D. кейс, ноутбук, ксерокопия 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

D. кейс, ноутбук, ксерокопия



E. аппарат, калькулятор, телефон

151. Фразеологизмдин маанисин белгилеңиз: «кабагым-кашым дебөө»

A. капалануу, санаркоо, ызалануу

B. кубануу, жыргап-кууноо, сүйүнүү

C. ызалануу, ыйлоо, капалануу

D. эч нерсеге кайгырбай, убайым тартпай, кенебей жүрө берүү

E. дайыма жайдары жүрүү, тоготпоо, токтоо.

152. Фразеологизмдин маанисин белгилеңиз: «жөө туман»

A. акырын жылып жүрүп, иштин баарын былгыткан бузуку, арамза

B. тоодогу туман;

C. аба ырайынын көрүнүшү;

D. начар, кашаӊ, жай кыймылдаган;

E. ишти бат бүтүргөн, кыймылдуу, чапчаӊ.

153. Адамдын сапатын чагылдырган фразеологизмди белгилеңиз.

A. тебетейин көккө ыргытуу

B. кой оозунан чөп албаган

C. атасын таанытуу

D. төрт тарабын кыбыла кылуу

E. төөнүн куйругу жерге тийүү

154. Фразеологизм колдонулган сүйлөмдү белгилеңиз.

A. жумурткадан кыр издеген неме эле

B. жааган кардан жердин бети сүттөн ак

C. ай нурунда кышкы түн, айран төгүп койгондой.

D. ак бетинин кызылы ак тооктун канындай

E. шымынын кырын чыгара үтүктөдү.

155. «Жарды» деген түшүнүктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилеңиз.

A. жаагын айруу

B. ичкен ашын жерге койгон

C. кабыргасы менен кеңешүү

D. үрүп чыгар ити жок

E. битин сыгып канын жалаган.

Токтогул санат, насыят ырларында эр жигитти кандай адам болууга чакырат?

A. жоокер болууга

B. ач көз, соодагер болууга

C. адам бетин тик карабаган жалтак болууга

D. эринбей иштеген эмгекчил болууга

E. чындыкты бетке айткан чечен болууга.

157. Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасы кандай окуяларды сүрөттөө менен башталат?

A. өткөн кылымдагы Кокон бийлигинин учурундагы окуяларды

B. тээ байыркы турмушту

C. Октябрь революциясына байланыштуу окуяларды

D. орустардын келүүсү менен өзгөргөн кылым башындагы окуяларды

E. Фрунзе шаарындагы кайгылуу тарыхый окуяларды.

Бир тыйынга экиден

Алмалардын сарысы.

Арабада коону

Алты тыйын, беш тыйын

Дарбызынын жоону»-делип Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасында кайсы мезгилдеги кайсы шаардын базары сүрөттөлүп жатат?

A. өткөн кылымдагы Кокон базары

B. өткөн кылымдын сонундагы Анжиян базары

C. үстүбүздөгү кылымдын башындагы Токмок базары

D. элүүнчү жылдардагы Фрунзенин базары

E. XX кылымдагы Пишпек базары.

Т. Сатылганов «Кош, апаке» ырын качан чыгарган?

A. сүргүндө жүргөндө

B. сүргүнгө айдалып кетип жатканда

C. сүргүндөн келгенден кийин

D. Октябрь революциясынан кийин

E. апасын тиги дүйнөгө узатып жатканда.

Ат арыбас болсочу,

Жаш карыбас болсочу.

Жаратканы чын болсо,

Жай-жайына койсочу», - деген саптар Т. Сатылгановдун кайсы ырынан?

A. «Кош, апаке»

B. «Кош, элим»

C. «Өмүр»

D. «Апакем, аман барсыңбы»

E. “Жаштар, ай”.

161. Токтогулдун санат ырларындагы төмөнкү саптарды толуктаӊыз.

«Жолдош болбо...

Жүк артпагын...

Иш калдырба...»

A. баатырга, жакырга, каапырга

B. тентекке, эшекке, элпекке

C. ойчулга, койчуга, жолчуга

D. коркокко, торпокко, чоркокко

E. жаманга, чабалга, атаӊа.

Калыгулдун чыгармасы кайсы?

A. «Тар заман»

B. «Акыр заман»

C. «Зар заман»

D. «Замана»

E. “Зилзала”

163. Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылыгынын багыты, мүнөзү кайсы акынга абдан жакын?

A. Токтогул

B. Калыгул

C. Жеңижок

D. Тоголок Молдо

E. Калык.

164. Белгилүү «Тар заман» чыгармасынын автору ким?

A. Барпы

B. Жеңижок

C. Токтогул

D. Арстанбек

E. Калык

165. Төмөнкү ырым-жырымды улаӊыз.

Кишини айланба,....

A. анын дарты сага өтөт

B. анын көзү тиет

C. анын оорусу күчөйт

D. анын башы айланат

E. анын абалы начарлайт.

166. Сынган идишти колдонбо! Тыюу салуунун максатына туура келбеген жоопту табыӊыз.

A. микроб жугузуу

B. ырыскысы кемүү

C. өмүрү кыскаруу

D. микрожаракатка кабылуу

E. дасторкон адебин бузуу.

167. Конокту тосуп алуунун туура катар тартибин белгилеӊиз.

A. атын алуу, үйгө баштоо, сырт кийимин алып, жайлантуу, тамак камын көрүү, ал-акыбалын суроо

B. колго суу куюу, жети атасын суроо, нан ооз тийгизүү, жүгүнүү, кол алышып көрүшүү, дасторкон жаюу

C. атын мамыга байлоо, атын откозуу, суусунун кандыруу, мал-жанын суроо, эт асуу

D. дасторкон жаюу, казанга от жагуу, жайын даярдоо, ата-тегин суроо, кийит кийгизүү

E. жай салуу, жети атасын суроо, суусунун кандыруу, нан ооз тийгизүү.

168. Тамактануу гигиенасынын талаптарына жооп берген макалды белгиӊиз.

A. тамагы майлуунун көйнөгү көөлүү

B. тамак үчүн асмандагы куш торго түшөт

C. жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын

D. тойдум деп сүйүнбө, сиңерине сүйүн, байыдым деп сүйүнбо, ийгилигине сүйүн

E. ач кадырын ток билбейт.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2021-05-27; просмотров: 235; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.144.97.189 (0.013 с.)