Казак, кыргыз домбуранын кылындай 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Казак, кыргыз домбуранын кылындай



 

Казак, кыргыз домбуранын кылындай,

Бири үзүлсө бири күүгө келбеген.

Өң-түсүндө айрыма жок кымындай,

Бири талаа, бири тоону жердеген.

 

Тамашалап айткан экен бир казак:

«Кыргыз уксап менин бетим жапжалпак.

Кымыз ишип, кой, жылкының этин жеп,

Кыргыз уксап мен да кийем ак калпак».

 

Тамашалап айткан экен бир кыргыз:

«Талашы жок, казак, кыргыз бир тууган.

Кымыз, эт жок курсагыбыз ач калса,

Чөп-чар менен багып алат бир дунган.

 

Казактарым карынымыз аш дейди,

Кыргыздарым курсагыбыз ач дешет.

Карды ашкан казак туыс ас жейди,

Курсагы ачкан кыргыздарым аш жешет.

 

Казак кыргыз домбуранын кылындай,

Бири үзүлсө бири күүгө келбеген.

Казак, кыргыз эгиз баатыр сынындай,

Каршылашкан жоого намыс бербеген.

 

Эки кылды бурап күүгө келтирген,

Эки бетим жалпак казак жүзүндөй.

Даңгырата «Сары-Арка» чертилген,

Домбуранын кылы жүрсүн үзүлбөй.

КАМИЙЛА КАЗАК КЫЗЫ, КАРЫНДАСЫМ

Камийла, казак кызы карындасым,

Каалаймын аман жүрсүн алтын басың.

Карагым, ашык маңдай кабагыңа,

Кайгынын көлеңкеси тартылмасын.

 

Кастарың карлыгаштын канатындай,

Көздериң жулдыз болуп жанатындай.

Күнүгө көрүү үшин дидарыңды,

Гүл кылып көкүрөккө тагатындай.

 

Кыз болса сендей болсын мөлдир булак,

Кыргыздын жигиттерин гашык кылып.

 

Жүректер бир сен үшин согып жатыр,

Жүргин деп сени көздей асыктырып.

 

КАЛИЧАГА

(Көрүстөн ташына чегилген ыр)

 

Аппак жарык чачып турган жан элең,

Ала жипти аттабаган жар элең.

Адилеттүү, ачык колдуу, кең пейил,

Алыш-бериш салтына да шар элең.

Атың уйкаш Пайгамбардын зайыбы—

Акылы мол Хадичадай бар элең.

 

КАЛЕМ САП МЕНЕН КАРАНДАШ

(тамсил)

 

Бала кезден дос болду,

Калем сап менен карандаш.

Ортого салып болгонун,

Ой-тилеги таламдаш.

 

Эр жүрөк эле калем сап,

Эчтемеден жазганбай.

Таамай айтчу өз оюн,

Ташка тамга баскандай.

 

Жүргөнү оор-басырык,

Азгырбайт аны азгырык.

Жети өлчөп, бир кесип,

Иш кылбайт такыр шашылып.

 

Кайпакбай болчу карандаш,

Калп эле күлүп сүйлөгөн.

Каршы болуп бирөөгө,

Конфликти сүйбөгөн.

 

Көзү жеткен ишке да,

Көрсөтпөй анча каршылык.

«Өчүргүч» деген досуна,

Өчүртчү изин жашырып.

 

Мансапкордун үстүнөн,

Келтире сынды жазышты.

Чындыкка күбө биз дешип,

Кол тамгасын басышты.

 

Куулук кылып карандаш,

Өчүртүп койду өз атын.

«Арызчыл» деп калем сап,

Алдырып койду кызматын.

 

Карандаш ээлеп ал ишти,

Кайкая басып шат жүрөт.

Кампайтып коюп курсагын,

Карс-карс эте калп күлөт.

 

КАНА КУЙЧУ…

 

Байоолорду үмтөттүрүп, ишендирип караткан,

Башы жоктун «бал» сөзү бар, жан кейитип тажаткан.

Сопсоо туруп, мас болгуча анын келжир сөзүнө,

Сонун болор мас болгонум кадимки эле арактан.

 

Башы жоктун «пайдубалдуу» көп убада кур сөзүн,

Басып кетер «ичкич» акын Байдылданын бир сөзү.

Барып сыйын, көр үмүткө, кур дүрмөткө алданбай,

Мазар сага Мидин менен Райкандын мүрзөсү.

 

Көп сөздөргө азгырылып, үмүт кылам, жүз бурам,

Көңүл калып, жалган сөздөн сабырымды суз кылам.

Башым ооруйт, пайдасы жок, жайгара айткан кур сөздөн,

Баса куйчу, андан көрө «эргулуңдан» жүз грамм.

 

Жалганчылык, алдамчылык жанга батты, тажатты,

Жанды кыйып, көздөсөмбү тиги дүйнө тарапты.

Түбөлүккө көр түбүндө жата берем мас болуп,

Коюп койсо мүрзө үстүнө бир бөтөлкө аракты.

 

Койо турчу, дале болсо үмүт үзбөй турайын,

Аңгычакты «эргулуңдан» шыпырманы урайын.

