Содержание книги

  1. Сабактын темасы: Энергиянын алмашуусу
  2. II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.
  3. III. Жаңы темага киришүү. 2 мин


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.



3мин

II.

Үй тапшырмасын суроо.

Талкуу жүргүзүү аркылуу үй тапшырмасын суроо.

Окуучулар талкуу жүргүзүп, өткөн темалары боюнча маалыматтар айтышат.

11мин

III.

Жаңы темага киришүү.

Жаңы темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу.

Жаңы темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу.

2мин

IV.

Жаны теманы өтүү

План:

1. Өзү менен өзү чаңдашуу

2.  Жасалма чаңдаштыруу

Жаңы тема үч баскыч менен ишке ашат:

· Суроолор ( окуучулардын тема жөнүндөгү суроолору угулат)

· Түшүндүрүү (мугалим тарабындан таблицалар аркылуу түшүндүрүү жүргүзүлөт)

· Жооптор (окуучулар өздөрү берген суроолорго жооп беришет)

 

- Тема жөнүндө суроолор беришет

 

- Мугалимдин түшүндүрүүсүн жан кулагы менен угуп, ой жүгүртүшөт, түшүнүшөт

- Өздөрү берген суроолорго жооп беришет

3мин

10 мин

8мин

V.

Бышыктоо

(жыйынтыктоо)

кыскача видеоролик көрсөтөт, жыйынтык чыгарылат

жөнүндө кыскача видеоролик көрүшөт, жыйынтык чыгарышат

5мин

VI.

Баалоо

Жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги, сабак учурундагы активдүүлүгү эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат.

Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат.

2мин

VII.

Үй тапшырмасын берүү

жөнүндө маалыматтар таап келүү берилет

Дептер күндөлүккө жазып  алышат.

1мин

 

 

I. Уюштуруу. 3 мин

Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын карап, жоктоп, себебин тактап, кызыктуу сүрөттөр көрсөтулүп айырмачылыктары окуучулар тарабындан табылат, бул аркылуу окуучуларды изденүүчүлүккө үйрөтүлөт.

ОкуучуларЗат алмашуутемасынын негизинде талкуу жүргүзүшүп, суйлөшөт:

- Эмне үчүн тырмакты бат-бат алыш керек?

- Тамак жээрдин алдында эмне үчүн колду жууп, оозду чайкайт?

- Организмдеги суунун жана минералдык заттардын мааниси кандай?

- Адамга эмне үчүн кальций жана фосфор туздары керек?

- Белоктун кандай функциялары бар?

- Майлардын физиологиялык мааниси кандай?

- Углеводдор кайсы органда жана кандай түрдө сакталат?

- Зат алмашуу кандайча жөнгө салынат?

- Дененин кайсы бөлүгүндө майлар сакталат жана кайсы убакта колдонулат?

- Гликогенден глюкоза жана кайра глюкозадан гликоген кантип пайда болот?

- Эмне үчүн өспүрүмдөргө белок керек?

Зат алмашуу. Организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда зат алмашуу үзгүлтүксүз жүрүп турат. Организмге кирген заттар көптөгөн кубулуштарга дуушар болот. Ошол кубулуштардын жыйындысы зат алмашуу деп аталат.

Организмге кирген заттар жаңы клеткалардын түзүлүшүнө курулуш материал жана энергиянын булагы болушат. Ошондуктан зат алмашуу бири бирине карама-каршы, бирок тыгыз байланышкан процесстерди камтыйт.

Клеткага кан менен келген заттардан ага керектүү, таандуу заттар синтезделсе - бул процесс ассимиляция (анаболизм) деп аталат. Ал эми клеткага кирген заттар кычкылданып ажыраганда, энергия бөлүнүп чыкса - бул процесс диссимиляция (катаболизм) деп аталат.

Суу жана минералдык заттардын алмашуусу. Суу организмдин бардык клеткаларынын курамында болот жана андагы тиричилик процесстерине катышат. Организмге бардык заттардын кабыл алынышына, алардын алмашуусуна, зыяндуу заттардын организмден бөлүнүп чыгышына, температуранын бир калыпта кармалышына, энергиянын пайда болушуна суу керек. Канда, лимфада, ашказан-ичегилер зилинде жана кээ бир органдарда суу өтө көп, ал эми сөөктө, тарамышта, чачта, тырмакта аз. Суу дененин 65-70% салмагын түзөт. Ошондуктан суусуз жашоо жок.

