Президентинин Аппарат жетекчисинин 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Президентинин Аппарат жетекчисинин



Орун басары

____________С. Н. Байназаров

“_____”__________ 2011-ж.

Аткарылган иш тууралуу

АКТ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек Саламатович Каптагаев менен №8 кызматташуу келишими түзүлгөн.

Келишимде 2011-жылдын 1-октябрынан 30-декабрынан чейин кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутууга:

-баштоочу топ үчүн 72 саат;

- улантуучу топ үчүн 72 саат;

- иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө 48 саат белгиленген.

Окуу-маалымат борбору тарабынан көрсөтүлгөн иш милдети аягына чыкты. Кызматкерлерден сынак алынып, жыйынтык чыгарылды.

Учурда сынактан өткөн курстун угуучуларына тастыктама тапшырууга берилди.

 

 

Окуу-маалымат борборунун

Директору А. Исманкулова

А.Н. Абдылдаева

А. Т. Аликеева

Ж. А. Рахматова

Баяндама кат

(докладная записка)

Тапшырылган иштин аткарылгандыгын же аткарылбай калуу себебин мекеме жетекчисине кызматкердин расмий түрүндө билдирип жазган иш кагазы– баяндама кат.

Баяндама катта жетекчиге маалымат гана бербестен, анда коюлган тапшырманы тез жана сапаттуу аткаруу үчүн кызматкер өзүнүн сунушун да көрсөтө алат.

Баяндама каттын маалым даректери төмөнкүдөй:

1. Кат жиберилген мекеменин аталышы, жетекчинин аты, жөнү;

2. Катты даярдаган адамдын кызматы жана аты, жөнү;

3. Иш кагаздын аты (БАЯНДАМА КАТ);

4. Тексттин темасы;

5. Текст;

6. Тиркеме болсо, алардын аталышы, канча беттен турары, нусканын саны;

7. Баяндама кат жазылган күн;

8. Колу;

9. Каттын авторунун аты-жөнү.

Баяндама катты адамдар тобу даярдашы да мүмкүн.

Баяндама кат кимге, кайда жөнөтүлүшүнө байланыштуу ички жана тышкы баяндама кат болуп эки түргө бөлүнөт.

Ички баяндама кат- өзүнүн мекеме жетекчисине же бөлүм башчысына жазылат. Ал кол жазма менен жазылышы же компьютерде басылышы мүмкүн. Мындай баяндама катка аны түзгөн киши кол коёт.

Тышкы баяндама кат- мекеменин, ишкананын жетекчисинин жогорку органдарга же анын жетекчисинин жеке өзүнө, адатта, ал мекеменин бланкына эки нускада жазылат. Иш кагаздын экинчи нускасы мекеменин өзүндө калтырылат. Мындай баяндама катка мекеме жетекчиси кол коёт.

Баяндама кат демилгелик, кабарлоо жана иш баяндык ж.б. мүнөздө болот. Мындай белгилер темада жана каттын текстинде тийиштүү маселелер жана сунуштар биринчи катарга коюлуп, жетекчини аларды чечүүгө (ишке ашырууга) үндөйт.

Кабарлоо баяндама каты жетекчиге иштин жалпы жүрүшү туурасында так, анык кабар берүү үчүн жазылат.

Иш баяндык маалым кат белгилүү бир иштин аякталышы же ар кандай көрсөтмө, сунуш берүү, пландын аткарылышы жөнүндө жетекчини кабардар кылууга жазылат.

Алынган мидеттенменин же тапшырманын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө билдирүү билдирме (рапорт) деп да аталат. Айрым бир белгилери боюнча баяндама кат билдирмеге да окшошуп кетет. Бирок билдирмеде аткарылган жумуш сыпатталып, анда сунуш же демилге көрсөтүлбөйт.

Баяндама каттын табиятынан көрүнүп тургандай анын эӊ негизги бөлүктөрү жана жазылышы сыртынан караганда, маалым катка (справкага) да жакын. Булардын айырмасы маалым катта атайын талап кылынган, же суралган окуя жөнүндө кабар берилет. Ал эми баяндама катта окуяларды атоо менен бирге, аларды пайда кылган себептер көрсөтүлөт жана тийиштүү жыйынтыктар чыгарылып, сунуштар берилет.

Баяндама катты даярдаган кишинин жыйынтыктары менен сунуштары так, ачык жана ишенимдүү болушу зарыл.

Баяндама каттын текстти эки бөлүмдөн турат:

1-бөлүмдө анын жазылышына себеп болгон далилдер, окуялар баяндалышы абзел.

2-бөлүмдө жыйынтыктар жана так аракеттер жөнүндөгү сунуштар чагылдырылышы зарыл. Түзүүчүнүн пикири боюнча, мындай аракеттер баяндалган окуяларга байланыштуу жогорку органдар (мекемелер) же бийлик адамы тарабынан башталышы керек.

Эгерде баяндама кат ички иш кагазы болсо, иш-чараны аткаруу демилгеси мекеме кызматкери болгондуктан, андай баяндама катка тема коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Окуу-маалымат борборунун директору А.Т. Исманкуловадан   БАЯНДАМА КАТ Сиздин көрсөтмөӊүз боюнча «Эл аралык «Манас» ачык акционердик аэропортунун кызматкерлерин 2012-жылдын 5-мартынан баштап Мамлекеттик тилди окутууга жетекчилери менен бирге кызматташуу келишимин түздүк. Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө аэропорттун бардык кызматкерлери макул экендигин билдиришти. Аэропорттун кызматкерлери Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө окуу китептери менен камсыз кылууну суранышты. Ошондуктан Сизден жогорку маселени чечип берүүӊүздү суранып, ишти андан ары уланта берүүгө толук мүмкүн деп эсептейм.   16.02.2012-ж. (колу) А.Исманкулова  

 

Ал эми төмөнкү БАЯНДАМА КАТ тышкы иш кагазы болгондуктан тема коюу зарыл.