Бүгүнкүнүн будуң-чаңын аз да болсо унутуп,

Кирдеп кеткен, шейшеби жок төшөгүмө кулайын…

 

Жыл

«КАРА ДАЛЫ» АТ КОНУП…

 

Жаштык күлгүн чагыңда,

Жыпар жытың аңкыган.

Көргөндө сулуу жүзүңдү,

Көп жигиттер арзыган…

Ичкен ашың унутуп,

Илимдин түштүң артынан.

Аз-аздап барып жоголду,

Адепки ашык болгондор,

Артыңдан ээрчип самсыган.

 

Токтобой мезгил тынымга,

Топ жылды камтып арага.

Керсары болуп үңүлгөн—

Кетпеди эмгек талаага.

Кырк жашыңда жактадың,

Кандидаттык даража.

Эркектерди унуттуң,

Эч бири келбей санааңа.

Эки эмчекти ийитип,

Эмизбедиң балага.

 

Кандидаттык билимиң,

Эркек болуп бербеди.

Катып калган денеңе,

Эрмек болуп бербеди.

 

Агарган чачың карайтып,

Бойок болуп бербеди.

Отоо чөптөн арылткан,

Орок болуп бербеди.

Койнуңда жаткан бир жолу,

“Конок” болуп бербеди.

 

Эркектен денең жат болуп,

Эмилбей эмчек «дат» болуп.

Жеңе деген атың жок,

Эне деген атың жок,

Кайран өмүр өтөт ээ,

«Кара далы» ат конуп…

 

КАРАКОЛДУН ТЕРЕКТЕРИ

 

Казкатар катарлашып өсүп чыккан,

Каракол калаасынын теректери.

Калдайып асман тиреп турган менен,

Кана айтчы, алар кимге керек деги?

 

Көптөрү көңдөйлөнүп баратбайбы?

Көп чиритпей, бир ишке жаратпайбы.

Олтурган отуну жок жармачтарга,

Отун кылып, чиригин таратпайбы.

 

Ордуна жаңыларын тигишпейби,

Ошону Караколдук билишпейби?

Орустар тиккендиктен «арам» дешип,

Ошондуктан аларга тийишпейби?

 

 

КАРЫГАН ЧАЛГА НЕ КЕРЕК?

 

Карысын бөлөп урматка,

Калдайган караан эл керек.

Бейкутта болуп журт ичи,

Береке чачкан жер керек.

Эң биринчи карыга,

Эңкейбеген бел керек.

Калыңдап төшөк салынган,

Кадыр-сыйлуу төр керек.

Каткан сөөгүң жумшарткан,

Нымшып чыккан тер керек.

Сеңселткен аппак сакалын,

Серүүндөп жүргөн жел керек.

Жай олтуруп күү черткен,

Жашаң чөптүү дөң керек.

Акыл берген жаштарга,

Айныбаган мээ керек.

Жакшы чыкса балдары,

Жанына кубат-дем берет.

Небере турса эркелеп,

Чөбөрө турса желкелеп.

«Келиңиз ата, чай ич» деп,

Келиндин сыйы эң керек.

Кемпиринин алдында,

Кеткени жакшы эртерээк.

Кор болуп күн көргүчө,

Койнуна алган көр керек!

 

КАРЫЛЫК

 

О мезгил, о мезгил, о мезгил,

Жаштыгым уурдап алдыңбы.

Билинбей,

Алтымыш жашка бардымбы?

Акырдан кетпей жем жеген,

Мен эмне,

Чобур ат болуп калдымбы?

 

О мезгил, о мезгил, о мезгил,

Жашымдан бердим мээнетти.

Жашап келдим сөөлөттүү.

Канчалык калды өмүрүм,

Мына эми,

Карыганда берсин дөөлөттү.

 

О мезгил, о мезгил, о мезгил,

Алтымыш эбак ашсам да,

Ал-күчүм али кайта элек.

Абышка болуп калдың деп,

Же койчу,

Аялым азыр айта элек.

КЕЛ, ЖАҢЫ ЖЫЛ

Жан дүйнөмдү өзүңө багындырып,

Жаңы жыл, жүргөн элең сагындырып,

Кучак жайып, өзүңдү тосуп алам,

Кубанычка сезимди чагылдырып.

 

Жаңы жыл, келчи,

Көңүлүң бөлчү.

Сагынып калдым,

Колуңду берчи.

 

Илебиң ысык,

Кубанып турам,

Жүрөгүм ысып.

 

Жаңы жыл, калың жааган карды бергин,

Жана да кырман толо данды бергин.

Туташ жаткан Ала-Тоо аймагына,

Туягына сан жеткис малды бергин.

 

Кубантып элди,

Жаңы жыл келди.

Белендеп келген,

Белегин берди.

Жообум мындай,

Жакшы иштеп берем,

Жалкоолук кылбай.

 

Жаңы жыл бейкуттуктун жылы болсун,

Элиме бак-таалайдын нуру консун.

Көп улуттуу Ала-Тоо аймагына,

Достуктун, ынтымактын ыры толсун.

 

Жаңы жыл келди,

Ырдайлы достор.

Бир жерден жылбай,

Турбайлы, достор.

 

Бийлейли достор,

Чарчоону бүгүн,

Билбейли достор!

