В. табигый азыктардан жасалышы, организмге пайдалуулугу 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

В. табигый азыктардан жасалышы, организмге пайдалуулугу



С. аталыштарынын уккулуктуулугу

D. бат даярдалышы

E. калориялуулугу.

Жалпак жыгач чаптырып,

Чараларын оюшуп.

Бир жагына бир тогуз, бир жагына бир тогуз

Үй чыгарып коюшуп. “Манас” эпосундагы бул саптарда кайсы улуттук оюн тууралуу сөз болуп жатат?

А. ордо

B. тогуз коргоол

C. тогуз жумалак

D. чатыраш

E. топ таш

Эзелтен калган салты экен,

Эңкейип жардап жарышып,

Кызга жетсе жигити

Буралтып туруп кыз өбүш

Байыртан кыргыз наркы экен! Кайсы улуттук оюн сүрөттөлүп жатат?

А. кыз куумай

B. жар көрүшүү

C. жоолук таштамай

D. алтын шакек

E. ак терек-көк терек

207. Чүкөгө байланышкан оюндар кайсылар?

А. хан вазир, кан таламай, ордо

B. кан таламай, дүмпүлдөк; шакек салмай

C. топ таш, ордо, тыйын эңмей

D. кан таламай, оромпой, ак терек-көк терек

E. жамбы атуу, топ таш, кан таламай.

208. Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине кайда, качан катталган?

А. Париж шаарында, 2014-жылдын 26-ноябрында

B. Париж шаарында, 2015-жылдын 2-декабрында

C. Францияда, 2013-жылдын 12-октябрында

D. Париж шаарында, 2016-жылдын 10-ноябрында

E. Париж шаарында, 2015-жылдын 5-ноябрында.

209. Үкүлүү топунун кайсы курактагы кыздар кийишкен?

А. кара далы кыздар

B. секелек кыздар

C. бойго жеткен кыздар

D. оокаттуу байдын кыздары.

E. ымыркайлардан тартып, бойго жеткенге чейинки курактагы кыздар.

210. Каймакты отко сызгырып сары майды алгандан кийин, казандын түбүндө калган азык

А. кошкон май

B. чөбөгө

C. кам каймак

D. көрөңгө

E. жук.

211. Койдун өпкөсүнө сүт куюп даярдалган тамак кандай аталат?

А. жаткан төө

B. олобо

C. быжы

D. жөргөм

E. куйрук-боор.

Кыргызда даяр шорпого туз, калемпир, татымал кошуп даярдалган азык кандай аталат?

А. чык

B. атала

C. кошулма

D. ак серке

E. ачыткы.

Койдун, бодо малдын шыйрактарынан эзиле даярдалган тамак кайсы?

А. сүр нарын тамагы

B. малдын тамагы тамак-ашка пайдаланылбайт

C. килкилдек

D. беш бармак

E. таш кордо

214. Кыргыздын чыгармаларында “кысыр эмди тай” сойду деген сөз кездешет. Маанисин билесизби?

А. кысыр бээнин этин айтат

B. арык мал союп сыйлады дегенди билдирет

C. кысыр калган бээни жылдап-жылдап эмген тайдын этин айтышат

D. жаңы тууган бээнин этин айтышат

E. кысыр калган тайдын этин айтышат.

Уюткуну эмнеге пайдаланышат?

А. айран уютканга

B. камыр жууруганга

C. нандын бетин кооздогонго

D. максым кайнатканга

E. кымыз ачтканга.

216. Ун, туз, сүт кошулуп кайнатылган чай кандай аталат?

А. аралаш чай

B. куурма чай

C. андай чай жок

D. сүттөлгөн чай

E. кемпир чай.

217. Катыктап ичүү деген сөздү кандай түшүнөсүз?

А. жемишти кургатып коюп жегенди

B. азыкты күздө катып, кышта жегенди

C. сүт, айран, кымыз сыяктуу суусундуктарды азыктарга аралаштырып ичүүнү

D. каткан курутту эзип ичүү

E.карандай чай ичүүнү

Быжы эмнеден даярдалат?

А. сүттөн

B. камырдан

C. ич эттен

D. ичеги-карындан

E. куйкумдан

219. Күлазык деген эмне?

А. ысык суюк тамак

B. конокторго коюлуучу таттуулар

C. жол азыгы

D. ымыркайлардын азыгы

E. витаминдерге байытылган азык.

220. Кыргызда калпактын кыюусунун түсү мааниге ээ. Кыюусу жашыл калпакты кимдер кийишкен?

А. бой жеткен жигиттер

B. балагатка жете элек балдар

C. жаңы үйлөнгөндөр

D. чабарман балдар

E. бозойлор.

221. Бой жеткен кыздардын төбөсү узун шөкөттөлгөн баш кийими эмне деп аталат?

А. шөкөт

B. шөкүлө

C. үлпүлдөк

D. кеп такыя

E. оромол

222. Илгери кыргыздар баш кийимди сатышкан эмес. Эмне үчүн?

А. баш кийимди сатуу башты сатууга тете деп билишкен

B. баш кийим абдан арзан бааланчу

C. баш кийим үйгө байлык чакырат деген ишеним болгон

D. баш кийимди сатуу баш ооруга алып келет деп ишенишкен

E. баш кийимди сатуу

Манастын уулу Семетей,

Башында кыргыз... ”. Бош орунду толуктаңыз.

А. тебетей

B. кементей

C. серегей

D. келегей

E. терегей

224. Өлкөдө Ак калпак күнүн белгилөө жөнүндө токтом качан, кайсы орган тарабынан кабыл алынган?

А. Маданият министрлиги, 2015-жылдын 5-мартында

B. Жогорку Кеңеш, 2016-жылдын 29-июну

C. Өкмөт, 2015-жылдын 16-февралында

D. КР Президенти, 2016-жылдын 5-мартында

E. Парламент, 2016-жылдын 5-мартында.

Байыркы доордо жоокерлердин урушка кийген баш кийими эмне деп аталган?

А. чоюн баш

B. жамбы

C. туулга

D. тебетей

E. ак олпок.

226. “Жар башынан от көрсөң,

Жалындатпай өчүргүн.

Жаман-жакшы сөз уксаң,

Күлкү менен кечиргин” деген саптар кайсы учурда жана кимге карата айтылат?

А. жолго чыгып жаткан жигитке

B. үйлөнүү тойдо, күйөөгө узап жаткан кызга

C. келин көрүп барганда, келинге

D. жаңы төрөгөн келинге

E. жаш балдарга.

227. Жээнтек тойго байланыштуу жөрөлгөлөрдү атаңыз.

А. оозандыруу, көрүндүк, мал энчилөө

B. сүйүнчүлөө, өкүл ата-эне тандоо, ат коюу

C. бата берүү, бешикке салуу, тушоо кесүү

D. оозандыруу, көрүндүк берүү, кыркы чыгаруу

E. кыркын чыгаруу, киринтүү, жээнтек таратуу.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2021-05-27; просмотров: 194; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 18.224.95.38 (0.015 с.)