Содержание книги

  1. Сабактын темасы: Энергиянын алмашуусу
  2. II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.
  3. III. Жаңы темага киришүү. 2 мин


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

III. Жаңы темага киришүү. 2 мин



III. Жаңы темага киришүү. 2 мин

Зат алмашуу — организмдин тиричилигинин негизи. Эгерде зат алмашуу процесстери токтосо, организмдин жашоосу да токтойт. Организм айлана-чөйрөдөн эч тынымсыз ар түрдүү заттарды кабыл алат жана ага иштелип чыккан заттарды чыгарып турат. Бул процесстер химиялык, механикалык жана башка жолдор менен аткарылып, энергиянын тынымсыз пайда болуу булагы болуп эсептелет. Бүгүнкү сабакта энергиянын алмашуусу жөнүндө сөз кылабыз...

IV. Жаны теманы өтүү . 21мин.

Тема: Энергиянын алмашуусу

План:

1. Энергия алмашуу

2. Пластикалык зат алмашуу

Жаңы тема үч баскыч менен ишке ашат:

Ø Суроолор

Окуучулардын суроолору:

- Чоң адамдын организмине суткасына канча энергия керек?

- Пластикалык зат алмашуу деген эмне?

- Энергия алмашуу дегени кандай роцесс?

- Тамактануунун нормасын кантип аныктаса болот?

Ø Түшүндүрүү.

Мугалимдин сөзү:

Организмдин энергияга муктаждыгы.

Организмдин тиричилик аракеттеринин ар түрдүү процесстери үчүн (зат алмашууга, заттарды синтездөөгө, булчуңдардын иштешине, дененин температурасын бир калыпта кармоого жана башка кубулуштарга) суткасына 7117 кДж же 2500 ккал жакын энергия зарыл.

Организмдин өзүндө энергия жаралбайт, тамак-аштан алынган энергия жоголбойт, ал түрүн гана өзгөртүп турат. Органикалык заттар кычкылданганда жана ажыраганда химиялык энергия бөлүнүп чыгат, ал электр жана механикалык энергияга айланат. Электр энергиясы нерв талчалары боюнча кабар берүүнү, ал эми механикалык энергия булчуңдардын жыйрылышын камсыз кылат. Аягында энергия жылуулукка айланат.

Организмдеги энергиянын алмашып турушу, күндүн, жылдын мезгилине жана көптөгөн кубулуштарга жараша болот. Маселен, акыл-эмгеги менен иштеген адамга караганда, кара күч эмгеги менен иштеген адам энергияны көп сарп кылат. Күндүзгүгө салыштырмалуу түнкүсүн энергияга муктаждык аз, анткени уктаган мезгилде организмдеги заттардын алмашуусу төмөндөйт. Эртеден баштап адамдын кыймылы көбөйгөндө, аны менен бирге энергия да көп иштелип чыгат. Эртең менен тамактана электе, бөлмөдөгү температура 18—20° С барабар болгондо, организмдин энергияга муктаждыгынын эң аз өлчөмү негизги зат алмашуу деп аталат. Негизги зат алмашуунун өлчөмү адамдын жашына, жынысына, денесинин өлчөмүнө жараша болот. Адам тынч абалда болгондо органдардын иштешине суткасына орто эсеп менен 7117 кДж энергия керектейт. Бирок адам басат, турат, сүйлөйт, эмгектенет ж.б. Бул учурда ал кошумча энергияга муктаж.

Адамдын организми дайыма энергияны сарп кылып, анан аны тамактануу менен толтуруп турат. Ар бир адам кесибине жараша суткасына канча энергия сарп кыларын билип туруп, аны толукташ үчүн тамактануунун нормаларын аныктаса болот.

Зат алмашуу — организмдин тиричилигинин негизи. Эгерде зат алмашуу процесстери токтосо, организмдин жашоосу да токтойт. Организм айлана-чөйрөдөн эч тынымсыз ар түрдүү заттарды кабыл алат жана ага иштелип чыккан заттарды чыгарып турат. Бул процесстер химиялык, механикалык жана башка жолдор менен аткарылып, энергиянын тынымсыз пайда болуу булагы болуп эсептелет.