30.11.2008

КЕЧ КҮЗ

 

Күн мурунтан чамынып,

Койгонсуп кышка камынып.

Ала-Тоо жатат менсине,

Апакай тонун жамынып.

 

Асмандын бетин боз чалып,

Айдалчу жазда кош калып.

 

Аңгырайт азыр көркү жок,

Айдоонун бети бош калып.

 

Жайдагы жашыл түрү жок,

Жалбырактын бири жок.

Тартылып азыр тоо суусу,

Тамырды жулар сүрү жок.

 

Бута болуп балдарга,

Бутактарда, талдарда,

Ордун ээлеп булбулдун,

Отурат азыр коң карга.

 

Күн төбөдөн ыраактап,

Күзгү жамгыр турат жаап.

Болпоюп аппак кыш келет,

Босогону бир аттап.

 

 

КОМУЗЧУЛАР

Коңгуроо үн комузун алып колго,

Колдору көзгө илинбей салып жорго.

Чериң бир жазылчу эле, атаң көрү

Чертип турса күүлөрдү Карамолдо.

 

Өз энчисин элине берип кеткен,

Уктуң беле, Ыбырай терип черткен.

«Боз салкын», «Жыргал күндү» эшиткенде,

Боюң жибип, жан дүйнөң эрип кеткен.

 

Жеңдерин каруусуна түрүп коюп,

Шекербектин черткенин көрдүң беле?

«Жүрөк толкуйт», «Ак тамак, көк тамакты»,

Укканда кетчү эле го көлкүп дене.

 

Коңур добуш буроого бурап алып,

Кең көөдөн комузунун жаагын айрып,

Асылбектей черткенди көрө элекмин,

Айтылуу күү—Токомдун «Тогуз кайрык».

 

Кол тийелекте өзүнчө күүгө келген,

Комуз барбы Болуштун комузундай.

«Саринжи-Бөкөй» күүсүн черткен барбы,

Сабалап Маадазимдин Болушундай.

 

Тарых баткан дастан күү «Кыргыз көчүн»,

Таасындап ким черте алат Асанбектей.

Айрым бир комузчулар кайрып жүрөт,

Анткен менен баары бир аган жетпейт.

 

 

Күүлөрүн укканыңда жанды эриткен,

Комузду Самарбүдөй барбы черткен?

Азырынча андай кыз көрө элекмин,

Аны тарткан сиңдиси кайда кеткен?

 

КӨППӨГҮН ДА, ЧӨКПӨГҮН

 

Төбөсү көккө бийиктеп,

Бирде жигит төө минет.

Таманы менен жер таптап,

Бирде жигит жөө жүрөт.

 

Төөгө минип калганда,

Жөөгө салам берип жүр.

Калганыңда жөө жүрүп,

Көкүрөктү керип жүр.

 

Төөдөн кетсең куланып,

Жөлөбөйт сени төө минген.

Кучагын жайып ошондо,

Жөлөп калат жөө жүргөн.

 

Төөгө минер кез келет,

Жөө жүрдүм деп чөкпөгүн.

Шыпырылып түшөсүң,

Төө миндим деп көппөгүн!

 

КУРАН ОКУП ЖҮРҮШСҮН

 

Дарыгер оорулууга кеңеш берди:

–Жүрөгүң көтөрө албайт бийик жерди.

Андыктан тоодон ылдый түзгө түшкүн,

Элиң таштап, эл кылып бөтөн элди.

 

–Кыйналсам өзүм эле кыйналайын,

Бөөдө эле үй-бүлөмдү кыйнабайын.

Тагдырыма жазылса кыска өмүр,

Көнбөскө чара жок да не кылайын?

 

Кокус көзүм жумулуп кеткен болсо,

Койгула бөксөдөгү көрүстөнгө.

Эл жүрсүн арбагыма куран окуп,

Эң болбосо мүрзөмдү көрүшкөндө.

 

Бул сөздү билген билет…билбегендер

Кеп кылды жанын бакпайт дешип туш-туш.

«Башканы таштасам да бул өмүрдө,

Элимди таштай албайм» дегени укмуш!

 

КУРМАНГАЗЫ

Казактын эки кылдуу домбурасы,

Алганда аны колго Курмангазы,

Ажайып укмуш күүлөр жаралыптыр,

Неге тең ал күүлөрдүн турган баасы?

 

Куракем көп күүлөрдү черткен экен,

Жел аргы алып жүрүп кеткен экен.

Кечиктирип, эңсетип, зарыктырбай,

Кең казак эл-журтуна жеткен экен.

 

Калтырган анын бизге ар бир күүсү.

Казактын тарыхынын үзүндүсү.

Кадимкидей көрүнөт кайрыктардан,

Качанкы өткөн турмуш, казак жүзү.

 

Домбура эл мүдөөсүн ырдап берген,

Досу ким, душманы ким, ылгап берген.

Кара өзгөй, залимдикти бетке айтып,

Калкынын кайгысына ыйлап берген.

 

Ажырап азат турмуш жыргалынан,

Чыгалбай залимдердин тырмагынан.

Добушун угам элдин ошондогу,

Домбура күүлөрүнүн ыргагынан.

Аягыңды кишенге жараладың,

Араа менен чынжырын араладың.