Кыргызстан-Россия Славян университетинин ректору, академик В.И. Нефадьвге университеттин Чарба иштери боюнча проректору А. Т.Мамасериковдон   БАЯНДАМА КАТ   Медициналык факультеттин жалпы абалы жөнүндө   Сиздин көрөстмөӊүз боюнча 2011-жылдын 17-августунда Медициналык факультеттин жалпы абалын текшерип чыктым. Аталган имаратта айрым окуу бөлмөлөрү талапка жооп бербейт, бир бөлмөдө такта жок, эки окуу бөлмөнүн каалгалары жакшы бекилбейт. Спорт аянтчасында волейбол ойноочу торчо коюлбаган. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез арада оӊдоо жагын медициналык факультеттин деканына тапшырууӊузду сураймын. Көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилгенден кийин гана 2011-2012-окуу жылына имараттын даяр боло тургандыгын билдиремин.   17.08.2012-ж. (колу) А.Т. Мамасериков  

 

Жогоруда келтирилген баяндама каттардын үлгүсү арызга окшош жазылган. Баяндама каттын дагы бир түрүнүн аткарылуу өзгөчөлүгү бар. Анда тармактык бөлүктөрдүн жайланыш тартиби бир аз башкачараак. Андай баяндама каттарда мекеме же ишкананын, тармактык бөлүмдүн жана иш кагазынын аталышы, анын жазылган убагы жана тексттин темасы сол бурчуна, баяндама кат жөнөтүлө турган жетекчинин кызматы, аты-жөнү барактын жогорку оӊ бурчуна жазылат.

 

Кыргыз Мамлекеттик улуттук ниверситетинин тарых факультети Декан А.К.Кулматовго БАЯНДАМА КАТ 01.02.2012-ж.   Сырттан окуу бөлүмүнүн 4-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасынын мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө   2012-жылдын 19-февралынан башталуучу педагогикалык практика Бишкек шаарында грипп оорусунун эпидемиялык мүнөз алгандыгына байланыштуу өтүлбөй тургандыгын билдирем. Педагогикалык практиканы 2-апрелден баштоону сунуш кылам. Бул мөөнөткө Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчилигинин макулдугу алынды.   Бишкек шаардык билим берүү департаментинин макулдук каты (1 бет), 1 нуска) тиркелет.   Факультеттин деканын сырттан окуу боюнча орун басары 01.02.12 (колу) Р. Касымов  

 

Баяндама кат мекеме иш кагаздарынын жүгүртүүсүндө көп пайдаланылат.

Жогоруда белгиленгендей, баяндама катар формасы боюнча 2-3 түрдүү болот. Ал айырмачылыктарды баяндама каттын текстинин темасынын белгиленбеши же белгиленгендиги, баяндама кат жиберилчү мекеменин жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышынын барактын оӊ же сол жагында белгилениши, баяндама каттын авторунун каттын баш жагына же аягына жазылышы жана ушуга байланыштуу мөөнөтү, күнүнүн белгилениши сыяктуу өзгөчөлүктөр түзөт.

 

БИЛДИРМЕ

(Рапорт)

Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бүткөндүгү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы –билдирме болуп саналат.

Билдирме арналышы жана түзүлүшү боюнча баяндама катка окшош болот, бирок текстинин темасынын жоктугу менен айырмаланат.

Билдирменин маалым даректери төмөндөгүдөй:

1-А Билдирме арналган уюмдун аталышы жана анын жетекчисинин кызматы, аты-жөнү;

1-Б Билдирме жазуучунун иштеген мекемеси, кызматы жана аты, жөнү;

2.Иш кагазынын аталышы (БИЛДИРМЕ);

3. Текст;

4. Билдирме жазылган күн;

5. Билдирме жазуучунун колу;

6. Билдирме жазуучунун аты, жөнү

 

Билдирменин үлүгүсү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык Менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Д.Казаковдон Билдирме 2011-жылдын 10-май күнү экспериза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка келбеди А. А. Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы Кадр жана иш кагаздар боюнча бөлүмүнүн башчысы Д. Казаков 10-май, 2011-ж.

Билдирме кол жазма түрүндө же компьютерде эки нускада даярдалат. Биринчи нуска тиешелүү уюмга жиберилет.Экинчи нуска уюмда сакталат.

Билдирме айрым учурда телеграмма формасында да жиберилет.

Мындай билдирме билдирме-телеграмма деп аталат. Билдирме телеграмма телеграф стили менен жазылат.

 

 

БУЙРУК

(Приказ)

Буйрук –мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номурланып, айрым көктөмөдө сакталат.

Буйрук формасына жана мазмунуна карата жалпы ишмердик боюнча буйрук жана өздүк курам боюнча буйрук болуп экиге бөлүнөт. Бул буйруктардын аткарылуу жолуна айрым-айрым токтолобуз.

 



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-26; просмотров: 732; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.16.29.209 (0.011 с.)