Минералдык туздар клеткалардын курамына кирип, аларда курулуш материалдары катары колдонулат. Маселен, кальций жана фосфор туздары сөөктүн түзүлүшүнө абдан керек. Кальций туздары кандын уюшуна керектүү кошулмалар болуп эсептелет. Нерв жана булчуң клеткаларынын иштешин натрий жана калий туздары камсыз кылышат, ал эми темир туздары гемоглобиндин курамына кирип, кычкылтекти ташууга катышат. Көпчүлүк минералдык туздар организмге тамак-аш менен келет. Ал эми натрий туздары организмде жетишсиз болгондуктан, тамакка кайнатма туз салынат жана тузга кошумча йод кошулат.

Органикалык заттардын алмашуусу. Адамдын жашоосуна органикалык заттар керек, себеби, алар бардык клеткалардын курамына кирип, ошону менен бирге энергиянын булагы болот.

Организмде белоктордун алмашуусу. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организмдериндеги белоктор 20га жакын аминокислоталардан турат. Аминокислоталар бири-бири менен биригип ар түрлүү белокторду пайда кылышат. Белокторго транспорттук, коргоо, кыймылдатуучу, сигналдык ж.б. көптөгөн функциялар мүнөздүү. Клетканын сырткы мембранасында белоктордун молекуласы аркылуу айлана-чөйрөдөн сигналдарды кабыл алуу жана клеткаларга буйрук берүү иш жүзүнө ашат.

Белоктор - клеткалардын негизги курулуш материалы. Алар организмге тамак-аш аркылуу кабыл алынат. Ашказан, ичегилердин ферменттеринин таасири менен белоктор аминокислоталарга ажырайт жана ичке ичегишш керегесиндеги кан тамырлардагы канга сиңет. Аминокислоталар кан менен ар бир клеткага жетип, алардын мембранасынан өтүп, ичине кирет. Клетканын рибосомаларында аминокислоталардан клеткага мүнөздүү болгон белоктор синтезделет.

Организмдеги май алмашуу. Майлар - курулуш материалы, анткени клетканын мембранасын түзөт. Энергия жана суу булагы катары майлардын мааниси чоң. Бир грамм май кычкылданганда 36,2 кДж энергия жана 1,1 г суу пайда болот. Бул процесс кээ бир жаныбарлардын көп убакка чейин суусуз жашоого жөндөмдүүлүгүн түшүндүрөт.

Организмдеги углевод алмашуу. Углеводдор клеткадагы эыергиянын негизги булагы болуп саналат. Булар он эки эли ичегиде глюкозага ажырайт. Андан ары глюкоза ичке ичегиде канга сиңет, анан кан менен бардык клеткаларга барып керектелет. Глюкозанын кандагы артык саны кан менен боорго жетип, ал жерде гликоген түрүндө сакталат. Эгерде глюкозанын саны канда азайса, боордо сакталып турган гликоген ферменттердин таасири менен глюкозага айланат да, клеткаларга керектелет.

Организмде органикалык кошулмалардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү. Тамак-аштагы кээ бир органикалык кошулмалардын жетишсиздиги башка органикалык кошулмалардын эсебинен толукталат. Маселен, белоктор боордо майларга жана углеводдорго, кээ бир углеводдор майларга айланат. Майлардын ашыкча саны углеводдорго айланышы мүмкүн. Тамак-аштагы белоктун жетишсиздиги толукталбайт, анткени белоктор аминокислоталардан гана түзүлөт, башка органикалык кошулмалардан пайда болбойт. Ошондуктан, белоктордун жетшсиздиги организмге, айрыкча өспүрүм организми үчүн өтө коркунучтуу.

Организмдеги зат алмашуу адамдын жасаган ишине, жалпы абалына жараша болот жана нерв системасы, ички секреция бездери менен жөнгө салынып турат. Белоктордун, майлардын, углеводдордун, суунун жана минерал туздарынын алмашуусун жөнгө салып туруучу нерв борбору ортоңку мээден орун алган.

Зат алмашууну жөнгө салуу - ички секреция бездеринин да милдети. Эгерде бул бездердин функциясы бузулса, гормондордун чыгышы өзгөрүлүп, зат алмашуу процесси бузулат. Мисалы, калкан безине суук тийсе, же аны хирургиялык жол менен алып салса, зат алмашуу абдан төмөндөйт. Эгерде уйку безинин функциясы нормалдуу жүрбөсө, көбүнчө углеводдордун зат алмашуусу бузулат.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2024-06-27; просмотров: 4; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.17.174.0 (0.006 с.)