Биримдикке чакырган «Ксен ашкан»,

Билемин ара жолдо жаралганын.

 

Чертилсе домбурада «Кайран энем»,

Кайраттуу Алка[1] апанын жүзүн көрөм.

Бүтүндөй эне көркүн ачып берген,

Бул күүнү «Эне гимни» дээр элем.

 

Көмүлтүп калың элди баскан кайгы,

Көрүп турам укканда «Кишкентайды».

Эл журтун үндөп чыккан азаттыкка,

Эр жүрөк казак жигит Исатайды.

 

Байкалат берешендик, кең пейилдик,

«Балкаймакты» жакшылап угуп турса.

Кара суу балкаймактай даамданат,

Казак кызы ийилип сунуп турса.

 

Эмири Бухаранын мыкаачы ашкан,

Эмгекчи элди апаатка учураткан.

 

Эки көздөн сызылып жашың тамат,

Эки кылда сүйлөсө «Көбүк шашкан».

 

Жараткан эки кылда Курмангазы,

Неге тең жалгыз гана Сары аркасы»?

Билемин мага эч ким күнөө койбойт,

Атасам мен бул күүнү «Казак маршы».

 

Күүлөрүң көп бардыгын санабаймын,

Аларды мен угуудан тажабаймын.

Кошулуп домбуранын добушуна,

Комузда чертип черден тарабаймын.

«КҮНӨӨМ» БАР БИР ГАНА

Жарыктык атам Абдыш молдо болгон,

Жабылбай Куран китеп колдо болгон.

«Жакшы жүр, жамандыкка барбагын» деп,

Жашымдан ыймандуулук жолго койгон.

 

Көз артып, кол сунбадым башкалардын,

Көзү жырык жараксыз ийнесине.

Сүзүп келем таза ыйман кайыгында,

Сүңгүп кирип сулуулук дүйнөсүнө.

 

Жан дүйнөм–жакшы ырлар, жакшы обон,

Жан дүйнөм—Орозовдун «Насыйкаты».

Жан дүйнөм—жаратылыш кооздугу,

Жан дүйнөм жана турмуш акыйкаты.

 

Түз жүрүп шариаттын жолу менен,

Түк дагы кабылбадым айыптарга.

«Күнөөм» бар, атам айтып кетпептир да,

Көз салам чырайы бар зайыптарга.

 

 

КҮНӨӨМ ЭМНЕ?

Бала болуп башына жүн чыкканы,

Башка аялга көзү түшүп көрбөдү.

Анан дагы андагы бир касиет,

Адил жүрүп, калпты айтып көнбөдү.

Болмушунда—кырк жыл өткөн өмүрдө,

Болгон эмес жалган учкан «өрдөгү».

 

Аялына айтып келди бир жолу:

–Болуп келдим бир келиндин койнунда.

–Эмне дейсиң? Кутургандан соосуңбу?

Э, койсоңчу, бул айтканың ойнуң да?

Эри анда: –Күнөө экенин билбепмин,

Эми ошону көңүлгө албай койгун да.

 

–Анда барып, кирип алгын үстүнө!—

Аялы алды эрин катуу жемеге—

Өткөргөнүн башка аялдын койнунда,

Өлүп кеткир, күнөө эмес дейт, дегеле!

Анда эри жооп айтты кебелбей:

–Ачууңду келтирбегин жөн эле.

Күнөөм эмне, кылганымбы жакшылык,

Күйөөсү жок бир бечара немеге.

 

Эт оорутуп камчы менен чаппадым,

Мылтык алып, ок чыгарып атпадым.

Байкуш келин өзү сурап турган соң,

Бар болгону эркектигим актадым.

 

Калпты айтуу шариатта чоң күнөө,

Калп айталбайм аны жакшы билесиң.

«Кирип алгын үйүнө» деп уруштуң,

Кандай акмак таштап кетет бүлөсүн?

Башка аялга теңебеймин өзүңдү,

Балдарымдын энесисиң бир өзүң.

 

…Эмнегедир калды аялы басылып,

Эми элеки эрин жаткан коркутуп.

Эмне дээрин биле албастан унчукпай,

Эси эңгиреп, жары калды олтуруп.

Эмнеликтен кубанычпы, ызабы,

Эки көзүн мөлт-мөлт жашка толтуруп.

КЫЗДАР ДЕГЕН ЖАКШЫ ЭКЕН

 

Элжиреткен мээрими,

Эң сонун тура кыз деген.

Кыздын назик жүрөгү,

Кыйнала калсак тыз деген.

 

Элес албай аларды,

Эрдемсийбиз биз деген.

Карды ачкан эркектер,

Карындашын издеген.

 

Аялым төрөп үч уул,

Кыздан Кудай айтпады.

«Казакбай, сенин күнөөң» деп,

Кайра мени айыптады.

 

«Кийинкиси кыз болор»--

Десем ага жакпады.

Бала жатчу уясын,

Таптакыр «жаап» таштады.

 

 

Колоңдойбуз төрт эркек,

Аялдан жалгыз апабыз.

Жоорун улам жаңыртып,

Жонунан түшпөй жатабыз.

 

Тамак-ашты базардан,

Ташып жаткан апабыз.

Аш-оокатты казанга,

Асып жаткан апабыз.

