгө берүүгө уруксаат этилбейт. Материалдык-буюм байлыктарын алуу үчүн ишеним катты түзүү, аны берүү жана аткаруу тартибин сактоо, андан соӊ алардын пайдаланышына көзөмөл кылуу мекеменин башкы эсепчисинин милдети болуп саналат. Жеке ишеним катты бир гана киши башка бир кишиге анык бир ишти аткарууга ишеним көрсөтүп жазат. Бул иш кагазы аркылуу белгилүү мекемеден акча же баалуу буюм, түрдүү документти алууга, сатуу жана сатып алуу келишимдерин түзүүгө, кимдир бирөөнүн машинасын айдап жүрүүгө, менчик мүлкүн башкарууга жана башка ушул сыяктуу жумуштарды жүзөгө ашыруу үчүн ишеним билдирет. Жеке ишеним каттын кеӊири таралган кызматы маяна, алимент, стипендия, жөлөк пул ж.б. алуу болуп саналат. Мындай ишеним катты нотариустун бекитиши зарыл эмес. Ишеним билдирген кишинин колун ал иштеп же окуп жаткан мекеменин башчысы, ооруканада дарыланып жатса, оорукананын администрациясы, армияда ар бир бөлүктүн командири жана ушул сыяктуулар бекитиши (күбөлөндүрүшү) мүмкүн.
Жеке ишеним каттын маалым даректери төмөнкүдөй: 1.Иш кагазынын аталышы (ИШЕНИМ КАТ) же Ишеним кат); 2.Ишеним каттын тексти; -ишеним билдирүүчү кишинин толук жазылган аты-жөнү; -ишеним кат берилген кишинин толук жазылган аты-жөнү; -зарыл болсо анын кызматы, туугандык жайы көрсөтүлөт; -ишеним каттын мазмуну, б.а. ишеним көрсөтүлүп жаткан аткарылуучу иштин толук баяндамасы; -ишеним катта көрсөтүлгөн иш аткарылуучу мекеме; 3. Ишеним кат берилген күнү, айы, жылы; 4. Ишеним кат берүүчүнүн колу; 5. Ишеним кат берүүчүнүн аты-жөнү; 6. Ишеним кат берүүчүнүн колун ырастаган текст; 7.Ишеним катты күбөлөндүргөн мекеменин аталышы жана жетекчисинин кызматы; 8. Күбөлөндүргөн жетекчинин колу; 9. Күбөлөндүргөн жетекчинин аты-жөнү; 10. Күбөлөндүрүлгөн күнү, айы, жылы;
Жеке ишеним каттын даярдалышында ишеним көрсөтүлгөн адамдын паспорттук (же башка документтик) маалыматтары көрсөтүлүп, ишеним көрсөтүлө турган адам ала турган акчанын суммасы, буюмдун түрлөрү жана саны алдын ала белгилүү болсо, акчанын суммасы адегенде араб цифрасы, андан кийин жазуу түрүндө, буюмдар ирети менен белгиленет. Жеке ишеним катта ишенилген ишти аткаруу мөөнөтү кыйыр түрүндө “...2000-жылдын февраль айындагы маянамды...” деген сыяктуу формада туюнтулат. Жеке ишеним каттын укуктук күнү 3 айга чейин болот. Жеке ишеним катка күбөлөндүрүүчү тараптын төгөрөк гербдүү мөөрү басылгандан кийин гана ал укуктук күчүнө кирет. Эгерде ишеним кат берүүчү менен ишеним көрсөтүлгөн кишилердин экөө теӊ бир мекемеде иштесе (бирге окушса), акча же кымбат баалуу буюмдарды ишеним кат менен алган учурда ишеним көрсөтүлгөн кишинин өзүн күбөлөй турган документтин (паспорт, күбөлүк) көрсөтүлүшү зарыл эмес. Бардык башка учурда ишеним катты көрсөткөн киши өзүнүн паспорту же анын ордуна колдонулуучу документин көрсөтүшү шарт. Жеке ишеним катттын үлгүсү:
КЕЛИШИМ (договор) Эки же андан артык тараптардын жарандык укуктары менен милдеттерин белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндөгү иш кагазы келишим деп аталат. Келишим мамлекет, ишкана, фирма илимий мекеме же жамааттык уюмдар, мекемелер ошондой эле эмгекчилердин арасында түзүлүшү мүмкүн. Келишим өз мазмунуна ылайык азык-түлүктөрдү өткөрүп берүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн мамлекетке сатуу, материалдык жоопкерчилик, имарат же курулуш куруу, турак-жайды ижарага алуу, үй-жай жана транспорт каражаттарын сатуу-алуу, мурас калтыруу, алмаштыруу, мал-мүлкүн ижарага берүү, карыз берүү ж.б. жөнүндө түзүлөт. Ар кандай келишим өзүнүн мазмуну жана мүнөзүнө ылайык мыйзамга дал келгендей түзүлүшү керек. Бул жобонун бузулушу келишимдин расмий күчүн жокко чыгарат жана аны туура эмес түзгөн же ага жол берген кызмат кишиси жоопкерчиликке алып келет. Эмгек макулдашуу келишими мазмуну боюнча көп түрдүү болот. Мындай келишимдин түрү катары мекеме менен анын штатына кирбеген адистердин ортосундагы өз ара мамилелерди расмийлештирилген эмгектик макулдашуу келишими. Эмгектик макулдашуу келишими эки нускада түзүлүп, анын бир нускасы ишти аткаруучуга берилет, экинчиси бухгалтерияда же башка тийиштүү бөлүмдүн документтер көктөмөсүндө сакталат. Эмгектик макулдашуу келишиминин маалым даректери төмөнкүдөй: 1. Иш кагаздын аты; (ЭМГЕКТИК МАКУЛДАШУУ КЕЛИШИМИ, ЭМГЕК КЕЛИШИМИ, ЭМГЕКТИК МАКУЛДАШУУ); 2. Келишим даярдалган жай; 3. Келишим даярдалган күнү, айы, жылы;
|
|||||||||||||||||
Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 879; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы! infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.14.132.214 (0.124 с.) |