Пластикалык жана энергиялык алмашуу. Организмде тамак-аштын органикалык заттары үзгүлтүксүз ажырап, кайра синтезделип турат. Мына бул процесс зат алмашуу деп аталат. Зат алмашуунун пластикалык жана энергиялык жагы бар. Айлана-чөйрөдөн алынган заттар организмге сиңгенде, сиңирилген заттардан организмде жаңы клеткалар курулат, же сакталат. Бул кубулушту пластикалык зат алмашуу деп аташат.

Клеткага кирген органикалык заттар ажыраганда, бошоп чыккан химиялык энергия энергиянын башка түрлөрүнө айланат. Бул процесс — энергиялык зат алмашуу делинет. Мындай алмашуу биздин бардык тиричилик процесстерибизди кыймыл-аракетибизди, жумуш аткаруубузду энергия менен камсызданат.

Тамактануу нормаларын өлчөө. Ар бир адам белгилүү болгондой, күнүнө төрт маал тамактанат. Тамактануу нормасын билүү -бул адамдын денсоолугун жана ишке жөндөмдүүлүгүн сактоого көмөктөшөт. Тамактануу нормасын аныктоодон мурда ар бир тамактын энергиялык баасын билүү талапка ылайык. Мындан башка организмдин бардык азык-заттарга: белокторго, углеводдорго, майларга, витаминдерге, минералдык туздарга жана башкаларга муктаждыгын эске алуу керек. Орто эсеп менен чоң адамга суткасына 80-90 г белок (анын ичинен 48 г жаныбарлар белогу), 100-110 г май (30—35 г өсүмдүк майы) жана 380—400 г углеводдор зарыл.

Ø Жооптор:

- Дененин температурасын бир калыпта кармоого жана башка кубулуштарга) суткасына 7117 кДж же 2500 ккал жакын энергия зарыл.

- Органикалык заттар кычкылданганда жана ажыраганда химиялык энергия бөлүнүп чыгат, ал электр жана механикалык энергияга айланат.

- Акыл-эмгеги менен иштеген адамга караганда, кара күч эмгеги менен иштеген адам энергияны көп сарп кылат.

- Адам тынч абалда болгондо органдардын иштешине суткасына орто эсеп менен 7117 кДж энергия керектейт. Бирок адам басат, турат, сүйлөйт, эмгектенет ж.б. Бул учурда ал кошумча энергияга муктаж.

- Ар бир адам кесибине жараша суткасына канча энергия сарп кыларын билип туруп, аны толукташ үчүн тамактануунун нормаларын аныктаса болот.

- Айлана-чөйрөдөн алынган заттар организмге сиңгенде, сиңирилген заттардан организмде жаңы клеткалар курулат, же сакталат. Бул кубулушту пластикалык зат алмашуу деп аташат.

- Клеткага кирген органикалык заттар ажыраганда, бошоп чыккан химиялык энергия энергиянын башка түрлөрүнө айланат. Бул процесс — энергиялык зат алмашуу делинет.

- Тамактануу нормасын аныктоодон мурда ар бир тамактын энергиялык баасын билүү талапка ылайык. Мындан башка организмдин бардык азык-заттарга: белокторго, углеводдорго, майларга, витаминдерге, минералдык туздарга жана башкаларга муктаждыгын эске алуу керек.

- Орто эсеп менен чоң адамга суткасына 80-90 г белок (анын ичинен 48 г жаныбарлар белогу), 100-110 г май (30—35 г өсүмдүк майы) жана 380—400 г углеводдор зарыл.

V. Бышыктоо (жыйынтыктоо)Энергиянын алмашуусу жөнүндө кыскача видеоролик көрсөтөт, жыйынтык чыгарылат

VI. Баалоо Жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги, сабак учурундагы активдүүлүгү эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат. Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат.

VII. Үй тапшырмасын берүү

Терминдер менен иштеп, бышыктап окуп келүү.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2024-06-27; просмотров: 4; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.148.103.210 (0.006 с.)