 

Баарыбызды бапестеп,

Багып жаткан апабыз.

Топчуларды үзүлгөн,

Тагып жаткан апабыз.

 

Үстүбүзгө кийимди,

Алып берген апабыз.

Төшөгүбүз жатарда,

Салып берген апабыз.

 

Шымаланып үй ичин,

Сүрүп жаткан апабыз,

Кийимдерди сөгүлгөн,

Бүрүп жаткан апабыз…

 

Аялыма шыбырайм:

–Алсаң боло кыз төрөп.

Аңтарылтып көздөрүн,

Анда аялым өпкөлөп:

 

–Болмок беле сенден кыз,

Дагы эркек төрөрмүн.

Беш эркекти багам деп,

Көргүлүктү көрөрмүн.

 

Кол-кабыш кылып тирликте,

Болбогула эринчээк.

Андан көрө балаңа,

Алгын дегин келинчек…

 

Улуу балам үйлөнүп,

Кийирди үйгө келинди.

Түгөнбөс үйдүн түйшүгү,

Эки аялга бөлүндү.

 

Кайнене окшоп келин да,

Төрөдү эркек баланы.

Тукумунан Абдыштын,

Кыз төрөлбөй калабы?

 

 

А бирок куру сестенбей,

Кудайымдан сурайын.

Адамды үмүт жашатат,

Үмүтүм үзбөй турайын…

 

Эки кыз удаа төрөдү,

Эрдик кылып келин ай!

Биринин аты Зубейда,

Биринин аты Бегимай.

 

Эң кичүү келин Аселим

Эки кыз төрөп берди деп,

Элиме кылам жарыя.

Биринин аты Бермет да,

Биринин аты Дария.

КЫРГЫЗ ЖУРТУМ, КАЗАК КАЛКЫМ

Абалтан ирегелеш казак, кыргыз,

Асманда кошоктошуп жанган жылдыз.

Түк дагы өңүбүздө айрыма жок,

Түбүндө бир атанын балдарыбыз.

Казактар мекендесе талаа жерин,

Кыргыздар тоодо жашап калганыбыз.

 

Жараткан көп өнөрдү берди мага,

Жакындап ийгиликтер келди мага.

Комузум, казактардын домбурасы,

Кол үзбөс шериктештер болду мага.

Күү чертип комузума үч кыл таккан,

Күү тарттым эки ичек домбурага.

 

Жараткан Карамолдо, Ыбырайды,

Жашасын өмүр улап кыргыз калкым.

Калтырган Курмангазы, Таттимбетти,

Калың журтум жашасын казак калкым.

Жаппастан чек арасын тосмо коюп,

Жашашсын бир туугандык жасап салтын.

Кагылам, кыргыз журтум, казак калкым!

 

КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ

Бүктөгүн кашабаңдын белин кайрып,

Бүркүтсүңөр кыргыздын жигиттери.

Түн түшүп, эл башына мүшкүл келсе,

Түркүксүңөр кыргыздын жигиттери.

 

Туягынан таш ыргып чыркыраган,

Тулпарсыңар кыргыздын жигиттери.

 

Шуулдап канатынан жел ышкырган,

Шумкарсыңар кыргыздын жигиттери.

 

Туурунда талпынган табы жетип,

Туйгунсуңар кыргыздын жигиттери.

Куйручуктай сөздөрдү чукуп тапкан,

Куудулсуңар кыргыздын жигиттери.

 

Ар бириңдин оозуңдан ыр төгүлгөн,

Акынсыңар кыргыздын жигиттери.

Багынып баш ийбеген ажал-отко,

Баатырсыңар кыргыздын жигиттери.

 

Шатыра-шатман күлкү жүзүң жарык,

Шайырсыңар кыргыздын жигиттери.

Кыргыздын эл-жери үчүн жан кыюуга,

Дайынсыңар кыргыздын жигиттери!

 

КЫРГЫЗ ЭНЕМ

 

Жалгыз мени калтырып бул дүйнөгө,

Жаш бойдон көз жумуптур кыргыз энем.

«Жакшы эле» деп билгендер мактап калат,

Жаркылдап ачык кабак, пейли кенен.

 

«Садагаң-секет кетпей эмне жүрөм?»–

Мага ушинтип жалына берген экен.

Ошол үнү Кудайга жетсе керек,

Отузга жетип-жетпей өлгөн экен.

 

Энеси балдарына жалынганда,

Эбак өлгөн энемди эстей берем.

«Анчалык жалынбачы аларга» деп,

Астыртан аялымды тескей берем.

 

Орто жаш артта калды, антсе дагы

Өз эненин мээримин билбей келем.

Апамдын алпештеген жалгыз сөзүн,

Аялымдан табалбай издей берем.

 

МЕКЕНИМКЫРГЫЗСТАН

 

Мекеним–кырка тоолуу Кыргызстан,

Чокуларын түбөлүк мөңгү баскан.

Мөлт-мөлт эте тамчылап мөңгүлөрдөн,

Мөлтүр суулар өзөндө өргүп аккан.

 

Мекеним–ачык асман Кыргызстан,

Бейкуттукта каалгып бүркүт учкан.

 

Түркүн куш: кекилик, чил, кыргоолдору…

Дүркүрөп жакындасаң үркүп учкан.

 

 

Мекеним–мал киндиктүү Кыргызстан,

Төрт түлүгү жайлоолоп төргө чыккан.

Колунан не бир буюм жаралууда,

Керемет уздар чыгып келин-кыздан.

 

Мекеним–байлыгы мол Кыргызстан,

Эгини, жер-жемиштин баары бышкан.

Ала-Тоонун жер астын чалгындасак,

Алтын, күмүш…башкасы дагы чыккан.

 

Мекеним–жери кооз Кыргызстан,

Ысык-Көл, Соң-Көлдөрү…чалкып жаткан.

Чер токой, сулуу төрлөр, капчыгайлар,

Четтен келген конокту таңыркаткан.

 

Мекеним–күнөстүү жай Кыргызстан,

Эс алышат түркүн эл келип тыштан.

Эркелетип тоо жели, көл толкуну,

Беш бармак, бал кымыздан даам сызган.

 

Мекеним—эли нарктуу Кыргызстан,

Меймандос, мээримдүүлүк ыйман туткан.

Жалтанбай намыс үчүн төрөлүшкөн,

Жаштары мелдештерде мөөрөй уткан.

МУХАММЕД БАЙГАМБАРЫМ

Башынан ата-энеси жерге кетип,

Бала кезден Мухаммед жетим өскөн.

Өжөрлөнө күрөшүп тагдыр менен,

Өз киндигин өзү эле кесип өскөн.

Алла Таала асмандан назар салып,

Акыл-эси тезинен жетик өскөн.

Куюн жүргөн кургакта кербен баштап,

Куйкалаган кум-чөлдү кечип өскөн.

 

Бүтүн элди ыйманга чакырам деп,

Бүт өмүрүн күрөштө кыйнап өткөн.

Жаш, сулуу аялзатын көрүп калса,

Жалындап жүрөк эти туйлап өткөн.

Бактысына жазылбай эмнегедир,

Баласы жок эркектен, ыйлап өткөн.

Баары бир башын сылап эркелетип,

Байгамбар аялзатын сыйлап өткөн.

 

Аялдан он үчтү алган Байгамбарым,

Ал сүйгөн Айша аттуу алган жарын.

Антсе дагы анысын эч билгизбей,

Алып жүргөн таарынтпай калгандарын.

Аялдары төрөбөй эркек бала,

Ал жашырып ичине армандарын.

Аялзатын ардактап көзү өткөн,

Алтымыш үч жашында Байгамбарым.

 

 

НЕБЕРЕ

 

Айланайын небере,

Акылың тетик дегеле.

Атакелеп сен турсаң,

Арзый түшөм жөн эле.

 

Кагылайын небере,

Кабагың жарык дегеле.

Күлүп койсоң жаркылдап,

Күч-кубат берет денеме.

 

Секетиң болом небере,

Сезимталсың дегеле,

Сапарда алыс жүргөндө,

Сагынганым сен эле.

 

Курманың болом небере,

Кудуңдайсың дегеле.

Кусадар болуп турганда,

Кубантарым сен эле.

 

Ардагы болуп жүрө бер,

Атаң менен энеңе.

Ээрчий келсин артыңдан,

Экинчи дагы небере.

О, АЯЛДАР!

О, аялдар!

Көңүл бөлүп, кепке кулак түргүлө,

Бул турмуштун жыргалын да билгиле.

Кызыл-тазыл кымкап көйнөк кийгиле.

Колуңарга алтын шакек тагынып,

Кулагыңа акак сөйкө илгиле.

 

О, аялдар!

Калган кезде биз жүз жашка жакындап,

Кадыр-барктуу көргө көөмп салгыла.

Андан кийин жесир болуп калгыла.

Анча тартпай жалгыздыктын азабын,

Артыбыздан кошо ээрчий баргыла.

 

О, аялдар!

Ага чейин аман-эсен жүргүлө,

Анан дагы аман болсун үй-бүлө.

Акыйлашпай эриңерди сүйгүлө.

Ошондо да ырдап жаткан акынды,

Оюңарга кошо ала жүргүлө.

 

О, АЯЛЗАТ!

 

О, аялзат, токтоп турчу мүнөткө,

Оңдонуп тур, тартып алам сүрөткө.

Ортобузга сезим берген табият,

Ойдон чыкпай, жүрө бергин жүрөктө.

 

Ой бөлүшчү, кулак түрүп тыңдайын.

Ой-кыялды башка жакка бурбайын.

Обон кошуп, өзүңө арнап ыр жазып,

Оболото комуз менен ырдайын.

 

Айымдарга арнап жазган ырларым,

Айтып берет анын ички сырларын.

Аялзаттан алып турган ырахат,

Алмаштырбайт башка турмуш жыргалын.

Жакшылыкта, жамандыкта күйгөн сен,

Жалындатып кумар отун үйгөн сен.

Жан-дүйнөмө кубат берген, күч берген,

Жашоодогу көзгө басар дүйнөм сен!

О, ЖИГИТТЕР!

О, жигиттер, кең бололу,

Оорулууга эм бололу.

Эгер түшсө кыйынчылык,

Элибизге бел бололу.

 

Жармачтарга дем бололу,

Жан сергиткен жел бололу.

Калкын жоодон сактап келген,

Кан Манастай эр бололу.

 

Түсү алтын кен бололу,

Түшүм берген жер бололу.

Бардык жактан өнүп-өскөн,

Башка элге тең бололу.

 

Арстандай шер бололу,

Алган жарга тең бололу.

Тоготпогон тоскоолдукту,

Тоодон түшкөн сел бололу.

 

Көлкүп жаткан көл бололу,

Көбүктөнбөй мөл бололу.

Көңүлдү ачкан басканыңда,

Көгүш-жашаң төр бололу.

 

Үй-бүлөгө кол бололу,

Үшүгөнгө тон бололу.

Бөтөндөргө кешик арткан,

Бөксө болбой мол бололу.

 

Кедеңдебей чоң бололу,

Кежирленбей оң бололу.

Багыт берген адашканга,

Баса турган жол бололу.

 

Жарык чачкан таң бололу,

Жабык жүрбөй шар бололу.

Опол тоодой бийик турган,

О, жигиттер, бар бололу!

 

ӨЗҮМЧҮЛДӨРГӨ

Эгерим тик карабай чоңдун көзүн,

Эшикке жылып чыгып арты менен.

Ошол да бир тирилик көрүп жатыр,

Опоңой олжо кылган «даңкы» менен.

 

«Азамат» атка конот дагы бирөө,

Анткени андайлардын алкы кенен.

Акырын эл байлыгын кемирип жеп,

Ал жашайт «алыш-бериш» салты менен.

 

Бирөө бар акылы пас, билими чак,

Бүтүндү чаташтырып жарты менен.

Баары бир кур кыйкырып эл башкарат,

Баркы бар байкесинин арты менен.

 

Жамандап дагы бирөө башкаларды,

Жагынат чоңдоруна калпы менен.

Керт башы аман турса болгону да,

Кенедей иши болбойт жалпы менен.

 

Жамандык-жакшылыкта алыстабай,

Жакшы адам бирге болот калкы менен.

Иликтеп ал-жагдайды таразага,

Иш кылат эл-журтунун шарты менен.

ӨКҮНҮЧ

 

Те бир кезде тартуулагам жалпыга,

Ырларымдын бирин-серин тамчысын.

Мен тууралуу жылуу сөздөр айтыла—

Элим күткөн талантымдын артышын.

 

Көр тирликтин тузагына байланып,

Өтүп кетти өмүрүмдүн жартысы.

Курсак тойсо көңүл ага жайланып,

Ыр жазылбай, элге болдум калпычы.

 

Улам күчөп, чып-чып этип жонума,

Сүрөө берет намысымдын камчысы.

Киришейин калем алып колума,

Тек кетпесин өмүрүмдүн аркысы.

САГЫНДЫМ

 

Чүкө атып, чикит чаап, чакан ойноп,

Сагындым бала чагым өткөн жерди.

Арпа-Тектир кырынан ай көрүнүп,

Сагындым айыл кызын өпкөн жерди.

 

Туптунук мөлтүрөгөн тоо суусунан,

Сагындым жата калып жутканымды.

Ок-Жетпестин бетинен отун алып,

Сагындым улар үнүн укканымды.

 

Ак чөлмөктү ыргытып, издеп таппай,

Сагындым ай шоолалуу айыл түнүн.

Кубалашып кур таштоо оюнунда,

Сагындым кыз-келиндин шайыр үнүн.

 

Балдар болуп жумуштан качып барып,

Сагындым тоо суусуна түшкөнүмдү.

Мөңгүдөн агып келген муздак сууга,

Сагындым чабак уруп сүзгөнүмдү.

 

Окууну улантмакка Фрунзеге,

Эстеп келем айылдан кеткенимди.

Он жыл окуп, талыкпай билим алган,

Сагындым Көк-Арыктай мектебимди.

 

Бул кезде карылыкка кадам койгон,

Сагындым Кесексары, Сакимбайды.

Айылымдын элине каалоо-тилек,

Баарыбыз токсон, жүзгө жакындайлы.

 

САЙРАГА

Жаш кезиңден баш коштуңар,

Бири-бириң жактырып.

Күндөр өттү ынтымактуу,

Күлүп-ойноп каткырып.

 

Үстү-үстүнө удаалатып,

Үчтү тууп таштадың.

Кийинчерээк күйөөңө,

Кырың сала баштадың.

 

Ырас, анын түнттүгү бар,

Бир сөз чыкпай оозунан.

Анткен менен жакшы жери,

Ар иш келчү колунан.

 

Итаяктан айрымасыз,

Идиштериң жуулбай.

Төрдө жатты баш-аламан,

Төшөктөрүң жыйылбай.

 

Убагында чайкалбастан,

Додо болду кирлериң.

Күйөөңдүн күңкүл сөзүн,

Кулагыңа илбедиң.

 

Буусу чыгып буркулдаган,

Ысык тамак бербедиң.

Ууртай коюп ичимдиктен,

Ушакташмай эрмегиң.

 

Сырың билген жек-жааттар,

Калды такыр каттабай.

Жолдош-жоро алыстады,

Босогоңду аттабай.

 

Өз боюңдан оолактаттың,

Сыйлай албай эриңди.

Акырында таап алды,

Алыстан бир келинди.

 

Жашап жатат ушул күндө,

Ал экөө татына.

Жаман-жакшы сөз айтышпайт,

Бири-биринин атына.

 

Качан болсо дасторконго,

Койот түркүн тамагын.

Кез-кезинде өзү сунат,

Бир стакан арагын.

 

Ар аптада алмаштырат,

Шейшептердин жаңысын.

Анан жакшы билет экен,

Төшөктүн да маңызын.

 

Накыл кеп бар: «Жакшы катын,

Жаман эрди эр кылат.

Жаман катын тили сайрап,

Жакшы эрди жер кылат».

САРЫ-ӨЗӨН ЧҮЙ

 

Кылымдап чокуларын мөңгү баскан,

Кыргыздын кыркалекей тоосу жактан,

Сагынтып Сары-Өзөндүн кең талаасын,

Салаалап сай-коктудан суулар аккан.

 

Оокаты өтпөй, элинен азып качкан,

Орошон Сары-Өзөндөн бакыт тапкан.

Тиричилик кылгандын жайын билбес,

Тилемчи да кол сунуп жанын бакан.

 

Арча, кайың, карагай… өсүп-өнгөн,

Аркырап тоонун суусу шашып өрдөн.

Ала-Арча, Аламүдүн, Кегетисин,

Аралап көңүл ачып басып көргөм.

 

Жабылуу таланттардын көзүн жарган,

Жаштарга илим-билим жолун салган.

Кыргызстан борбору Бишкек шаары,

Кең Чүйдүн ортосунан орун алган.

 

Келген элем окууга Талас жактан,

Кең Чүйдөн келечектүү убай тапкам.

Бишкектен инженерлик кесип алып,

Билимдүү—көлдүн кызы, жубай тапкам.

 

Балдарым Чүй жеринде төрөлүштү,

Бактылуу балалыкка бөлөнүштү.

Бардыгы тең жогорку билим алып,

Барк-нарктуу өсүп-өнүп көгөрүштү.

 

Ата-энеси Чоң-Кемин деген жерден,

А кийин Чүй жерине көчүп келген.

Алдык биз тун келинди—Кенжеканды,

Аныбыз үч небере төрөп берген.

 

Ак көңүл, ачык колдуу үйдүн куту,

Акак таштай туптунук ичи-тышы.

Алганы кенже уулумдун—Сардарымдын,

Асел да Кең-Булуңдук Чүйдүн кызы.

СӨӨГҮҢДӨН БӨЛҮШКҮН

 

Адам менен айбандардын айрымасын карасак,

Айбан иттер ыркырашып, сөөктөрдү талашат.

Күркүрөгөн күр дөбөттөр ээлеп алып баарысын,

Күчсүз иттер четке чыгып, үлүрөйө карашат.

 

Адамдар да байлык десе жакалашат, урушат,

Алдым-жуттум «күр дөбөттөр» байлыктарга тунушат.

Колдорунда бийлиги жок, жармач калган башкасы,

Колун сунуп, көчөлөрдө кайыр сурап турушат.

 

Алкымыңдан май кылгырып, болушунча жеп-ичтиң,

Ай «Күр дөбөт!», тоюп бүттүң, сөөгүңдөн бөлүшкүн.

Алсыз «иттер» кынжыйышат, сенин көзүң карашып,

Ачка калбай, алар деле өз күндөрүн көрүшсүн!

Жыл

СУЛУУЛАР КИМДЕР ҮЧҮН ЖАРАЛЫШКАН?

 

Биз кимбиз жаманбызбы, жакшыбызбы,

Билимдүү же бир жүргөн бакшыбызбы?

Баарыбыз бала кезден үмүт кылып,

Байлайбыз сулууларга бактыбызды

 

Сулуу аз жетет алар кимибизге,

Жар болот бактыбыз бар бирибизге.

Калгандар буйруганды үйгө кийрип,

Сулуулар жашап калат дилибизде.

 

Сулууга кимдер даап баралышкан,

Сулуулар кимдер үчүн жаралышкан?

Суусатып, бирок суусун кандырбаган,

Сулуулар миңдер үчүн жаралышкан!

СУЛУУЛУК КАСИЕТИ

(аялыма)

Каректерим сулууларга урунса,

Кабак бүркөп, бузулат да ырайың.

Кантип эле күнөө болсун койсоңчу,

Карап коюу сулуу аял чырайын.

 

Көп эркектин сага түшөт көздөрү,

Көчө менен биз басканда жанаша.

Менин ага такыр ичим ачышпайт,

Мейли эмне экен, карай берсин караса.

 

Чай көрүнгөн тунук аппак тамактан,

Сулуулукту суктансын деп жараткан.

Касиети сулуулуктун ушунда,

Карабайын десең дагы караткан.

 

 

ТАМАРА

(медсестра)

Билбеймин өмүр баянын,

Билбеймин ата-энесин.

Бир-эки сап ыр жаздым,

Бир көрүп туруп элесин.

 

Өзгөгө теңеп карасак,

Өмүрү кымбат адамдын.

Ажалдын колун кишендейт,

Дарыгери замандын.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2016-04-07; просмотров: 282; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 3.146.152.99 (0.777 с.)